Үңкүр-Тоо боюнча талаш токтогон жок

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку кырдаал боюнча президент Алмазбек Атамбаев пикир билдирди. Ал арада өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп таануу боюнча документ жок деди. Парламенттин алдында айрым активисттер кыргыз-өзбек чек арасындагы окуяларга байланыштуу жакшылап түшүндүрмө берүүнү талап кылып чыгышты.
Март окуясын эскерүүгө барган президент Алмазбек Атамбаев чек ара тууралуу айтып, Кыргызстан эч кимдин көзүн карабайт деди.
“Мурун коңшулар газды өчүрүп койчу, светти өчүрөбүз деп коркутчу. Акыркы беш жылдын ичинде колунан андай рычагдын баары кеткенде, айла жоктон ушундай туура эмес жолго барып жатат. Бирок элибиз сабырдуулукту сакташ керек. Анткени бизге согуш кереги жок. Ким баштаса дагы согушту эч качан биз баштабайбыз. Бирок жообун бергенге даярбыз, ачык айтайын”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Ал Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкентте өтчү жыйынына барбай турганын айтты.

Саясатчылар, эксперттер чек ара маселеси дипломатиялык жол менен гана чечилет деп жаткан чакта Алмазбек Атамбаев элди сабырдуулукка чакырып, өзү коңшу өлкөнүн саясатын кескин сындады.
Ал журналисттер менен сүйлөшүп жатып, Үңкүр-Тоонун Өзбекстанга берилгени тууралуу маалымат чындыкка жатпаганын кошумчалады.
Ал арада айрым активисттер парламенттин алдына пикетке чыгып, Үңкүр-Тоо боюнча жагдайды бийликтин түшүндүрүп берүүсүн талап кылышты. Үңкүр-Тоо коңшу өлкөгө берилип кетпесин деген чакырык менен чыккандар арасында коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн сырткары Бишкектеги аксылыктар да бар.
Алардын бири сүрөтчү Асан Турсункулов буларга токтолду:
“Биз аксылыктар парламент депутаттарынын, өкмөт башчынын сөзүн угалы деп келип жатабыз. Анткени Темир Сариев Аксыга барганда бир метр да жер Өзбекстанга берилбейт деген менен, алардыкы деп жерди тааныды деген протокол чыгып кетти. Мына ушуну түшүнгүбүз келет”, - деди Би-Би-Сиге Турсункулов.
Митингдин катышуучуларынын бири, энергетика тармагындагы эксперт Расул Үмбөталиев да үн кошууда:
“Мен Аксыда төрөлүп, ал жакта чоңойгом. Фергана өрөөнүндөгү көп жерлер илгери кыргыздыкы болгон. Алар улам өтүп кеткен. Эми азыркы аймактарды бербешибиз керек”.
Митингдин уюштуруучуларынын бири активист Айбек Мырза уулу болсо Ала-Букада кыргыз-өзбек чек арасындагы өзбек тарап тосуп алган жердеги кырдаалдын өзгөрбөгөнүнө бийлик чара көрүш керек дейт.
“Өзбек тараптын расмий жообуна ылайык, Ноорузга байланыштуу чек ара коопсуздугун күчөтүшкөн. Бирок Нооруз өтпөдүбү? Демек биз билбеген бүдөмүк нерселер бар. Биринчи маселе - Үңкүр-Тоо балким өтүп кеткендир, экинчиси эмнеге өзбек тарап жолду дале тосуп турат? Кыргыз парламенти ушул нерсени караш керек”, - дейт Айбек Мырза уулу.

Үңкүр-Тоого байланыштуу өкмөттүн мамлекеттик чек араны тактоо боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров бүгүн маалымат берди. Ал тоону “өкмөт Өзбекстандыкы деп тааныган шекилдүү” деген маалыматтарды четке кагууда.
“Эч кандай жер берүү жөнүндө маселе жок, жер бөлүү жөнүндө маселе болуп жатат. Өзүбүзгө өзүбүз жер бөлүп, кошумча станция куралы деген сөз кетип атат. Кандай чогулуш болбосун, кеңешме болбосун протокол түзүлөт. Ушунун баарын көтөрүп, өзүнүн пайдасына көздөгөндөрдүкү туура эмес. Депутат болобу, Жогорку Кеңештин депутаты болобу, министрби, бийлигиби, оппозициясыбы бетине түз айтам”, - дейт Искандаров.
Аксынын борбору Кербен шаарынын шаардык кеңешинин депутаттары аларга келген өкмөттүн протоколунда Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагы деп жазылганын айтып чыгышкан. Өкмөттүн жыйыны боюнча протокол шаардык кеңешке жөнөтүлүп, ага ылайык, телестанцияны көчүрүүгө жер бөлүүнү сурашкан.
Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешаалы Орозокеев протоколду окуп берди.
“Бул протокол боюнча, 2015-жылдын 11-ноябрында өкмөттө жыйын болуп, жыйырмадан ашык киши катышкан. Башталганда эле фамилиялары жазылып турат. Номери 18-177. Мындай деп жазылыптыр: Өзбекстандын территориясында турган Кербен РРС-24тү демонтаж кылуу. Ошого шаардын аймагынан демонтаж кылып, сатнция курганга жер бөлүп бергиле деген маселе менен бизге келип жатат. Ал жерде биринчи эле темасында “Өзбекстандын территориясында турган” деп жазылып турат”, - деди Озокеев.
Ал эми өкмөт протокол Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деген жок деп, маселени кайсы бир тараптын кызыкчылыгына пайдаланбаш керек деп жатат.
Аксыдагы Үңкүр-Тоо 2013-жылы да талашка түшкөн. Ал жерде Кыргызстандын таратуучу станциясы бар. Президенттин маалыматы боюнча, андан 150 миңдей киши телекөрсөтүүнү кабыл алат жана телефон байланышына туташат.
































