You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Чикагодогу массалык ок атуу: Полиция шектүүнү кармады
4-июлда Чикагонун четинде жайгашкан Хайленд-паркта Эгемендүүлүк күнүнө арналган парад учурунда ок атылып, алты адам көз жумду. 30дан ашууну ар кандай жаракат алганын жергиликтүү бийлик билдирди. Кылмыш болгон жерден мылтык табылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ок чатырдан атылган. Полиция кабарлагандай, ок чыгарган киши тепкичтен туристтик дүкөндүн чатырына чыгып, адамдарга ок чыгара баштаган.
Шектүү чабуул жасаган жеринен из жашырып кеткенге үлгүргөн. Хайленд-парк полициясынын башчысы Крис О'Нил күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып, шектүү ак же көк түстөгү футболкачан ак жуумал эркек деп кабарлаган.
Бир канча убакыттан кийин полиция ок атууга шектүү адамды аныктады: бул 22 жаштагы Роберт И. Кримо III. Көп өтпөй ал колго түшкөн.
CNN телеканалы кабарлагандай, полиция кызматкерлеринин бири Кримонун унаа айдап баратканын көрүп калып, аны токтотууга аракет кылган. Бирок шектүү анын талабына баш ийген эмес, ал эми полиция аны кууп жетип, камакка алды.
Полиция кылмышкер өзү болгон деп эсептейт. Күч органдары ал мылтыкты таштаганына карабастан дагы эле куралчан жана кооптуу экенин айткан. Кол салуунун мүмкүн болгон себептери азырынча айтыла элек.
“Ал кайрадан ок чыгара баштады”
Эгемендүүлүк күнүнө арналган парад башталгандан 10 мүнөт өткөндөн кийин бир нече ок атылган жана иш-чара токтотулган. "Мен биринин артынан бири кеткен 20дан 25ке чейин ок атылганын уктум - бул тапанча да, мылтык да болушу мүмкүн", - деди жергиликтүү тургун Майлз Заремски Chicago Sun-Times басылмасына.
"Ал биздин сол тарапта кайрадан ок чыгара баштады, аялдардын бири жыгылды", - деди Майкл аттуу дагы бир күбө WGN телеканалына.
Хайленд-парктын мэри парад токтотулганын жарыялап, чогулгандардан кооптуу аймактан чыгып кетүүнү суранды.
Норт Шор-Хайленд-парк ооруканасынын өкүлү Жим Энтонинин айтымында, жалпысынан 31 адам жарадар болгон.
“Басымдуу көпчүлүгү бизге октон жарадар болуп түштү, калгандары параддагы дүрбөлөң учурунда тепсендиде калып, жаракат алышкан”, - деп белгиледи ал.
"Бул кол салуу биздин тургундарды сестентти жана жана үрөйүн учурду, - деди Хайленд-парктын мэри Нэнси Ротеринг маалымат жыйында. - Биз бул оор учурда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз".
Буга чейин АКШда эки массалык ок атуу учуру катталган. 24-майда Техас штатынын Ювалде шаарындагы башталгыч мектепке куралдуу кол салуудан 19 бала жана эки мугалим набыт болгон. Ал эми 14-майда Буффалодогу супермаркетте 10 адам атып өлтүрүлгөн.
Анда АКШнын президенти Жо Байден америкалыктарга кайрылып, өлкөдөгү куралды эркин жүгүртүүгө жол берген таасирдүү лоббиге каршы турууга чакырган.
“Мен президент болгонумда муну кайрадан башымдан өткөрбөймүн деп үмүттөнгөм. Биз улут катары өзүбүздөн: “Курал лоббисине качан каршылык көрсөтө баштайбыз деп сурайбыз?”. – “Биз бул салгылашка таасир эте албайбыз деп айтпаңыздар”, - деген АКШ президенти. (ЕВ)