Жогорку Соттун төрайымы кызматтан кетүүгө арыз жазды

Сүрөттүн булагы, Sot.kg
Кыргызстандын Жогорку Сотунун төрайымы Нургүл Бакирова кызматынан өз ыктыяры менен кетүү жөнүндө арыз жазды. Ушундай маалымат Жогорку Соттун расмий сайтында жарыяланды.
"Жаңы Конституцияда Жогорку Соттун төрагасын шайлоо тартиби кардиналдуу түрдө өзгөргөн. Эгер мурда төрага Жогорку Соттун судьялары тарабынан үч жылдык мөөнөткө шайланса, азыр жаңы Конституцияга ылайык төрага Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан беш жылдык мөөнөткө Соттор кеңешинин сунушунун негизинде, Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен дайындалат. Ошого байланыштуу Нургул Бакирова Жогорку Соттун төрайымынын ыйгарым укуктарын аткарууну өз ыктыяры менен токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды",-деп айтылат Жогорку Соттун расмий сайтындагы билдирүүдө.
Төрайымдын кеңешчиси Ибрагим Нуракун уулу отставканын себептери жөнүндө расмий билдирүүдөн башка эч нерсе айтылбай турганын билдирди.
Бул билдирүү Кыргызстанда соттордун эмгек акысы абдан жогорулагандыгы жөнүндө талаш-талкуу болуп жаткан учурда чыкты.
Мунун алдында Кыргызстанда соттордун эмгек акысы 160 миң сомго чейин жогорулады деген Финансы министрлигинин маалыматы жарыяланган эле. Жогорку Сот өз кезегинде соттордун эмгек акысы мынчалык деңгээлге чыга элек деген төгүндөөсүн билдирген. Бирок бул маалыматтын төрайымдын отставкасына тиешеси жок болушу да мүмкүн. (КС)




























