Россия менен АКШ коопсуздук кепилдиктери жөнүндө биринчи сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

АКШнын мамкатчысынын орун басары Уэнди Шерман (слева) жана Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Женевадагы сүйлөшүүлөрдө

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШнын мамкатчысынын орун басары Уэнди Шерман (солдо) жана Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Женевадагы сүйлөшүүлөрдө
Published

Женевада АКШ менен Россиянын ортосунда Москва талап кылып жаткан коопсуздук кепилдиктери жөнүндө биринчи сүйлөшүүлөр болду. Ал жабык өттү. Жыйынтыгында эки тарап сабырдуу билдирүүлөрдү жасады.

 

Россиянын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков менен коргоо министринин орун басары Александр Фомин жетектеп барды. АКШ тарапты мамкатчынын орун басары Уэнди Шерман менен мамкатчынын куралданууга көзөмөл боюнча орун басары Бонни Дженкинс баштап келишти. НАТОнун чыгышка жылуусун токтотуу жөнүндө Москванын талабы жана Украина чек арасында орус аскеринин топтолуп жатканына Батыштын тынчсыздануусу сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы болду.

НАТОнун кеңейбеши жөнүндө

Сергей Рябков: "Биз үчүн бул милдеттүү – Украина НАТОнун мүчөсү болбой турганына биздин көзүбүз жетиши керек, биз муну баса белгилейбиз. Биздин талабыбыз, 2008-жылы Бухаресттеги саммитте кабыл алынган формула Мадриддеги саммиттте  кайра каралып, төмөнкү сөздөр менен алмаштырылышы керек: Украина менен Грузия эч качан Түндүк Атлантика альянсынын мүчөсү боло албайт”.

 

"Биз курулай сөздөрдөн, жарым-жартылай убадалардан тартып, туура эмес чечмелеген, көбүнчө жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөрдө болгон сөздөрдөн тажадык. Биз экинчи тарапка ишенбейбиз. Бизге темирдей, юридикалык мааниге ээ кепилдиктер зарыл. Болгондо да “керек”, “милдеттүү”, эч качан НАТОнун мүчөсү болбойт деген сөздөр менен жазылган кепилдиктер керек. Бул Россиянын улуттук коопсуздугу жөнүндө маселе”.

 

Уэнди Шерман: "Биз башка өлкөгө НАТОнун эшигин жаап коюуга эч кимге жол бербейбиз”.

”Биз өзүбүздүн союздаштар жана өнөктөштөр менен эки тараптуу маселелерди кеңешип, координациялап турабыз”. 

Украинага басып кирүү жөнүндө

Сергей Рябков:

“Россия Украинага басып киргени жаткан жок, ошондуктан бул жөнүндө сүйлөшүп да кереги жок”.

 "Биз Украина тараптан өзүнчө же Батыш өлкөлөрү менен бирге кандайдыр бир атайы чагымчылык жасалып кетпейби деп тынчсыздануудабыз”.

Уэнди Шерман:

"Россия бизге эл алдында басып кирбейбиз деп айтарын угуп алып таң каласыңар деп ойлобойм. Бул болгону маневрлар жана машыгуулар”.

"Алар басып кирбей турганын, кырдаалды оңдоп, аскерди казармаларга алып кетерин көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгү бар”.

Үчтөн бири

Женевадагы жолугушуу -  Россия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда январга пландалган үч саммиттин бири. 12-январда Брюсселде Россия-НАТО кеңешинин жыйыны, ал эми 13-январда Венада ЕККУ менен сүйлөшүүлөр болот.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг дүйшөмбүдө билдиргендей, Россия-НАТО кеңеши Европадагы аскердик активдүүлүктү, аскердик транспаренттүүлүктү жана куралданууга болгон көзөмөлдү талкуулайт.

Столтенбергдин айтымында, альянс Россиянын коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин баалайт жана ошол эле учурда НАТОну кабатыр кылган маселелерди эске алат деп күтүп жатат.

 

"Украинанын башына такалган пистолет"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

 Женевада Россия менен АКШнын делегацияларынын алгачкы сүйлөшүүлөрү болду. Рябков башталган диалогду “татаал, бирок иштиктүү” деп атады. Ал азыркы шарттарда НАТО Москвадан бир нерсе талап кылбашы керек дейт.

 "Бул өткөндүн иши. Мурда деле оңой боло калчу эмес, азыр мунун баары бүткөн иш. Демек, НАТО 1997-жылдагы чеккке кайтып кетиши керек”,-деди россиялык дипломат.  

 Декабрда Россиянын ТИМ Батыш өлкөлөрүнөн Украина менен Грузияга 2008-жылы аларды НАТОго кабыл алабыз деген убадасын кайтарып алууну суранды. Бирок альянстын баш катчысы бул талапты четке кагып, Россияны өзүнүн таасир чөйрөсүн түзүү аракетин көрүүдө деп айыптады.

 АКШнын баш катчысы Энтони Блинкен  ABC News агенттигине берген маегинде Россия менен АКШ сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында орто жана чакан аралыктагы ракеталарды жок кылуу жөнүндө Келишимге кайтып келиши мүмкүндүгүн айтты, бул келишимден АКШ чыгып кеткен эле.

 Ошол эле убакта Блинкен эскалация уланып жатканда, Россия 100 миң аскерди чек арага топтоп, аны керек болсо кыска убакытта эки эсе көбөйтүүгө камынып, "Украинанын башына пистолет такап турганда” мамилелерде реалдуу прогресс болбойт деп баса белгилеген.

Украинанын Европа жана Евроатлантика интеграциясы боюнча вице-премьери Ольга Стефанишина дүйшөмбүдө Киев альянстарга кирүү жолун өз алдынча чечүүгө укугу бар экенин жана бул НАТО менен Россиянын сүйлөшүүлөрүнүн темасы болбош керек деп билдирди.

 Лондондогу Times  жакында эле Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн алдында Россияга каршы ыктымал аракеттердин планы жөнүндө жазды. Анда жазылгандай, эгер Москва Украинага басып кирсе, АКШ дароо “катаң финансылык, технологиялык жана аскердик санкциялар” менен жооп кайтарат, анын ичинде Россия SWIFT банктык төлөм системасынан да чыгарылат. (КС)