“Өзүнүн позициясын билдирбеди”: президенттин сынга кабылган кайрылуусу

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңешке келип, сөз сүйлөдү. Өлкө башчысынын риторикасынан жакын арада карантин киргизилбей турганы, парламенттик шайлоонун мөөнөтү жылдырылбашы маалым болду.
Каникулга тарап кетердин алдында Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөт мүчөлөрү ант берди. Бул себептүү парламентке келген өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков антикризистик өкмөттүн негизги милдеттерин санап өттү:
“Алдыңарда үч негизги милдет бар: глобалдуу илдеттин кесепеттерин жоюу, экономиканы калыбына келтирип өнүктүрүү жана келе жаткан шайлоолорду адилет өткөрүү”.
Президент эпидемиологиялык кырдаалга кайрылып, азырынча чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүгү бар экенин, андыктан кайрадан карантин киргизилбей тургандыгын билдирди.
Өз сөзүндө президент тышкы саясат, экономика, социалдык тармактарда буга чейин ишке ашкан жана жасалып жаткан бир топ иш-аракеттерге токтолду. Бирок ушу тапта борбор калаадагы ооруканалардын жана медкызматкерлердин жетишсиздигине байланыштуу кымгуут абалга токтолгон жок.
Соңку күндөрү коомдо көтөрүлүп жаткан бейөкмөт уюмдары, маалыматтты манипуляциялоо тууралуу талаштуу мыйзам долбоорлору, жарандын коомдун митинги тууралуу да үн катпады.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Президент коомдон такыр сигнал албай жатканын көрсөттү. Же сигнал алып атса деле көрмөксөн, билмексен, укмаксан болуп койгонун коомго ачык көрсөттү. Кечээки эле митингди алалы, пандемияга карабай канчалаган жарандар көчөгө агылып чыкты. Бирок бул жөнүндө да эчтеке айткан жок. Өлкөдөгү бир да проблема жөнүндө өзүнүн ажолук позициясын билдирген жок. Өлкөнү демократиялык баалулуктардан артка тарта турган, авторизмге секирик жасай турган демилгелер тууралуу бир да сөз кылган жок. Бул өлкөдө ушундай кыйналган абал уланат экен, бийликтин бизден кабары жок деген message берди”, -деди саясат талдоочу Руслан Акматбек.
Президент бүгүн Жогорку Кеңештеги сөзүндө парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу талкууларга да чекит койду.
Өлкө башчысы шайлоону калыс, эч бир партияга артыкчылык бербей өткөрөрүн убадалады. Буга чейин коомчулукта эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу добуш берүүнү мөөнөтүнөн жылдыруу тууралуу талаш-талкуулар болуп келген эле.
“Президент өз докладында шайлоого басым койгону элде көп түшүнбөстүктү жаратты. Себеби, азыркы тапта эл өзүнүн ден-соолугу эле эмес, өмүрүн ойлоп турган кези. Өлүм житим болуп аткан кезде, шайлоого басым жасалганы элди өкүндүрдү. Азыркы маалда элдин саламаттыгы, мамлекет экономикасына басым коюлуш керек эле. Шайлоону эптеп өткөрүп алуу керек дегендин бул жерде бир эле себеби бар. Азыр кырдаал кооптуу болуп турат. Социалдык нааразылык абдан көп болуп турган чагы. Эгерде ушул шайлоодо утуп албаса, андан башка шанс болбойт дегенди эски элита түшүнүп турат,”, - деди мурунку аткаминер Максат Чакиев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сооронбай Жээнбеков мөөнөтү чыгып жаткан VI чакырылыштын депутаттарына кайрылып, арасында кийинки шайлоого барам дегендери көп экенин белгилеп, шайлоону таза өткөрүүгө чакырды.
Президент коррупцияга каршы күрөштө соңку сессияда парламент тийиштүү мыйзам долбоорлорун колдоп бергенине ыраазы экенин билдирди.
Бирок бул Жогорку Кеңеш сыртындагы саясий күчтөрдүн жана жарандык коомдун олигархтык парламент атыккан бул чакырылышка берген баасы менен кескин айырмаланып жатат.
Өлкөдө эпид кырдаалга байланыштуу социалдык чыңалуу байкалууда, аны менен колдонуп кеткиси бар саясий күчтөр да баш көтөрүүдө. ИИМ буга чейин 1-июлда Ак үй алдына митингге чакырган билдирүүлөрдү таратып жаткан жаранды аныктаганын билдирген. Милиция андай чакырык жасагандардын бири “Чоң Казат” кыймылына тийиштүү жаран экенин да тастыктаган. EKa
































