You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Күзгө күтүлгөн саясий күрөш: атаандаш күчтөрдүн карааны жана салмагы
Кыргызстанда күздө өтчү парламенттик шайлоодо атаандаш боло турган негизги күчтөрдүн карааны жакын көрүнө баштады. Саясий талкуулардын жүрүшүндө бийликтин блогун “Биримдик” партиясы баштап, аны “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” жандаары айтылып атат.
Ал эми оппозициялык күчтөр “Ата Мекен” партиясынын айланасына топтолууда.
Шайлоодо негизги күрөш ушул эки саясий топтун ортосунда болот деген жоромолдор бар.
Күздө өтчү парламенттик шайлоонун негизги интригасы - бийлик партиясы ким болот деген суроонун башы дагы деле ачык. Бул ролго негизги талапкер - “Биримдик” партиясы деп аталган менен ал азырынча ачык саясий жүрүштөргө бара элек.
Бийликчил лидерлер шайлоого бириндеп, ар кайсыл партиялар курамында барары да айтылып жатат:
“Бул партиянын мүчөсү кимдер экени, кандай түзүлөрү, качан чыгары белгисиз. Балким, президенттин айланасындагы адамдар “Биримдик” эмес, башка партияларга ооп калышы мүмкүн. Анткени, саясий күчтөрдү балансташ керек. Анан калса бийликчил лидерлердин баары бир партияга биригип алганда шайлоодо кандай добуш берилет. Балким, алар тобу менен өтпөй калышы мүмкүн. Кийинки парламенттик коалицияны кураганга дагы бул маанилүү фактор”,- деди серепчи Тынчтыкбек Алтымышев.
Ал тапта парламент ичиндеги жана сыртындагы айрым саясий топтор “Ата Мекендин” туусу алдында биригишти. Оппозициялык блокко “Ак Шумкар”, “КЛДП” жана КСДПнын айрым өкүлдөрү кирди. Аларды шайлоого Жанар Акаев баштап барат. .
“Биздин мүмкүнчүлүк, биздин ресурс чектелген. Мына ошол чектелген, колубузда бар ресурс менен алдыга чоң кадам ташташыбыз керек. Ал үчүн ынтымактуу болушубуз керек. Биринчи кезекте биздин саясий ресурс – активдүү жарандарды бириктиришибиз керек”, -деди Өмүрбек Текебаев.
Шайлоо чыгымдуу процесс, “чектелген ресурс” дегенде “Ата Мекен” лидери каржылык жагдайды айтып атканы талашсыз. “Жаңы дем” блогунун курамында капчыктуу, бизнеси бар ишкерлер деле бар. Бирок финансылык жактан алганда бийликчил партиялардын дымагы шайлоодо дайыма эле күчтүрөөк болуп келген жайы бар.
“Биримдик” бул бийликтин №1 партиясы, ал ага кирген байлардын жана мамлекеттин эсебинен каржыланат. Ал эми бийликчил кийинки “Кыргызстан” партиясын айтылуу “Шаки” каржылайт, партия тизмесин да өзү түзөрү тууралуу айтылып атат. “Мекеним Кыргызстан” партиясын Раим Матраимов каржылайт. Бул баарына белгилүү. Булар акча жана башка ресурстарын камдап шайлоого барабыз деп шайма-шай турушат”, -дейт саясат талдоочу Айданбек Акматбек уулу.
Эми ортодогу шайлоого баруу ниетин билдирген башка партияларга сереп салсак.
Радикал оппозициядагы “Бүтүн Кыргызстан” да өзүнчө блок болуп, катарына майда саясий партияларды топтоодо. “Ата Мекен” алдында биригүү сунушун Мадумаров буга чейин караманча четке какканы белгилүү болду.
“Сүйлөшүп атабыз, коалиция кылышыбыз керек дегендей болуп Темир Сариев бир канча жолу келип кетти. Жолуктук, сүйлөштүк. Бирок мен андай сунуштарды чечкиндүү түрдө четке кактым. Биз бириге албайбыз”,-дейт саясатчы.
Мадумаров “Ата Мекен” менен мамлекеттик түзүлүш, эл аралык саясат, экономикалык маселелер боюнча баалуулук, түшүнүктөрү туура келбесин жүйөө кармаган. “Бүтүн Кыргызстан” президенттик башкарууга ыктаган партия экени белгилүү.
Шайлоого жакындаганда дагы бир белдүү партия “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов кайра саясатка кайтып келери тууралуу талкуулар жүрө баштады. “Бабановдун саясатка кайтып, шайлоого катышарын айтып жатышат. Бирок ага анча ишенүү кыйын. Себеби, Бабановдун партиясы азыр аябай алсырап, өкүлдөрү ар кайсы партияга ооп аткан учур. Бабановдун негизги тарапташтары Руслан Казакпаев, Мирлан Жээнчороев, Алтынай Өмүрбекова, Кенжебек Бокоев, Максат Сабировдорду айрым саясий партиялар “кудалап” жатканы айтылууда”- дейт журналист Тынчтыкбек Алтымышев.
VI чакырылыш курамындагы “Бир Бол”, “Өнүгүү-Прогресс”, КСДП партиялары да шайлоого өзүнчө даярдык көрүп жаткандай. “Бир Бол” саясий эмблемасын жаңылап, партия курамын да жаңы жүздөр менен толуктагысы келип жатканы байкалат.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидерлеринин бири Мирлан Бакиров бийликке ыктаган “Мекеним Кыргызстанды” жетектегени өзүнчө талкууга жем таштады.
Атамбаевчил Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши ичтен ыдырап, бир бөлүгүн шайлоого Атамбаевдин уулдары баштап бармакчы болууда. Быйыл өтчү парламенттик шайлоонун босого чеги 9%дан 7% га түшүрүлүп жатат.
KKБирок партиялар үчүн биригип, ирилешүү мурдагыдай эле зарылдык болуп калууда. Анткени, саясий жарышка катышкан партиялардын баары эле бул чекти багынтарына ишенбейт. Шайлоо жакындаган сайын саясий күчтөр өз ылайыгына жана чама-чаркына жараша дагы биригип, дагы ажырашары турган иш. E Ka