Теңиз Бөлтүрүк ордо оюндарын качан ачыктайт?
Бүгүн шаардык сотто "Кумтөрдүн" мурдакы сырттан башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы аппеляциялык тартипте каралган жатат.

Сүрөттүн булагы, Social media
Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда Теңиз Бөлтүрүктү эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган.
Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин "акылга сыйбаган иш" деп атап, бардык айыптоолорду калп жана абсурд деген:
"Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы аткардым. Менде аябай көп иш болду. Мен бардык иштерди көзөмөлдөөгө жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектеништи. Анын баарын мага шылташууда".
Теңиз Бөлтүрүк - президент Садыр Жапаровдун эң ишенимдүү адамдарынын бири эле. Анын кармалышы сыртка сатылган алтындын отчету боюнча маселе коомдо кайра-кайра көтөрүлүп жаткан маалга туш келди.
Сыртка сатылган алтынды иликтөө үчүн Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия жана Азимбек Бекназаров баштаган коомдук комиссия да түзүлгөнү кабарланды.

Сүрөттүн булагы, PRESIDENT.KG
Жарандык активист Наристе Калчаев "Кумтөрдүн" мурдакы башкаруучусу менен камалар алдында жолугушканын Би-Би-Сиге билдирип, аны саясий оюндардын жеми болуп калды деп белгилеген эле.
"Мен алтын өндүрүшү, аны камсыздоо боюнча дагы маалыматтарды баарын ачыктаганга даярмын. Бирок өкмөт мага кысым кылып, андай кылуудан токтотуп жатат” деген. Демек, бул жерде саясий мотив болду. Теңиз Бөлтүрүк ошол эле Зулушев (ред. Башкы прокурор), Ташиевдин (УКМК төрагасы), ошол эле Акылбек Жапаровдун (ред. Министрлер кабинетинин төрагасы) сунуштарын уккан эмес. Алар кандай сунуштар болгон. Өздөрүнүн жакындарын же фирмаларынын кызмат көрсөтүү сунуштарын четке кагып келген. Түздөн түз президент менен иштешкен, ага гана отчет берген. Ал Ак үйдөгү ордо оюндарынын курмандыгы болуп калды”,- дейт Калчаев.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эсеп палатасы “Кумтөр” ишканасындагы финансылык мыйзам бузууларды аныктап, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганын бүтүм кылган.
Башкы прокуратура ошонун негизинде үч кылмыш ишин козгоп, мамлекетке келген зыяндын көлөмүн миллиард сом деп жарыя кылган.
23-августта "Кумтөр" компаниясын жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген эле.
13-сентябрда Башкы прокуратура Теңиз Бөлтүрүк жана компаниянын жабдуу боюнча адиси, каржы башкармалыгынын директору кармалганын билдирди.
Ошол эле убакта алтын жаңжалына көз салып жаткан талдоочулардын баамында, чынында азыр бир миллиард сом эмес, эки миллиард долларга жакын акчанын эсеби боюнча сөз болууда.
Айрымдар Теңиз Бөлтүрүктүн кармалышы коомчулуктун көңүлүн сыртка сатылган алтындын отчетунан алаксытуу аракети болушу мүмкүн деп жатышкан.
“Булардын расмий маалыматы боюнча Улуттук банк 19 тонна, “Кыргызалтын” 12 тонна алтын сатканы айтылат. Андан түшкөн жалпы акча 1 миллиард 800 миллион доллар болгон. Азыр Бөлтүрүк 1 миллиард сомго байланыштуу кармалып жатат, бирок бөрүлөрү ошол 1 миллиард 800 миллион долларга жооп бериши керек. Ал акча кандай сарпталды, дегеле алтында кайда барып, канчадан сатышты?”, - дейт саясат талдоочу Айданбек Акматбек уулу.

Сүрөттүн булагы, SOCIAL MEDIA
Кыргызстанда алтындын айланасындагы ызы-чуу азыр кайнап турган убак. Өткөн айда президенттин бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун алтын куйманы кармап турган чулгандуу сүрөтү тараган. Президент өз кезегинде "андан трагедия" кылыштын кереги жок" деп жооп берген менен, анын артында баары бир жаманаттысы калды.
Соңку интервьюсунда Садыр Жапаров "Кумтөр" кени Кыргызстанга кайтарылып жатканда Бөлтүрүккө “Кумтөр” боюнча толук ишеним артып, эч кимди укпоого көрсөтмө бергенин да айткан.
"Теңиз мырзанын башкаруу убагында алтын боюнча эч кандай маселе болгон жок. Болушу да мүмкүн эмес эле. Анткени алтын уурдоо деген түшүнүк ал жакта жок, баары компьютерлештирилген", - деп президент Садыр Жапаров оозун жыйгыча эле Теңиз Бөлтүрүктүн кармалышы коомдогу кезектеги талаш-талкууларга жем таштады.
Соңку кезде Садыр Жапаров менен башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ортосундагы мамиленин салкындап бара жатканы тууралуу сөздөр көбүрөөк айтыла баштады:
“Айрым бир имиштер бар, Башкы прокурор кызматынан алынып, анын ордуна азыркы парламент спикери барат деген имиштер жүрүп жатат. Эгер андай имиш сөздөр чындыкка жакын келе турган болсо, анда Зулушев колундагы акыркы көзүрлөрүн чаап, президенттин айланасындагы адамдарды чабышка өттү”, -дейт саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу.
Башкы прокуратура 13-сентябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу фактылары боюнча эки кылмыш ишин козгоп, бирок министр Башкы прокурор ага жеке кызыкчылыгынан улам иш козгоп жатканын билдирүүдө. (КС)
































