Блог: Кечир Али, дилиң ак эле...
Жаман кабарды уккандан бери абдан капамын, ой басып, жүрөгүм ооруп турат. Аны сөз менен жеткирүү кыйын...

Али мыкты адам эле. Билим дегенде ичкен ашын жерге коюп, бейиштин төрүндөй болгон өлкөбүгө чоң пайда алып келип, жаш муунга тарбия берүүгө салым кошуп жаткан баатыр эле.
Али менен "Ала-Тоо Ата Түрк" университетинде эки башка учурда окудук. Али менден улуу болгонуна карабай ар дайым досумдай болуп кеп кеңешин берип турчу. Жумушунда дасыккан менеджер, кишилер менен туура коммуникация түзө алган, адамгерчилик сапаты мыкты, тайманбаган көк бет адам катары таанычумун.
Али Кыргызстанга өтө жаш кезинде, тагыраагы 17 жашында билимдин булагынан суу ичүү үчүн тээ алыскы Нигериядан ат арытып, сапар карытып келип, өлкөбүздөгү эң мыкты "Ала-Тоо Ата Түрк" университетине тапшырган. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин, Кыргызстанда жашап, 24 жашында борбордогу англис тилин үйрөтүүчү мектепти түптөгөн эле.
Алини залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасындагы Дүйшөнгө окшоштурар элем. Себеби Али башка ишкерлериндей болуп кафе, ресторан ачып, элдерди насыянын сазына чөктүрбөй, тескерисинче ошол сазга чөгүп бараткан адамдарды туңгуюктан чыгаруу үчүн билим берүүгө инвестиция салып, тил үйрөтүү мектебин ачкан. Балдарга тил үйрөтүп, алардын дүйнөлүк мыкты ЖОЖдорго өтүүсүнө жолун ачкан, коомдогу көптүн көзүнө көрүнө бербеген тоодой иш кылган кичинекей адам сыяктуу эле.
Экономикалык жактан дүркүрөп өнүгүп жаткан өлкөлөрдө, мисалы, Түштүк Корея, Сингапур, Тайвань, Жапония, Финляндия жана АКШда билим берүүгө, агартуучуларга өлкө жана коомчулук тарабынан жакшы мамиле көрсөтүлөт. Ушундай мамиле аларга чоң шыктанууну жаратат. Ошондон улам өнүгүү болуп жатат деп ойлойм. Адамдын өң-түсүнө эмес, билимине, коомдогу кылып жаткан ишине карап баалоону үйрөнүшүбүз керек.
Кыргыз "өлгөн адамдын аркасынан жаман сөз айтпайт" дейт. "Инсан" деген сөз, өзү ката кетирүүчү деген маанини билдирет экен. Али деле идеалдуу адам эмес эле анын дагы мүнөзү курч болчу. Ал эч нерседен тайманбаган, башында айткандай көк бет адам эле. Алини коргоодон деле алысмын. Биз баардыгын объективдүү карашыбыз керек. Ошол кол салган жигит дагы ушул коомдун туундусу. Ушундай сабырсыз коомду өзүбүз жаратып жатабыз.
Мына өзүмдүн башымдан өттү, Кыргызстандагы ЖОЖдордун баарын кыдырдым, жаштар менен баарлашып, саресеп салдым. Ошондо көпчүлүк жаштар китеп окубай турганына көзум жетти. Жаш муундун көпчүлүгүнүн башы телефондон чыкпайт.
Көчөдөн сурамжылоо кылыңызчы, "Жусуп Абдрахманов ким болгон?" деген суроо узатып көргүлө. Көпчүлүктүн жообу "билбейм", "артист", "сүрөтчү" деп айтылса, таң калбайт элем. Сыныбыз эле көп, бирок менин сунушум бар, андан көрө китеп окугула. Ошондо келечекке болгон жаңыча кадамдар жасалат, жаңыча ойлонгон түтүмдүү коом пайда болот. Окууга, окуткан мугалимге сый-урмат пайда болот. Ушундай арман менен сөз соңунда айтарым, сага татыктуу замандаш, татыктуу дос боло албадым! Кош бол Али...
Жаткан жериң жайлуу топурагың торколуу болсун!
Замир Айылчиев, жаш ишкер
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.
































