АКШдагы ок атуучу курал жети графикте

Published

18 жаштагы америкалык Сальвадор Рамос 24-майда Техас штатынын Ювалд шаарындагы “Робб” башталгыч мектебине куралдуу чабуул жасап, 19 окуучусу жана 2 мугалимди өлтүрдү. Ордуна барган полиция Рамосту атып өлтүргөн, атышуу маалында эки полицей жеңил жарат алды.

Аталган мектепте 7 жаштан 10 жашка чейинки балдар окуйт. CBS News телеканалы булактарына таянып, Рамос мектепке тапанча жана AR-15 жарым автоматтык мылтык менен киргенин кабарлаган.

Техастагы атышуунун шартында АКШнын президенти Жо Байден “курал лоббисине каршылык көрсөтүүгө” чакырды. Биз америкалык куралды колдонуу маданияты жана анын таасири тууралуу эмне билебиз?

Курал сатып алгандар көбөйүүдө

Мындан 50 жыл мурун АКШ президенти Линдон Бейнс Жонсондун администрациясы “ок атуучу курал америкалык кылмыштардын негизги өлүм куралы” жана бул “биздин маданиятыбыздын ок атуучу куралга жана өз алдынча куралданган жарандары делген анын мурасына шалаакы мамиленин натыйжасы” деп билдирген.

Ошол кезде өлкөдө 90 млнго чукул курал-жарак жүгүртүүдө болгон. Бүгүн курал да, өлүмдөр да көбүрөөк.

Ок атуучу куралдан өлгөндөр америкалык турмуштун ажырагыс атрибутуна айланды: курмандыктардын саны 1775-жылы болгон АКШнын эгемендүүлүгү үчүн согуштан бери бардык америкалык кагылышууларда каза тапкан аскерлердин санынан көбүрөөк.

2020-жылы гана ок атып өлтүрүүдөн же өзүн-өзү атып өлтүрүүнүн кесепетинен 45 миңден ашуун америкалык каза тапкан. Бул байкоолордун тарыхындагы эң көп көрсөткүч: бул сан беш жыл мурунку көрсөткүчтөн 25%га, ал эми 2010-жыл менен салыштырганда 43%га көбүрөөк.

АКШда канча курал бар?

Дүйнө боюнча иш жүзүндө жеке колдогу куралдын санын так эсептөөгө кыйын. Анткен менен, белгилүү швейцариялык Small Arms Survey долбоорунун изилдөөлөрү, 2018-жылы жүгүртүүдө 390 млн даана курал-жарак бар деген жыйынтыкка келген.

АКШда 100 кишиге 120,5 курал-жарак туура келет, ал эми 2011-жылы 100 адамга 88 даана курал туура келген - бул көрсөткүчтөр дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бир кыйла жогору.

Жаңы маалыматтар дагы акыркы бир нече жылда куралдарга ээлик кылган америкалыктардын саны далай жогорулаганын көрсөтөт. Февраль айында Annals of Internal Medicine журналында жарыяланган изилдөөлөр көрсөткөндөй, 7,5 млн бойго жеткен америкалыктар - калктын 3%дан азыраагы - алгачкы жолу куралды 2019-жылдын январь айынан 2021-жылдын апрель убакыт аралыгында сатып алган.

Өз кезегинде бул 11 млн адам, анын ичинде жаш бала жашаган 5 млн үйдө ок атуучу куралдардын пайда болуусуна алып келди. Бул мөөнөттө курал сатып алгандардын дээрлик жарымы аялдар, ал эми жаңы ээлердин 40%ы афроамерикалыктар же латын америкалыктар.

2021-жылы Америкалык педиатрия академиясы жарыялаган өзүнчө изилдөөнын жыйынтыктары пандемия маалында оорураак жарат келтирген куралдын саны өскөнүн көрсөткөн. Анда жаш балдар арасында мындай куралдан жабыркагандардын дагы, жарат келтиргендердин дагы саны өскөнү айтылат.

АКШда ок атуучу куралдан өлүмдөр кандай классификацияланат?

АКШнын ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) маалыматы боюнча, 2020-жылы ок атуучу куралдардан ар кандай себептер менен жалпысынан 45 222 киши каза тапты.

Адатта, массалык атуулар жана ок атуучу куралдын колдонуусу менен өлтүрүүлөр жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүң бурат, ошол эле учурда алардын 54%ы - 24 300гө чукул өлүм - бул өзүн-өзү өлтүрүү.

Америкалык коомдук саламаттыкты сактоо журналынын 2016-жылы жарыяланган изилдөөсү, алынган штатта куралга ээлик кылуунун жогорку көрсөткүчү ок атуучу куралдан өзүн-өзү өлтүрүүнүн жогорку көрсөткүчү менен тыгыз байланышта болгонун көрсөткөн. Бул көрсөткүч эркектер жана аялдар үчүн бирдей жогору.

Кошмо Штаттардагы курал-жарактар жөнүндө мыйзамдарды катаалдаштыруунун тарапкерлери бул статистикага шилтеме жасап, мыйзам чыгаруучулардан психикалык ден соолукка көбүрөөк, ал эми курал алып жүрүү шарттарын жумшартууну көздөгөн ресурстарга азыраак каражат бөлүүгө чакырышат.

АКШда ок атуучу курал менен киши өлтүрүү башка өлкөлөр менен кандай салыштырылат?

CDC’нин маалыматына ылайык, 2020-жылкы өлүмдөрдүн 43%ы адам өлтүрүү болгон. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 34%га, ал эми акыркы он жылдыкка салыштырмалуу 75%га жогору.

Статистикага ылайык, ар күнү АКШда ок атуучу куралдан 53кө чукул киши каза болот.

Маалыматтар өлтүрүүлөрдүн 79%ы, ок атуучу курал менен жасалганын көрсөтөт. Бул Канада, Австралия, Англия жана башка өлкөлөр менен салыштырмалуу бир кыйла көп.

Массалык атуулар көбүрөөк өлүмдөргө алып келеби?

Эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган массалык атуулардын курмандыктарын классификациялоо кыйыныраак.

Өлкөдө массалык атуу тууралуу бирдиктүү аныктама болбосо да, Федералдык иликтөөлөр бюросу (ФБР) он жылдан ашуун убакыт бою адамдардын “калктуу конуштарда киши өлтүрүү же ага аракеттенүүгө катышкан” инциденттерди байкап келет.

ФБРдин маалыматы боюнча, 2000-2020-жылдардын аралыгында Кошмо Штаттарда 345 “ок атуу окуялары” катталган, анын кесепетинен 1024 киши каза болуп, 1828и жарадар болгон.

2017-жылы Лас-Вегастагы атууда 50дөн ашуун адам каза таап, 500ү жарадар болгон - бул АКШнын тарыхындагы эң көп өмүрдү алган инцидент. Анткен менен көп учурда массалык атууларда 30дан кем киши өлтүрүлөт.

Курал-жарактарды ким көзөмөлдөйт?

Gallup жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, көп учурда ок атуучу куралдын колдонуусу менен зомбулукка байланыштуу коомчулуктун кыжыры кайнаганына карабастан, 2020-жылы АКШда курал тууралуу мыйзамдарды катаалдаштырууну колдоо 2014-жылдан берки эң төмөн деңгээлге түшкөн.

Сурамжылоого катышкан америкалыктардын 52%ы куралдар жөнүндө мыйзамдардын катаалдаштырууну каалаганын билдиришти, 35% болсо мыйзамдар өзгөртүүсүз калуусу керек деп эсептейт. Катышуучулардын 11%ы мыйзамдарды жеңилдетүү керек деп билдиришти.

Бул маселе партиялык чөйрөдө да пикир келишпестикке алып келет.

Gallup’тын изилдөөсүндө: “Демократтар дээрлик бир добуштан курал жөнүндө мыйзамды катталдаштырууну колдойт”, - деп берилет, алардын 91%ы каттал мыйзамды колдойт.

Башка жагынан, болгону республикалыктардын 24%ы жана көз карандысыз шайлоочулардын 45%ы гана мындай пикир менен макул.

Айрым штаттар чабуул коюучу куралга тыюу салуу же жөнгө салуу боюнча кадамдарга барды. Мыйзамдар штаттан штатка айырмаланат. Мисалы Калифорния, айрым учурлардан сырткары, чабуулчу куралдарды колдонууга тыюу салган.

Айрым көзөмөлдөө чаралары партиялык кызыкчылыктарга карабастан кеңири колдоо табат - мисалы, психикалык ден соолугу начар же бийликтин көзөмөлүндө болгон адамдарга куралдарды сатуу боюнча чектөөлөрдү жөнгө салуу.

Куралдарды көзөмөлгө алууга ким каршы чыгууда?

Жылдаган каржылык көйгөйлөр жана ички талаш-тартыштарга карабастан, Улуттук аткычтар ассоцияациясы (NRA) Кошмо Штаттарындагы эң таасирдүү курал лоббиси бойдон калууда, алардын Конгрессте куралга байланыштуу саясатка таасир этүүгө жетиштүү бюджети бар.

Январда NRA өзүнүн айрым жогорку кызматтагы адамдардын катыштыгы болгон алдамчылык боюнча кылмыш иштин алкагында банкроттук тууралуу билдирме берди. Бирок буга карабастан, ассоциация “Конституциядагы Экинчи түзөтүүгө каршы аракеттерге туруштук берүүгө, ок атуучу куралдын коопсуздугуна жардам берүүгө жана аны колдонууга үйрөтүүнү, мындан сырткары Кошмо Штаттарында коомдук программаларды илгерилетүүнү” убадалады.

АКШ Конституциясына Экинчи түзөтүү 1791-жылдын 15-январында киргизилген. Ага ылайык, жарандар ок атуучу курал-жарактарды сактоого жана алып жүрүүгө укуктуу.

Соңку бир нече шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө NRA жана башка уюмдар, курал жүгүртүү көзөмөлүн күчөтүүгө умтулган атаандаштарына караганда, коомдук пикирге таасир этүү үчүн көбүрөөк каражат сарптаган.

Бир катар штаттарда куралды алып жүрүүгө чектөөлөр алынган. Мисалы, 2021-жылдын июнь айында Техастын губернатору Грег Эбботт штаттын тургундарына ок атуучу куралды лицензиясыз жана окуудан өтпөй туруп жанында алып жүрүүгө жол ачкан мыйзамга кол койгон.

Ошондой эле 12-апрелде Жоржия ок атуучу куралды жашыруун же ачык алып жүрүүгө уруксат берүү кажетин жоюп салган 25 штатка айланды. Мыйзам ошол штаттын ар бир жараны ок атуучу куралды лицензия же уруксаты жок алып жүрүүгө укуктуу деп көрсөтүлгөн.

Мыйзамды NRA колдоп, уюмдун лидерлери анын кабыл алуусун “Экинчи түзөтүү үчүн монументалдуу” деп атады. (EB)