Кыргыз туусу менен деңиз кезген кемелер: уруксатты ким берет?
Элеонора Куленбкова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Кыргызстан - деңизге жолу жок өлкөлөрдүн бири. Бирок интернеттен издесеңиз, кыргыз туусунун алдында ондогон кемелер сүзүп жүргөнүн көрөсүз.
Marine Traffic тиркемесине кирип, "Кыргызстан" деп издесеңиз, ал жактан ондогон кемелер чыгат.
Мисалы, ATHE NOVA аттуу битум ташуучу танкер. Учурда Оман булуңунда жүрөт. Дагы бири - EVER CZZZ аттуу жүк ташуучу кеме. Ал болсо Кытайда катталган маршрут менен бара жатат.
Кыргыз бийлиги бул кемелерге кыргыз туусун колдонууга ким уруксат бергенин иликтеп жатат.
Быйыл 3-июнда Жогорку Кеңеште депутат Болот Сагынбаев биринчилерден болуп ушул маселени көтөрүп чыкты.
"Marine Traffic карасаңыз, 100дөн ашык кеме биздин желек менен жүрөт, анан буларга ким тараптан уруксат берилген? Лицензияны кимден алышкан, канча салык төлөшөт жана аларды ким көзөмөлдөйт? Ал жактан наркотикалык зат же контрабанда ташый турган болсо мамлекетке кандай таасир этет?".
Кыргызстан Эл аралык деңиз уюмуна болгону 2024-жылы кошулган. Деңиз кодекси болсо 24-июнда гана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Деңиз администрациясы да түзүлө электе эле ал кемелерге кыргыз туусун менен жүрүүгө уруксатты ким бергени кызык болуп жатат.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Экономика министрлигинин өкүлдөрү болсо, кемелерге кыргыз туусун колдонууга уруксат берилбегенин айтып жатат. Алар бул боюнча Эл аралык деңиз уюмуна расмий сурам жөнөтүп, жообун күтүп жатышат.
Экономика министрлигинин өкүлү Мелис Эржигитов уруксатты өлкө ичинде ргандар бербегени такталганын Би-Би-Сиге билдирди.
"Компетентттуу мамлекеттик органдарга расмий турдө суроо талап менен кайрылдык. Дуйнөлүк океанда Кыргызстандын туусу алдында сүзүп жүргөн кемелердин бардыгы же жоктугу тууралуу тиешелүү маалыматтырды бергиле деп кайрылдык. Андай уруксат берилген эмес. Эми эл аралык уюмдан жоопту күтүп жатабыз".
Ошол эле учурда өкмөт деңиз тармагындагы улуттук операторду былтыр эле тандап койгон. Ачык маалыматтар боюнча бул функцияны азыр "Деңиз каттоочусу" аттуу жеке компания аткарат. Аны "Арсеналъ-Кыргызстан" камсыздандыруучу компаниясы негиздеген. Бирок бул компаниянын директору Сыргак Арзыматов азырынча кыргыз туусу алдында эч кандай кеме катталбаганын жана бул үчүн мыйзамдык база толук дайын боло электигин Би-Би-Сиге билдирди.
"Деңиз реестри" жопкерчилиги чектелген коомдук уюму азырынча өз ишмердүүлүгүн баштай элек жана деңиз кемелерин каттоого уруксат берген да эмес деп расмий билдиребиз. Анткени, Кыргызстан деңиз кемелерин каттоону баштоодон мурда улуттук мыйзамдарын эл аралык стандарттарга шайкеш келтириши керек. Мындан тышкары, өлкө деңизде сүзүү тармагындагы көптөгөн эл аралык конвенцияларды ратификациялоого тийиш. Бул документтер кабыл алынмайынча, Кыргызстан деңиз кемелерине өз туусун берүү укугун иш жүзүндө пайдалана албайт".
Транспорт министрлиги да алар мындай уруксатты азырынча бере албай турганын айтууда:
Транспорт министрлигинин өкүлү Нурмат Мусабаев дагы анын сөздөрүн коштогон жообун берди.
"Ал азыркы учурда факт жүзүндө бир да кемени Кыргызстандын желеги алдында каттаган жок. Себеби, азыр аны каттай турган ички ченемдик акттылар жок. Аларды каттай тургандай тариф, баалар бычыла элек".
Анда кыргыз туусун колдонуп жүргөн кемелер кайдан пайда болду?
Эксперт Искендер Шаршеевдин пикиринде Кыргызстандын туусун ортодо фейк компаниялар сатып, акча таап жатышы мүмкүн.
"Бул боюнча бизде так маалымат жок. Мамлекеттик органдар мындай желекти колдонууга расмий уруксат берген эмес. Мындай көрүнүш башка өлкөлөрдө да кездешкен. Фейк сайттарды түзүп, жасалма уруксаттарды таратышы мүмкүн. Мисалы, өздөрүн Кыргызстандын деңиз реестри катары көрсөтүп, документтерди мыйзамдуу көрүнгөндөй жасап сатышат. Алар AIS жана MMSI сыяктуу кемелердин идентификациялык маалыматтарын, ошондой эле IMO стандарттарын жана реестрлерин көчүрүп колдонушат. Ушундай чуулгандуу учурлар Малайзияда, Бенинде, Малавиде, Конгодо жана Микронезияда болгон. Ал жактарда фейк деңиз реестрлерин түзүп, ошол өлкөлөрдүн желектерин мыйзамсыз сатып келишкен. Натыйжада чоң жүк ташуучу кемелер да ошол жасалма каттоолор менен сүзүп жүргөн учурлар катталган".
Кыргыз туусунун алдында жүргөн бул кемелер чынында кимге таандык жана алар биздин желекти кандай негизде колдонуп жатат белгисиз тейден калууда.
Ал арада кыргыз туусу менен кемелер деңиздерди кезип жүрүшөт.
































