АКШ Трамптын элдешүү аяктаганы тууралуу билдирүүсүнөн кийин Иранга каршы жаңы соккуларды баштады

Сүрөттүн булагы, Reuters
АКШнын аскерлери шаршемби күнү кечинде Иранга каршы жаңы соккулар жасалганын билдиришти. Бул АКШ президенти Дональд Трамп ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин мөөнөтү аяктады деп эсептей турганын билдиргенден көп өтпөй болду. Соккулар менен жооп кайтаруулар НАТОнун Анкарадагы саммитинин алдында башталды. Аскердик чыңалууга Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине жасаган чабуулдары себеп болгону айтылууда.
"Башкы командачынын буйругуна ылайык, АКШнын Борбордук командачылыгы Ирандын Ормуз кысыгындагы эркин кеме каттамына коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн дагы да алсыратуу максатында кошумча соккуларды жасай баштады", — деп айтылат командачылыктын X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
"АКШ Иранды эл аралык маанидеги бул маанилүү суу жолу аркылуу эркин жүрүп жаткан соода кемелерине жана алардын жарандык экипаждарына каршы акыркы негизсиз агрессиясы үчүн жоопкерчиликке тартууда", — деп айтылат билдирүүдө.
"Бул Ирандын кечээ кемелерди бомбалаганы үчүн өч алуу. Эгер бул дагы кайталанса, анын кесепети мындан да оор болот!" — деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.
АКШнын аскерлери тараткан дагы бир билдирүүгө ылайык, соккулардын жаңы толкуну аяктады. Жалпысынан 90 бутага сокку урулган. Алардын арасында абадан коргонуу системалары, ракета жана учкучсуз учактар сакталган кампалар, аскер-деңиз объектилери жана Ирандын жээкте жайгашкан логистикалык инфраструктурасы болгон.
Ирандын мамлекеттик IRNA агенттиги Ормуз кысыгына жакын өлкөнүн түштүк жээгиндеги бир нече шаарда жарылуулар болгонун билдирди. Алардын арасында өлкөнүн эң ири порту жайгашкан Бендер-Аббас шаары да бар. Бул жерде Ирандын аскер-деңиз флотуна жана Ислам революциясынын сакчылар корпусуна караштуу маанилүү объектилер жайгашкан.
Маалыматка ылайык, соккулар Чабахар, Конарак, Сирик шаарларына жана Лаван аралына да тийген. Чабахардын айрым райондорунда электр жарыгы өчкөн. Мамлекеттик IRIB телеканалы билдиргендей, шаардагы эки пирс жана деңиз кыймылын көзөмөлдөгөн диспетчердик мунара чабуулга кабылган.
Мамлекеттик Press TV телеканалы Ирандын түштүк-чыгышындагы Ираншахр шаарынын аэропортундагы терминалдын имаратында жана учуп-конуу тилкесинде жарылуулар болгонун маалымдады. IRNA агенттигинин маалыматына караганда, аэропортто бир өрт өчүрүүчү каза болуп, учууларды башкаруу имараты менен метеостанция жабыркаган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Tasnim агенттиги өлкөнүн түндүгүндө ракета темир жол көпүрөсүнө зыян келтиргенин билдирди. Ал эми Fars агенттиги Бушер шаарында да жарылуулардын үнү угулганын жазды. Бул шаарда Орусиянын катышуусу менен курулган атомдук электр станциясы жайгашкан. Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешине жакын Nournews агенттиги станция жабыркабаганын билдирди. Басылма аскердик булакка шилтеме берип, жакын арада Иран аймактагы АКШнын аскердик базаларына каршы "масштабдуу чабуулдарын" кайра баштай турганын маалымдады.
Бахрейн менен Кувейтте аба чабуулу тууралуу айгай жаңырды. Кувейттин Коргоо министрлиги ракета жана учкучсуз учактар менен жасалган чабуулдардын мизи кайтарылганын билдирди. Ал эми Ислам революциясынын сакчылары Кувейттеги АКШнын эки аскердик базасына жана Бахрейндеги дагы эки базага сокку урулганын жарыялады.
Мунун алдында АКШ менен Иран өткөн аптада Катарда өткөн техникалык сүйлөшүүлөрдөн кийин биринчи жолу кайрадан бири-бирине сокку ура баштаган. АКШнын аскерлери дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Ормуз кысыгына жакын жерде танкерлерге жасалган ирандык чабуулдарга жооп катары Ирандагы ондогон аскердик буталарга сокку урганын билдиришкен. Өз кезегинде Иран Кувейт менен Бахрейндеги АКШнын аскердик базаларына сокку урганын маалымдаган.
Согуш аракеттеринин кайра жанданышы АКШ президенти Дональд Трамп НАТОнун Түркиядагы саммитине катышып жаткан учурга туш келди. Саммиттин жүрүшүндө андан АКШ менен Иран июнь айында кол койгон өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун мөөнөтү аяктаган-аяктабаганы тууралуу сурашты. Документте 60 күндүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүү, Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын эки тарап тең камсыз кылуу жана Тегеранга карата АКШнын айрым чектөөлөрүн жеңилдетүү каралган.
"Бул абдан кызыктуу суроо. Менин оюмча, анын мөөнөтү аяктады. Мен алар менен мындан ары иштешким келбейт. Алар оорулуу адамдар. Аларды да ошондой адамдар башкарып жатат. Менимче, алар менен сүйлөшүү — убакытты текке кетирүү гана", — деди Трамп.
Ал бул билдирүүсү менен бирге АКШ Иранга каршы жаңы соккуларды жасай турганын да жарыялады.
Шаршемби күнү Иранга жасалган соккулар шейшембидегиге караганда кыйла кеңири масштабда болорун аты-жөнүн атагысы келбеген америкалык расмий өкүл Reuters агенттигине билдирген. Axios басылмасынын булагынын айтымында, бул жолу да абадан коргонуу системалары, ракета учуруучу түзүмдөр жана жээктеги радарлар бутага алынган.
Reuters агенттиги белгилегендей, соңку чыңалуу 17-июнда кол коюлган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум туруктуу ок атышууну токтотуу келишимине айланат деген үмүттү солгундатты.
Шаршемби күнү Иран АКШнын соңку соккуларына жооп катары Бахрейн менен Кувейттеги америкалык аскердик объектилерге чабуул койгонун билдирди. АКШ болсо бул соккуларды Ормуз кысыгындагы соода кемелерине жасалган чабуулдарга жооп катары ишке ашырганын маалымдаган.
Ошол эле учурда шаршемби күнкү маалымат жыйынында АКШ президенти Дональд Трамп согуш кайра тутанат деп эсептебей турганын айтты.
"Эмне болсо да, баары өтө тез аяктайт. Мунун баары коопсуздукту күчөтөт, анын ичинде мунай ташуулар үчүн да", — деди ал.
Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын акыркы соккуларынан кийин мунайдын баасы баррелине 1 доллардан ашык кымбаттады. Бирок баалар апрель айынын аягындагы эң жогорку көрсөткүчтөн кыйла төмөн бойдон калды. Ал кезде мунайдын баасы баррелине 120 доллардан ашкан.
Шаршемби күнү Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү АКШнын жаңы соккулары 17-июнда кол коюлган өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду бузганын билдирди. Анын айтымында, документте Тегерандын "Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүүсүнүн шарттарын аныктоо укугу" каралган.
CNN телеканалынын булагынын айтымында, АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы жаңы соккуларды жасоо чечимин эки негизги себептен улам кабыл алган. Биринчиси — Ормуз кысыгынын азыркыга чейин толук ачылбай жатканына нааразы болгону. Экинчиси — Ирандын АКШ президенти НАТОнун саммитине катышып жаткан учурда дал ошол кысык аркылуу өткөн кемелерге чабуул жасаганы. Булактын айтымында, Трамптын нааразылыгы Анкарада журналисттер менен болгон маегинде ачык айтылып, ок атышууну токтотуу режими аяктаганы тууралуу кескин билдирүүлөргө алып келген.
CNN булагынын айтымында, Трамп сүйлөшүүлөрдүн өтө жай жүрүп жатканына, айрыкча Иран өзөктүк программасы боюнча Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү атайылап создуктуруп жаткандай көрүнгөнүнө чыдамы кетип бара жатканын билдирген.
Трамп Түркиядагы саммиттен кайтып келе жатып Air Force One учагында журналисттерге: "Алар жакында эле телефон чалышты. Алар келишим түзүүнү абдан каалап жатышат. Бирок мен алардын мындай келишимге татыктуубу же жокпу, билбейм", — деди.
"Алар бизге бир жолу сокку урса, биз аларга жыйырма жолу жооп кайтарабыз", — деп кошумчалады ал.
Буга чейин Ирандын башкы сүйлөшүүчүсү Мохаммад-Багер Галибаф АКШны ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууну бузду деп айыптаган. Ал АКШнын акыркы соккуларын гана эмес, Ирандын мунай тармагына каршы санкциялардын кайра киргизилишин да мисал келтирген.
"Коркутуу жана басым көрсөтүү доору аяктады. Биз багынбайбыз", — деп жазган Галибаф X социалдык тармагында.
Ал эми НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте саммитинин алдында журналисттерге берген комментарийинде АКШнын Иранга каршы жаңы соккуларын "толук негиздүү жана зарыл" деп атаган.
Бейшемби күнү Галибаф дагы бир билдирүү жасап, "АКШ ушул кезге чейин коркутуу жана убадаларды бузуу жоопсуз калбай турганын түшүнө элек" деп жазды.
"Бекерге ары-бери чабалактабай эле койгула, болбосо мындан да баткакка батасыңар. Ормуз кысыгы АКШнын коркутуулары менен эмес, Иран менен жетишилген макулдашуунун негизинде гана ачылат", — деп кошумчалады ал.
































