Женевада Россия-АКШ сүйлөшүүлөрү башталат

Published

Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

10-январда Женевада АКШ менен Россиянын ортосунда Европадагы коопсуздук кепилдиктери жөнүндө сүйлөшүүлөр болот. Ага удаа эле 12-январда Брюссселде НАТО менен Россиянын, ал эми 13-январда ЕККУ менен Россиянын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

НАТО-Россия

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эң негизги сүйлөшүүлөр

Женевадагы сүйлөшүүлөрдү Москва эң негизги сүйлөшүүлөр деп жатат.

“Москвада биринчи кезекте АКШ менен сүйлөшүү керек деп билишет. Анткени коллективдүү Батышты Америка башкарат деп эсептейт, ошондуктан сүйлөшүүлөрдү эң оболу Вашингтон менен жүргүзүү керек дешет”,-деди орус аналитиги Леонид Млечин.

Европадагы коопсуздук

Сүйлөшүүлөрдүн темасы Европадагы коопсуздуктун архитектурасы. Эки жактын талаптары алдын ала белгилүү. Россия НАТОнун Чыгышка жылышын токтотууну талап кылып, анын документ түрүндөгү кепилдигин алууга аракет кылууда. Ошондой эле НАТОго Украина менен Грузиянын кабыл алынышына жол берилбесин, Россиянын чек арасына жакын аймакта кол салуучу куралдар орнотулбасын деп жатат.

АКШ менен Европа Биримдигинин буга берген жообу да белгилүү. Алар НАТОго ким кирет, кирбейт, аны ар бир мамлекет өзү чечет, башка мамлекеттин үстүнөн АКШ андай чечим кабыл алганы туура болбойт деп жооп айтышкан. Бирок аскердик активдүүлүктү басаңдатуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө каршы эместигин билдиришкен.

Эки тарап тең чечкиндүү болуп турат. АКШ президенти Жо Байден эгер Россия Украинага катылып эле көрсө, анда болуп көрбөгөндөй санкция салынарын билдирген. Ошол эле сөздү Европа өлкөлөрүнүн башчылары кайталашты. Путин Байден менен жакында эле телефондо болгон сүйлөшүүдө, эгер чындап эле Россияга санкция салына турган болсо, анда АКШ менен алака-катышты биротоло токтоторун эскерткен.

Бирок орус президентинин эскертүүсү Вашингтон үчүн анчалык маанилүү эмес. АКШ менен Россиянын ортосунда анчалык кабатыр болгудай соода-экономикалык алака жок. Эгер Кытай болсо, анда АКШ үчүн бул башка маселе. Алардын соода-экономикалык байланыштары ошончолук чырмалышып калган, эгер алар үзгүлтүккө учураса эки тарапка тең зыян болот.

АКШ жана Россия президенттери жаңы жылдын алдында сүйлөшкөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, АКШ жана Россия президенттери жаңы жылдын алдында сүйлөшкөн.

Вашингтон бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында АКШ менен Россия өздөрүнө бирдей милдеттенмелерди алышы керек деп жатат. Мындай көз карашты ишембиде орус-америкалык сүйлөшүүлөргө арналган брифингде АКШнын администрациясынын жогорку кызматтагы өкүлү айта кетти:

"Россиянын документтеринде каралган айрым маселелер боюнча эки тараптуу форматта, же Россия-НАТО, же ЕККУ менен көп тараптуу тартипте прогресске жетишсе болот деп ойлойбуз”.

 Москва болсо бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында НАТОнун Чыгышка жылышын жана орус чек арасына жакын курал жайгаштырууну токтотууга жетишерине үмүт кылууда.