Шайлоо-2020: партияны тизмесинен тааны

Сүрөттүн булагы, AFP/GETTY IMAGES
Бийлик партиясы катары аталып жаткан “”Биримдик” эң акыркылардан болуп шайлоо тизмесин жарым-жартылай ачыкка чыгарды.
Буга чейин күтүлгөндөй, тизменин башында президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков көрүнбөйт, бирок анын жакын тарапкери депутат Төрөбай Зулпукаров тизмеде үчүнчү, вице-спикер Аида Касымалиева сегизинчи орунду ээлеген. Шайлоо партияларынын тизмесине Элеонора Сагындык кызы абай салып чыкты.
“Бул партиянын тизмесинин 15-30-орундагы адамдары кийин башка кызматка, өкмөткө кетери эмитен эле айтылып жатат. Асылбек Жээнбеков парламентке келбей калса, өлкө саясатына таасирин жоготот. Ал ага көнбөйт”,- деди журналист, шайлоонун байкоочусу Тынчтыкбек Алтымышев.
“Биримдик” азырынча тизмедеги он алты талапкерин гана ачыктады. Тизменин башына жарандык коом менен келише албаган депутат Евгения Строкова кирип калганы коомдук сайттарда нааразылык туудурду.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Бир Бол” партиясынын тизмесин мурунку ата-мекенчи Алмамбет Шыкмаматов, эл аралык юрист Жоомарт Жолдошев жана бизнес-вумен Айжан Чыныбаева баштады. Партиянын кожоюну Алтынбек Сулайманов өзү тизмеде онунчу. Буга чейин “Бир Болдо” Марат Бакиевдин кызы Сымбат Маратбек бар экени чоң ызы-чууга айланып, соңку тизмеде ал байкалган жок.
Абактагы Атамбаевдин уулдары түптөгөн, “Социал-демократтар” партиясы тизмеге келгенде сыр катып, алгачкы бештикке кирген талапкерлерин гана атап жатат. №1 Сейитбек Атамбаев болду, ошондой эле тизмеден Ирина Карамушкинаны, Супер-инфо гезитинин мурунку ээси Кылыч Султанды байкоого болот. Социалдык тармактарда жарыяланган фейк тизмеге Ширин Айтматова да кошулуп, бирок ал өзү мындай маалыматтарды четке какты.
Соттук иши бир жаңсыл боло элек Өмүрбек Текебаев шайлоого баруудан баш тартып, “Ата Мекенди” Жанар Акаев баштаган жаштар жетектеп бара жатат, депутат Элвира Сурабалдиева, пандемия маалында өзүн мыкты уюштургуч көрсөтө алган жарандык активист Тилек Токтагазиев да бул сап башында.
"Бул шайлоодо “Ата Мекен” чөнтөк оппозиция болобу?". "Раим Матраимовдорго тийиштүү делген “Мекеним Кыргызстан” менен байланышы барбы?",-деген талкуулар жүрүп, саясий уюм аны кабыл алган жок.
Айтмакчы, “Мекеним Кыргызстандын” желеги астында Мирлан Бакиров, Бишкектин мурунку вице-мэри Татьяна Кузнецова, депутат Марлен Маматалиев , юрист Канатбек Азиз жана журналист Элнура Алканова бар.

Сүрөттүн булагы, Social media
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жарандык коом, бейөкмөт уюмдарынын бул партияга мамилеси баштан белгилүү. Партия көтөрүп жаткан идеялар ал маанайды ого бетер курчутуп жатат.
“Партиянын сьездинде кичине маалымат түштү. “Мекеним Кыргызстан” парламент депутаттарынын санын азайтабыз деп атат. Буга каршымын, бул парламентаризм бутагына балта чапкандай эле болот. Булар келишсе, балким, президенттик системаны күчөткөнгө аракеттенишет”,- деди укук коргоочу Динара Ошурахунова.
“Реформа” партиясынын тизмеси Конституциялык Палатанын экс-судьясы Клара Сооронкуловадан башталат, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Урмат Насыкулов жана башка прогресивдүү делген жаштардын көбү да бул жерде. Бул партия шайлоого карата тизмесин ачык праймериз жолу аркылуу аныктаганы менен өзгөчөлөндү. Добуш берүү партиянын сайтында жүрдү.
“Замандаштын” тизмесин партия лидери Жеңиш Молдокматов, ЖАМКтын жетекчиси Мелис Турганбаев, депутат Айсулуу Мамашева баштады.
“Республиканын” тизмеси депутат Мирлан Жээнчороевдон башталат, Оштогу өкмөттүн мурунку өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин жана БШКнын мурунку төрагасы Туйгунаалы Абдраимовдун бул партияга кириши өтө кызык жүрүш болду. Тизмеде мурунку вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, депутат Аалы Карашев бар.
Бардык партиялар жаштарга басым жаткан маалда “Бүтүн Кыргызстанга” тажрыйбалуу саясатчылар чогулду. Адахан Мадумаровго Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Субаналиев кошулду. “Ак Шумкар” жана Коммунисттер партияларынын лидерлери Темир Сариев жана Исхак Масалиев да бул топто.
“Бул партияны жалаң картаң саясатчылар чогулуп алыптыр деп сындап атышат. Бирок чыныгы оппозиция “Ата Мекен” менен эле ушул партия болот. Себеби, андагы адамдар бийликке оппозиция болчу күчтөр. Калгандары партиялык тизмедеги жайырмалыкка фасад катары жаштарды коюп, калгандарын жашырып атат. Бирок БШК анын баары бир кийин ачыктайт. Ага чейин партиялар тизмедеги ыңгайсыз адамдарын ачыктабай, буйтоо маневрун жасап жатат десек болот”, -деди журналист Семетей Таласбек уулу.
Камчыбек Ташиевдин “Мекенчил” партиясы БШКга биринчилерден болуп тизме берген. Аны Ташиев өзү баштайт, тизмеде ошондой эле абактагы Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр Жапаров жана экс-депутат Жылдызкан Жолдошева бар. Президенттик башкарууну сүрөгөн депутат Курманкул Зулушев да тизмедеги бешиликте.
Ошентип, азырынча башы көрүнгөн партиялардын баары шайлоого кимдер менен баратканы такталып калгандай болду, бирок БШК элегине келгенде дагы ыргып кеткендер болот, алардын ордун басчулар көмүскө тизмеден тандалат.
Партиялык тизме 4-сентбярда баштала турган үгүт өнөктүгүнө чейин такталып бүтүүгө тийиш.
































