Кумтөр: Бөлтүрүк бөлгөн миллиондордун чоо-жайы
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

“Кумтөрдүн” камакта отурган мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн жактоочусу Эсеп палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн Кумтөрдөгү финансылык мыйзам бузуулар жөнүндө Би-Би-Сиге жооп берди. Кайсын Абакиров Эсеп палатасы финансылык мыйзам бузуу деп жаткан иштердин баары мыйзамдуу деп өзүнүн жүйөлөрүн айтууда.
"Тенгиз Айыпбергенович дагы өзү айткан, бир дагы тыйын мыйзамсыз расход болгон эмес. Баары мыйзам чегинде, учурундагы болгон ички ченемдик актылар менен кыймыл-аракеттин баарын жүргүзүшкөн",-деди Кайсын Абакиров.
Эсеп палатасынын отчету өткөн жылы октябрда эле чыккан экен. Бирок эмнегедир төрт айдан кийин ачык жарыяланып отурат. Демек, мындан Тенгиз Бөлтүрүккө каршы маалыматтык дагы уюшкан аракет болуп жаткандай көрүнөт.
Эсеп палатасынын отчетуна караганда, "Кумтөр" ишканасын сырттан башкаруу болгон бир жылдан ашык убакыт аралыгында эмерекке, эс алууга, кайрымдуулукка жана башка иштерге миллиондогон акча жумшалган. Атап айтканда, "Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине алты айда 32 долбоорго 1 миллион 908 миң доллар кеткен. Анын ичинде, "Аврора" санаторийи, Каракол аба майданы, "Каприз" тоо лыжа мейманканасы, Караколдогу ипподром, беш жылдыздуу мейманкана, мрамор чыгаруучу завод куруу сыяктуу толтура иштер пландалган.
"Кумтөрдүн" сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан кийин бул долбоорлордун баары токтоду. Мамказынадан 3,5 миллиард сом бөлүнгөн Улуу көчмөндөр мурасы" холдинги жабылды.

Сүрөттүн булагы, Official
Эмнеси сенсация?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эң көп каражат Кумтөрдүн көчкөн жаңы кеңсесинин ижара акысына, ага эмерек сатып алууга кеткен. Ошол эле учурда Тенгиз Бөлтүрүккө берилген "Кумтөрдүн" банктык карточкасынан жети миллион сом чыгымдалган, бирок отчету берилген эмес.
Тышкы башкаруучу андагы акчаларды өзүнүн үй-бүлөсүнө жумшаган учурлар бар. Мисалы, анын төрт баласы менен аялына Канадага авиа билетине бир миллион сомдон ашык акча жумшалганы көрсөтүлгөн. Бирок мунун баары мыйзамдуу дейт жактоочу.
"Тенгиз Бөлтүрүк менен биздин Каржы министрлиги тарабынан эмгек келишими бар. Ошол келишимде көрсөтүлгөн, жылына бир жолу Канадага барып келгенге бүт үй-бүлө, балдары баары көрсөтүлүп, андагы акчанын баары расмий түрдө берилип жатат. Аны "Кумтөр" компаниясы деле жакшы билет. Бул жылына бир эле жолу берилет, ай сайын эмес. Жылына бир жолу барып келсе, аны сенсация кылып жарыялап жатышпайбы, акчанын баарын жеп алды деп. Эгер эмгек келишиминде көрсөтүлсө, Каржы министрлиги тарабынан бекитилсе, эмнеге мыйзамсыз?"
Жактоочу ошондой эле Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдү башкарган учурга эл аралык аудит дагы жүргүзүлгөнүн, анын корутундусу Башкы прокуратура менен Эсеп палатасынын маалыматына таптакыр каршы экенин айтууда.
"Акылга сыйбаган иш"
Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Теңиз Бөлтүрүктү эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган.
Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атап, бардык айыптоолорду калп жана абсурд деген:
"Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылташууда".

Сүрөттүн булагы, official
Убагында Кумтөргө тышкы башкаруучу кылып Тенгиз Бөлтүрүктү президент менен өкмөт башчы эл аралык тажрыйбасы мол адам катары мактап өздөрү алып келишкен. Башкы прокуратура Кумтөрдө миллиард сомдон ашык финансылык мыйзам бузуулар болгонун билдиргенден кийин өткөн жылы сентбярда Бөлтүрүк камакка алынган. Азыркы убакта тергөө дагы эле жүрүп жатат. Сот аны үй камагына чыгарууга макул болгон жок.
































