Кыргызстан: пандемия шартындагы шайлоонун даярдыгы

Published

Кыргызстанда парламенттик шайлоого даярдыктар активдүү фазага өтүп, саясий партиялар депутаттыкка талапкерлер тизмелерин бекитип жаткан учуру. Адатта бул тизмелер жашыруун бекитилип, андан кийин гана коомчулукка жарыяланат.  Айрым маалыматтар  боюнча ушу күндөрү бийликчил делген үч партиянын ичинде орундар үчүн чоң соодалашуулар болуп жатат.

Саясий партиялар депутаттыкка талапкер тизмесин Боршайкомго 20-августка чейин тапшырышы керек.  Андыктан учурда көшөгө артында партиялардын алдыңкы орундары саясатчылардын акчасына, баркына жана акылына жараша бычылып жаткан учуру.

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү бийликчил саясий күчтөр бир партияга топтолбой, үч башка саясий уюмга чачырап добуш топтогону жатышат.

“Мен билгенден чоң соодалашуулар бийликчил партиялардын айланасында болуп жатат. Партиялык тизмени бекитүү абдан  жашыруун жүрөт.  Бийлик партиясы деген бул өтө турган партия, демек акча чогултуу шексиз. Оппозициялык партияларда акча чогултуу жок го дейм, бирок үгүт жана уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн акча минималдык суммада акча чогултушу мүмкүн”, -дейт саясат талдоочу Айданбек Акматбек уулу.

Серепчи бийликчил делген үч саясий партияны атады.

 “Биримдик” партиясын шайлоого  Канат Аманкулов (КСДП фракциясы ) жетектеп барары айтылууда.  Бирок бул  партия артында президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков турат”,- дейт Айданбек Акмат уулу.

“Мекеним Кыргызстан” – иш жүзүндөгү лидери Раимбек Матраимов,  бирок партия тизмесин анын номиналдык лидери Мирлан Бакиров (“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы) баштары күтүлүп жатат.

“Кыргызстан” партиясынын тизмеси депутат Канат Исаев менен башталат деген маалымат бар, бирок партиянын чыныгы кожоюну алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов  экени белгилүү.

Дагы бир көңүл бөлүүчү жагдай, шайлоого даярдыктар күч ала баштаган маалда мурунку президенттин жакын тарапкерлеринин бири Икрамжан Илмиянов жатак түрмөгө которулду.

““Илмияновдун абактан бошотулушу түздөн түз парламенттик шайлоо менен байланыштуу. Ал экс-президент Атамбаевдин тушунда эки жергиликтүү, эки парламенттик, эки президенттик шайлоону өткөргөн. Азыркы курамдагы фракциялардын көбү Илмиянов менен кеңишип, тизме түзүшкөн. Шайлоо кампаниясынын акы-чүкүсүн жакшы билет. Ал азыр бийликти көзөмөлдөп турган адамдарга абдан керек болду, эми ал бийликчил партиялардын көмүскө штаб башчысы болуп отурары шексиз”, -дейт журналист Марат Тагаев.

Жергиликтүү басылмаларда Илмиянов соңку шайлоолордо бийликчил же ага ыктаган партиялардын тизмесин бекитүүгө катышкандардын бири катары сыпатталып жүрөт.

Мурунку шайлоолордо ал өзү да КСДПнын партиялык тизмесине 50чү талапкер болуп кирип, бирок тизмедеги андан кийинки талапкер азыр вице-спикер Аида Касымаливага кийин орун бошотуп берген.

Кыргызстанда 2010-2015-жылы өткөн Жогорку Кеңешке шайлоолордо партиялык тизмедеги алдыңкы орундар мартабага жана акчага сатылып, партиялык саясий коррупцияга жол берилип келгенин саясатчылар өздөрү да мойнуна алып келет.

“Партиялык шайлоо тизмесинин эң чоң кемчилиги аны бир үй-бүлө өзү түзөт же лидер өзүнүн саясий же башка кызыкчылыгына жараша жоро-жолдоштору менен түзөт. Тизмедеги орунду эл аныктасын деген пикир, талап бар. Ал талапты биз да айтып келе жатабыз, 2013-жылы андай мыйзам долбоорун жазып киргизгем. Бирок тилекке каршы, ошол кездеги бийлик, азыркысы да аны колдобой атат. Ал эмне деген мыйзам? Ачык шайлоо системасы, шайлоочу партияга эле эмес, анын ичиндеги конкреттүү талапкерге добуш берет. Эгер ошондой болсо, партиялардагы саясий коррупция жокко чыгат”,- деген буга чейинки интервьюларында “Ата Мекен” саясий партиясынын лидери Ө.Текебаев.

Айтмакчы, партиялык тизме менен пропорционалдык шайлоо системасын киргизди  деп анын өзүнө айыптоолор күч. Бирок Өмүрбек Текебаев андай сөздөрдү четке кагып, тизме менен шайлоо Бакиевдин тушунда эле башталганын жүйөө кармап келет.

Өлкөдө 1998-жылы өткөн Конституциялык реформанын негизинде 2000-жылдан тарта партиялык тизме менен шайлоо кирген.

2000-2005-жылдары парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасынын 60 депутатынын 15и партиялык тизме парламентке келген.

2005-жылы өлкө бир палаталуу парламентке кайтып, партиялык тизме жоюлган. 2007-жылы Бакиев президент болуп турган учурда Жогорку Кеңеш биринчи жолу бүтүндөй партиялык тизме менен шайланып, бийликтин "Ак Жол" партиясы көпчүлүк орунга ээ болгон.

Кыргызстанда былтыр шайлоо тууралуу бир катар Конституциялык мыйзамдарга толуктоолор киргени менен, тизмелердеги партиялык коррупцияга байланыштуу өзгөртүүлөр болбоду. EKa