400 окуучунун тагдыры: Имарат ээси менен ижарачынын талашы

- Author, Алмира Абидинова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Оштогу "Кел Бил" жеке менчик мектебинин негиздөөчүлөрү Өмүрбек Акбарали уулу жана анын жубайы Үмүт Кушбак кызы мындан эки жыл мурун ижарага имарат алып, оңдоп-түзөп, окуучулары менен көчүп киришкен. Бирок азыр имарат ээси алардын чыгып кетүүсүн талап кылып жатат. Жубайлар окуу башталышына аз калганын айтып, мектеп жабылса, 400 окуучу кайда барат деп сарсаана. Ал эми имарат ээси келишим мөөнөтү бүткөнүн билдирүүдө. Учурда бул иш боюнча милиция тергөө иштерин жүргүзүүдө.

"Башында ээси менен имаратты беш жылга алабыз деп оозеки сүйлөшкөнбүз. Анан имаратты бүтүргөндө, ал эже келишимди эки жылга түзүп туралы, кийинки жылдары инфляцияга карап, улантып кете беребиз деген. Биз ал эженин сөзүнө ишендик. Мугалим калкы ишенчээк болот да. Ага ишенип жумушту улантып келе жатканбыз" - дейт Өмүрбек Акбарали уулу.

Ал эми анын жубайы Үмүт Кушбак кызы келишим бүткөн соң аны узартуу убадасы оозеки айтылганын, ошого байланыштуу алар жаңы окуу жылына даярдык көрүп отурушканын айтты. Имаратты бошотуу чечими аларга күтүүсүз болгонун белгиледи:
"Жыл сайын ижара акысын көтөрүп, келишим жаңыланат. Быйыл 31-майда келишим бүтсө, дагы ижара акысын көтөрөт экен, келишим жаңыланат экен деген ой болгон. Анан майдын аягында имараттын ээсинин бир тууган иниси менин жолдошума байланышып, иштешүүнү убада кылган. Биз ошого ишенип мугалимдер менен келишим түзүп, жаңы окуу жылына окуучуларды кабыл ала баштагам".

Жубайлар ай сайын 550,000 сомдон 750,000 сомго чейин ижара акысын төлөп келишкен. Алар имарат мектепке ылайыкталып, оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин келишим узартылбай калганына ызаланып жатышканын айтышууда.

Имарат ээси Назгүл Жолдошева жубайлардын сөзүн төгүндөп, беш жылга иштешебиз деген оозеки кеп болбогонун айтты. Ал бир жыл ижара акысын албаганын, жубайлар ижара акынын эсебинен 4 млн. 610 миң сом сарптап, имаратты оңдогонун кошумчалады. Учурда мыйзамдуу түрдө келишим бүткөнүнө карабай, ижарачылар имаратты бошотпой жатканын билдирди:

"Мына, экинчи жылы биз мыйзамдуу келишим түзүп жатабыз, айына 750 миң сомдон, өздөрү ыраазы болуп, тогуз айга келишим түзүп жатабыз. Себеби окуу процесси тогуз эле ай болот. Ошонун негизинде биз тогуз айга келишим түзүп жатабыз. Бирок бул келишимде көрсөтүлгөн май айынын ижара акысын мага бербей койду. Мен чалып, Өмүрбек, эмне үчүн май айынын ижара акысын которбой жатасың десем, "кыскасы дагы бир жылга узартасыз, анан мен сиздин акчаңызды берем, болбосо жок" деди".

Назгүл Жолдошева имарат жайгашкан жерге турак үйгө деп архитектуралык документтер алынганын, мектеп ачуу үчүн уруксат кагаздары жок болгондуктан ага айып пул салынганын айтты. Менчик ээси 10 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөгөн. Эгер имарат бошосо, тиешелүү уруксат кагаздарды алып, өзү менчик мектеп ачууну пландап жатканын кошумчалады:
"Эми ушунча болуп калды. Эл аралык деңгээлде, чет жактан мугалимдерди алып келип, ошол жерди жаппай, мыйзамдуу кылып ишмердүүлүктү улантайын деген ниетим бар".

Назгүл Жолдошева "имаратымды басып алды" деп Ош шаардык милициясына арыз менен кайрылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканын Ош шаардык милициясынан билдиришти. Бул талаштуу маселе боюнча калаа бийлиги кабардар экенин, маселени оң жагына чечүүгө аракет болуп жатканын кабарлады.
































