Кыргыз-өзбек алакаcы: сандар жана фактылар

Эки президент былтыр ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде жолугушкан

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эки президент былтыр ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде жолугушкан
Published

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январь күндөрү Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Күн тартибинде: кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелер. Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлмакчы - анын ичинде кыргыз-өзбек чек арасы боюнча ратификацияланган келишим бар.

Эки өлкөнүн бийлиги 1300 км ашуун чек араны биротоло тактоо процессин былтыр аяктап, келишимдерге кол койду. Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, Кыргызстанга дээрлик 20 миң гектар талаштуу жерлер өтөт, ал эми Өзбекстан түштүктөгү Кемпир-Абад суу сактагычын өткөрүп алат.

Кыргыз-өзбек мамилелери Шавкат Мирзиёев 2016-жылы бийликке келгенден тарта “жылып” баштаганы айтылат. Атап айтканда, бир жылдын ичинде чек аранын 85% такталган, ал эми эки өлкөнүн жарандарына өткөрмө пункттардан өтүүдө тоскоолдуктар жоюлду. Мындан сырткары, көп жылдан бери сөз болуп келаткан Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоору ишке аша баштады. 

"Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" долбоорунун кеңсеси

Сүрөттүн булагы, o'zbekiston temir yo'llari

Эки тараптуу мамилелер соңку жылдары кандай жүрүп жатат? Би-Би-Си статистиканы изилдеп, сиздерге атайын графиктерди сунуштайт.

Соода-сатык

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган.  Эки өлкө эгемендик алгандан тарта соода-сатык мамилелерин жакшы баштап, бирок кийинки жылдары ал төмөндөп кеткен эле. 

Ош шаарындагы эң ири базарлардын бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош шаарындагы эң ири базарлардын бири

ЕККУ Академиясы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, 1995-жылы эки өлкө $159 млн соода жргүзгөн - бул Кыргызстандын жалпы товар айланымынын 18,2% түзгөн. Ал эми 2002-жылы соода $88 млнго (жалпы товар жүгүртүү 8,2%) түшкөн. 2010-жылдарга жакын коңшу өлкөлөрдүн товар жүгүртүүсү $200 млн жеткен.

Өзбекстан ЕАЭБге кирбегенине карабастан, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык 2016-жылдан кийин $300 млнго жеткен. Соңку эки жылда бул көрсөткүч дээрлик $500 млн чыкты, бирок бул сан көбүнесе өзбек өндүрүүчүлөрүнүн эсебинен көтөрүлгөн. Башкача айтканда, Кыргызстан экспортко караганда көбүрөөк импорт кылат.

Графика

Кыргызстан өткөн жылы мындан көп Орусия ($2,7 млрд) жана Казакстан ($976 млн) менен гана соодалашкан.

*Өзбекстандын расмий маалыматы боюнча, товар жүгүртүү 2019-жылы $818 млн ($668 млн экспорт, $150 млн импорт), 2020-жылы $903 млн ($756,6 млн экспорт жана $146,5 млн) түзгөн.

Өзбекстанга эң эле көп көмүр менен күйүүчү май (орточо $40 млн), таш, курулуш материалдар, цемент ($30 млн) жана кара металлдар ($20 млн) экспорттолот. Ал эми Өзбекстандан Кыргызстанга трикотаж кездемелери менен кийим-кечелер (былтыр дээрлик $60 млн), мөмө-жемиштер ($28 млн), пластмасса буюмдары ($27 млн доллар), жер семирткичтер ($23 млн) жана килемдер ($10 млн) импорттолот.

Мындан сырткары, Өзбекстан өлкөнүн түштүгүн газ менен камсыз кылат. Бирок адатта суук түшкөндө газдын көлөмү азая башталат.

Сезондук миграция жана туризм

2010-жылы Кыргызстандагы Апрель революциясы, андан соң түштүктөгү “июнь коогалаңынан” соң Өзбекстан кыргызстандыктар үчүн чек арадан өтүүгө чектөө койгон. Кыргыз жарандарына Өзбекстанга өтүү үчүн атайын чакыруу талап кылынган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер 2017-жылдан тарта толук кандуу ишке кирген

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттер 2017-жылдан тарта толук кандуу ишке кирген

Мындан сырткары, ачык булактардан туңгуч президент Ислам Каримов соңку 10 жылда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгени тууралуу маалымат табууга мүмкүн болгон жок. Буга кыргыз-өзбек чек арасындагы бир нече инцидент себеп болушу мүмкүн.

Ал эми 2016-жылы алгач мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Самаркандга, кийинки жылы Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапары менен келген. Муну менен бирге эки өлкөнүн делегациялары бири-бирине улам сапар жасай баштаган. Өз кезегинде  Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туризм да өнүгө баштады.

2017-жылдын сентябрь айында кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекети толук кандуу иштей баштаган. Ошондой эле, Өзбекстанга кирүүдөгү бир катар чектөөлөр алынып, чек арадан паспорт менен гана өтүүгө мүмкүн болуп калган.

Графика

Статистикага ылайык, 2016-жылы Кыргызстандын чек арасынан 350 миңге чукул өзбекстандык өтсө, 2017-жылы бул көрсөткүч эки эсеге көбөйгөн - 694 миң киши. Бул жылдары канча кыргыз жараны Өзбекстанга өткөнү белгисиз.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын Өзбекстандагы ошол кездеги элчиси Ибрагим Жунусов 2018-жылы Өзбекстанга 3,2 млн кыргызстандык, ал эми Кыргызстанга 3,3 млн өзбекстандык киргенин билдирген.

2019-жылы Кыргызстанга 4,6 млн өзбекстандык, ал эми Өзбекстанга 1,4 кыргызстандык барган. 2020-жылы коронавирус пандемиясына карабастан Өзбекстандын чек арасынан 508 миң кыргызстандык кирген - көбүнчөсү алар туугандарынан кабар алганы барышкан. Ал эми Кыргызстанга 947,7 миң өзбек жараны кирген.

*2021-жылкы статистикага ылайык, Кыргызстанда 985 миң өзбек, ал эми Өзбекстанда 291,6 миң кыргыз жашайт.

Ал эми 2022-жылдын он айында Өзбекстанга 1,1 млн кыргызстандык кирген. Кыргызстанга 700 миң өзбек жараны келген.

Белгилей кетчү жагдай - расмий түрдө эки өлкөнүн жарандары тең “турист” катары келишет. Бирок көп учурда өзбек жарандары Кыргызстанга сезондук жумуштарга келет: көбүнчөсү талаа жумуштарына же курулуш иштерине.

Жылына канча өзбекстандык Кыргызстанга жумушка келгени тууралуу так маалымат табууга мүмкүн эмес, бирок расмий эмес 100 миңге чукул өзбек жараны сезондук жумушка келгени кабарланат. Кыргызстандагы жумуш берүүчү чет өлкөлүктөр үчүн атайын уруксат алуусу керек (2000 сом, ал эми компаниялар 6000 сом), ошондой эле жумушчулар медкароодон өтүүсү керек. Ошондуктан келишим оозеки түзүлөт.

ЖМКлар быйыл болгону 55 өзбек жараны жумушка уруксат алганын жазып чыгышты. 

Долбоорлор

"Камбар-Ата-1" ГЭСи салынчу аймак

Сүрөттүн булагы, president.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Камбар-Ата-1" ГЭСи салынчу аймак

Үч тараптуу “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунан сырткары эки өлкө “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын курууну макулдашкан. Бул долбоорго Казакстан да кызыгып жатканын билдирди. Жаңы ГЭСтин кубаты Токтогулдан бир канча күчтүү болот деп бааланууда.

Долбоордун биринчи этабында эле 486 миллион АКШ доллары керек болот. Курулушка керектүү каражат республикалык бюджеттен да каралат, бирок ага ири инвестициялар да тартылганы жатат. 

"Камбар-Ата-1" Кыргызстандагы эң ири ГЭС болоору күтүлүүдө. Ал 1 миң 860 мегаватт кубаттуулукта курулуп, жылына 5 млрд кВт/саат электр кубатын иштеп чыга алат. Анын төрт агрегаты болот.

Дамбанын бийиктиги 256 метр, ал эми андагы топтолгон суунун көлөмү беш миллиард кубдан кем болбойт деп күтүлүүдө.

“Буга күмөн болбош керек. Долбоор сегиз-он жылга барып толук бүтүп калат. 2024-жылы негизги курулушту баштайлы деп атабыз. 2028-жылы биринги агрегатты тапшыралы деп жатабыз. 2032-жылы болсо Камбар-Ата-1 ГЭСи долбоорун толугу менен бүтүргөнгө мүмкүнчүлүгүбүз бар деп жатабыз. Бул долбоор ишке ашса, Кумтөрдөн да көбүрөөк киреше алып келет”,- деген мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев.

Мындан сырткары, өзбек бийлиги алгач Ош шаарында, кийинчерээк Лейлек районундагы Маргун айылында мектеп курган. Дагы бир мектеп Баткендеги Самаркандек айылында курулуп жатат. 

Ошондой эле Өзбекстандын бюджетинен Оштогу Бабур атындагы мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театры оңдоодон өтөт. Буга $5 млн сарпталмакчы.

Мындан сырткары, быйыл мартта кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлгөн - уюмдун уставдык капиталы $50 млн түздү. 

Аталган фонд төмөнкү багыттагы долбоорлорду каржылайт:

  • агроөнөржай комплекси;
  • тигүү жана текстиль өнөр жайы;
  • кайра иштетүү өнөр-жайы;
  • тоо-кен өндүрүү жана металлургия өнөр-жайы;
  • транспорт;
  • турак-жай курулуш;
  • соода;
  • ишкерликти өнүктүрүү;
  • энергетикалык комплекс;
  • инфраструктураны өнүктүрүү;
  • туризмди өнүктүрүү.