"Биз чындап баштай элекпиз". Путин Батышты айыптады, Зеленский Жонсонду алкады

Сүрөттүн булагы, EPA/ALEXEI NIKOLSKY/SPUTNIK/KREMLIN POOL
Владимир Путин Россиянын Мамлекеттик Думасынын жетекчилеринин алдында оптимисттик маанайда чыгып сүйлөп, Украинада болуп жаткан кырдаал үчүн Батышты айыптады.
«Так ушул Батыш Москва менен «эң акыркы украинге» чейин согушканы жатат. Бул украин калкы үчүн трагедия, бирок баары ушуга баратат окшойт».
Ошол эле убакта Россияны «согуш талаасында жеңиш керек» деген билдирүүлөргө: «Кылып көрүшсүн». «Биз чындап баштай элекпиз»,- деп жооп берди.
Россиянын лидеринин сөзүнөн Москванын кандай стратегияны көздөп жатканын баамдаса болот. "Согуш канчалык узакка созулса, экинчи тарапка сүйлөшүүгө келүү ошончолук кыйын болот", - дейт.
Украинада орус армиясы Луганск аймагындагы акыркы шаар болгон Лисичанскини каратып алып, эми Донецк областын көздөй бет алды, бейшембиде ракеталык соккудан бул жактан кеминде бир жайкын тургун курман болду.
Украинанын түштүгүндө дагы айрым жылыштар болду.
Орустар согуштун башында ээлеп алган Кара деңиздеги Змеиный аралында кайрадан Украинанын желеги көтөрүлдү. Орус аскерлери бул аралдан өткөн айда чыгып кетишкен эле.
Зеленский кызматынан кетип жаткан Жонсонго ыраазылык билдирди

Сүрөттүн булагы, PA Media
Президент Владимир Зеленский Британиянын премьер-министр кызматынан кетип жаткан Борис Жонсонго ыраазылык сөздөрүн жолдоду.
«Мен гана эмес, сизди бүтүндөй украин калкы урмайттайт»,-деди ал. Телефондогу сүйлөшүү убагында Зеленский Жонсонго Украинага жардам берүү үчүн чечкиндүү аракеттери үчүн ыраазылык билдирди.
«Биз Улуу Британиянын колдоосу уланарына күмөнүбүз жок, бирок сиздин жеке лидерлигиңиз жана харизмаңыз өзгөчө болду».
Зеленский менен Жонсондун мамилеси февралдан баштап абдан тыгыз болуп келди, британ премьери Киевге апрелде эле барып, бул жакка биринчи келген эл аралык лидер болуп калды.
Ал эми Жонсондун Украинага көрсөтүп жаткан колдоосуна нааразы болуп жаткан Россияда анын кетип жатканы жөнүндөгү кабарга калпагын көккө ыргыткандан башкача реакция болмок эмес.
21 миңден ашык аскер кылмышы – Путин кылмыш жоопкерчилигине тартылабы?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Украина азыркы учурда Россия Украинага басып киргенден кийин орус аскери жасаган 21 миңден ашык аскердик кылмыштарды иликтеп жатканын билдирди.
Башкы прокурор Ирина Венедиктова Би-Би-Сиге Украинадагы аскердик кылмыштар жөнүндө күн сайын 200-300 кабар алып жатканын билдирди.
Украинага 24-февралда басып кирген Россия аскер кылмыштары жөнүндө бардык айыптоолорду четке кагууда.
Бирок Украина орустардын танкасынын командирин 62 жаштагы адамды башка атып, аскер кылмышын жасаганы үчүн түрмөгө өкүм кылды.
Анткен менен жогортон буйрук бергендерди, эң оболу Россиянын президенти Путинди жоопкерчиликке тартуу абдан оор маселе.
Биздин укуктук кабарчыбыз Доминик Кашани аскердик кылмыштар үчүн Путинди баш кылып айыптууларды жоопко тартуу качандыр бир болушу мүмкүнбү деген сценарийди карап көрдү.
Эл аралык кылмыш сотунун башкы айыптоочусу, британдык адвокат Карим Хан Украинада аскердик кылмыштар болду деп айтууга негиз бар деп эсептейт.
Тергөөчүлөр Россия Крымды аннекциялап алган 2013-жылдан бери бардык катталган фактыларды карашууда.
Эгер далилдер жетиштүү болсо, прокурор Эл аралык кылмыш сотун шектүү адамдарды кармап Гаагада соттогонго алып келүүгө ордер беришин өтүнөт.
Бирок соттун өзүнүн полициясы жок, ошондуктан шектүү адамдарды кармап келүү мамлекеттердин өзүнө жүктөлөт.
Ал эми Россия эл аралык кылмыш сотуна мүчө эмес, ошондуктан аскердик кылмышка шектүү адамдар кармалып экстрадиция болушу азыр мүмкүн эмес. (КС)
































