Гаитиде банда чабуул коюп, түрмөдөн 4000 кишини чыгарып жиберди

Гаитинин анархия, бандиттер каптап калган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гаитинин анархия, бандиттер каптап калган
Published

Карибдеги арал мамлекет Гаитиде куралдуу банда борбордогу түрмөгө чабуул коюп, абактан 4000ге жакын кишини чыгарып жиберди.

Улуттук түрмөгө ишемби күнү кечинде чабуул коюшкан. Андан эки күн мурун эле гаитиниин премьер-министри бандитизмге каршы күрөштү күчөтүү үчүн гаитиге эл аралык контингентти жайгаштыруу боюнча Кенияга сүйлөшүүгө кеткен эле. Банданын Барбекю аттуу анабашчысы премьер-министрге каршы согуш жарыялап жиберди.

Жекшемби күнү түрмөгө чабуул болгону тууралуу кабар тараган соң эл аралык агенттиктердин жергиликтүү кабарчылары окуя болгон жерге барышты. AFP агентттиги түрмөнүн дарбазалары ачык калганын, ал жерде кеминде он кишинин сөөгү жатканын билдирди. Reuter агенттиги болсо камактагы үч кишинин сөөгү түрмөнүн короосунда жатканын жазды.

Гаитинин бийлиги полиция бир эле учурда окуя болгон түрмөгө жана Круа-де-Буке деп аталган түрмөгө болгон чабуулдун мизин майтарууга аракет кылганын жарыялады. Экинчи түрмөдөн канча киши качып кеткенге үлгүргөнү тууралуу маалымат жок. Биринчи түрмөдө болсо тизме боюнча 3800 киши жаткан. Reuters тараткан маалыматка караганда, камераларда 99 гана киши калган. Агенттикке маалымат берген кишинин айткандарына караганда, түрмөнүн кызматкерлери жөн жерден ок жеп калбайлы деп чыккан эмес.

Чыгып кетпей калып калгандардын арасында 2021-жылы гаитинин президенти Жовенел Моизаны өлтүрүүгө катышытыгы бар деп айыпталган колумбиялык мурдагы аскерлер бар.

Бандалар бийликке ачык эле согуш жарыялады

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бандалар бийликке ачык эле согуш жарыялады

Гаитидеги бул киши өлтүрүүдөн кийин, жакыр мамлекетти биротоло эле анархия менен бандитизм каптап калган. Банда борбордун 80 пайызын көзөмөлдөйт. Он бир миллион калкы бар өлкөдө өткөн жылы эле 8.5 киши өлтүрүлгөн.

Былтыр гаитидеги бандаларды ооздуктоо үчүн Кения эл аралык куралдуу контингентти жетектөөнү жана миңдеген полицияны жөнөтүүнү демилгелеген. Ошондой эле африкадагы дагы бир өлкө Бенин 2000 аскер жиберерин, аны АКШ каржылай турганын убада кылган.

Кениянын Жогорку соту аткаруу бийлигинин гаити боюнча чечимин токтотуу жана гатинин өкмөт башчысы Ариэль Анри өткөн бейшембиде бул макулдашууну күчүндө калтырууну сүйлөшүү үчүн Найробиге жөнөгөн.

Ушул эле күнү полициянын мурдагы кызматкери, жергиликтүү банданын башчыларынын бири Барбекю деген лакап ат менен таанылган Жимми Шеризье, шаардын жана провинциялардын бандалары Анрини төңкөрүү үчүн биригип жатышканын жарыялаган.

"Өлкө эч нерсени жөндөй албай калды. Эч ким жетектебейт, лидер жок, калк ачкачылыкка кабылды, эл көчөгө чыккандан коркот. Эл чарчады жана мындан ары чыдоого болбойт",- деген Барбекю.

Түрмөгө чабуул башталганга чейин бир нече жолу атышуу болуп, төрт полицейский каза таап, дагы беш полиция жарадар болуп, бандиттер аэропортко кол салган. Мунун кесепетинен бир нече рейс токтотулуп, бир нече студент кыска убакытка барымтага алынган. Студенттердин бири жарадар.