"Мындан да жаман болмок". НАТОнун Анкарадагы саммити кандай өттү?

Владимир Зеленский Түркиянын борборунан жакшы маанайда кетип баратат

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images

    • Author, Елизавета Фохт*
    • Role, Би-Би-Си, Анкара
  • Published
  • Окуу убактысы: 5 мүнөт

НАТОнун Түркиядагы саммити альянста биримдик жана туруктуулук өкүм сүрүп жатканын дүйнөгө көрсөтүү максатын көздөгөн. Бирок анын жыйынтыгы эки анжы таасир калтырды: АКШнын президенти Дональд Трамптын альянстагы союздаштарынын дарегине айткан ачуу сөздөрү жана Жакынкы Чыгыштагы жаңы чыңалуу жолугушуунун урунттуу учурлары болуп калды.

Бир гана адамдын Анкарага сапары чындап ийгиликтүү аяктагандай – бул Украинанын президенти Владимир Зеленский, ал үйүнө жаңы колдоо чаралары менен кайтып баратат.

"Адамдар чын жүрөктөн сүйлөшө алган үй-бүлө"

"Адамдар ачык сүйлөшүп, бир аз талашып-тартыша ала турган үй-бүлөлөр "эч урушпайлы жана ынтымактуудай көрүнөлү" деген принцип өкүм сүргөн үй-бүлөлөргө караганда алда канча бекем болушат деп ойлойм", - деди журналисттерге саммит аяктагандан кийин НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте.

Үй-бүлө деп ал, албетте, альянс тууралуу айтып жатат. Альянстын бул жылкы жолугушуусу АКШ менен башка союздаштардын ортосунда ачык эле пикир келишпестиктер өкүм сүргөн шарттарда өттү.

НАТОнун жетекчилиги альянстын күчүн жана биримдигин көрсөтүү үчүн колдон келгендин баарын жасоого аракет кылды. Рютте жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын президенти Дональд Трамптын Түркияга келиши үчүн болгон күч-аракетин жумшашты.

Трамптын кыжырын келтирбөө үчүн бир жыл мурда Гаагада болгондой эле, бул жолу да саммит мүмкүн болушунча кыска форматта өттү. Саммиттин биринчи күнүн союздаштар ийгиликтер жөнүндө гана сүйлөшүүлөргө арнашты. НАТОнун атайын форумунда алар альянстын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыра турган жаңы программалар, өндүрүштүн көбөйүшү жана Гаагадагы саммиттин планынын аткарылышы жөнүндө айтып беришти. Гаагада союздаштар жамааттык чыгымдарды ИДПнын 5% чейин көтөрүүнү макулдашкан эле.

Бирок Трамп Анкарага учуп келээр замат саммиттин негизги темалары Түркиянын F-35 истребителдер программасына кайтып келиши же Европанын алыскы аралыкка жетүүчү жаңы ракеталык системасын жана дрондор менен күрөшүү программасын түзүү пландары эмес экени белгилүү болду.

Жерге коноор замат АКШнын президенти Ирандагы согушка карата союздаштарынын реакциясынан улам альянска "кыжырданып жүргөнүн" дагы бир жолу билдирди. Мындан тышкары, Трамп АКШнын НАТОдогу союздашы Даниянын аймагы болгон Гренландияны өз көзөмөлүнө алуу талабын дагы бир жолу кайталады.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Мындан тышкары, бул түнү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайрадан курчуду. АКШ Ормуз кысыгына жакын жердеги Омандын аймагында үч соода кемесине коюлган чабуулга жооп катары Иранга жаңы соккуларды уруп, Тегеранга мунай сатууга уруксат берген лицензиясын чакыртып алды.

Эртеси, Түндүк Атлантика кеңешинин (НАТО лидерлерин бириктирген орган) жыйыны өткөн күнү кырдаал кыйла курчуп кетти. Саммитте Трамп Испанияны альянстагы начар өнөктөш деп атап, Мадрид менен соода мамилелерин үзөм деп коркутту. Трамп ошондой эле Иран менен элдешүү иш жүзүндө аяктаганын белгилеп, өлкөнүн бийлигинде тургандарды "акмак" жана "оорулуу адамдар" деп атап, алар менен "иш алып баргысы келбестигин" билдирди.

Бирок альянстын лидерлеринин жолугушуусу кыйла тынч өттү. Reuters агенттигинин жабык эшик артындагы сүйлөшүүлөрдүн мазмуну менен тааныш болгон булагы маалымдагандай, сүйлөшүүлөр учурунда Трамп өнөктөштөрүнө эч кандай доомат койгон эмес жана АКШ альянстан чыкпай турганын ырастаган. Натыйжада лидерлер жыйындан "мындан да жаман болушу мүмкүн эле" деген маанайда чыгышты.

Трамп бир нече жолу сындаган Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер жолугушуунун жыйынтыгы менен НАТО "кыйла күчтүү жана ынтымактуу" болуп калганын билдирди. АКШнын президенти да жумшак сүйлөдү. Жыйынтыктоочу басма сөз жыйынында ал "альянстагы мамилелерди бир сөз менен сүрөттөсө болот, ал сөз – биримдик" деп айтты.

Журналисттердин Рюттеге жана башка лидерлерге узаткан суроолоруна караганда, лидерлердин сөздөрү аларды толук ынандырган жок. Бирок, бери дегенде, кагаз жүзүндө саммит альянста чындап ынтымак өкүм сүрүп жаткандай көрсөтүү менен аяктады. Жыйынтыктоочу декларациянын биринчи пунктунда НАТОнун Бешинчи беренесине ылайык "жамааттык коргонууга бекем берилгендик" тууралуу билдирүү жазылган: "Альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардыгына кол салуу катары кабылданат".

Ошол эле учурда документтен белгилүү болгондой, союздаштар жана альянстын жетекчилиги мурдагыдай эле Ак үйдүн көңүлүн табууну артыкчылыктуу маселе деп эсептешет. Коммюникеде Европа жана Канада эми коргонуу үчүн өздөрүнө көбүрөөк жоопкерчилик алып жатканы баса белгиленген. Дал ушул талапты АКШ көптөн бери коюп келаткан.

Украина колдоо тапты

Владимир Зеленский и Дональд Трамп

Сүрөттүн булагы, Reuters

Украинанын президенти Владимир Зеленский саммиттен таптакыр башкача маанайда кетти. Ал Украинага андан ары финансылык колдоо көрсөтүү боюнча союздаштарынан кепилдиктерди алып, абадан коргонуу каражаттарын жеткирүү маселесин чечүү максатын көздөп Анкарага келген. Акыркы күндөрү Орусия Киевге тынымсыз соккуларды уруп жаткан чакта бул маселе өзгөчө курч турат.

Саммиттин жыйынтыктоочу декларациясында Украинага өзүнчө пункт арналган. Башында айрым союздаштар документке "Украина менен Европанын коопсуздугунун үзгүлтүксүз байланышы" деген туюндурманы кошууну сунуштап жатышкан. Натыйжада декларацияда Киев "трансатлантикалык коопсуздукка салым кошуп жатканы", ал эми НАТО өлкөлөрү аны толугу менен колдой турганы айтылат.

Союздаштар ушул жылы Украинага аскердик жардам катары 70 миллиард доллар бөлүп, кийинки жылы бери дегенде ушундай эле деңгээлде колдоо көрсөтүүнү макулдашты, башкача айтканда, эки жылда Киев НАТОдон кеминде 140 миллиард доллар алышы керек.

Декларацияда "колдоо адилеттүү бөлүштүрүлүшү керектиги", ал эми коопсуздук чөйрөсүндөгү жардамдын негизги бөлүгүн Европа өлкөлөрү жана Канада каржылай турганы баса белгиленген – бул союздаштардын АКШнын көңүлүн алууга канчалык умтулганынын дагы бир белгиси.

Зеленский үчүн Трамп менен жеке жолугушуу да ийгиликтүү болду. Бул жолугушууда АКШ президенти Украинага абадан коргонуу системасына каршы Patriot ракеталарын чыгаруу үчүн лицензия берүүгө макул болду. "Бул абдан сонун да, туурабы? Ошентип, биз силерге жетишсиз жардам берип жатабыз деп даттана албайсыңар. Эми аларды өзүңөр чыгара бергиле", - деди Трамп.

Украинанын Орусиянын чек арасынан өтүп сокку уруп жатканын, мунун натыйжасында Орусияда күйүүчү май кризиси жаралганын да америкалык аткаминерлер эч айыптабастан талкуулашты.

"Согушта акыркы бир нече айда кырдаал өзгөрдү, тактап айтканда, орусиялыктарга өз аба мейкиндигин коргоо кыйла кыйын болуп калды. Бул аракеттер согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөргө шарт түзөт деп үмүттөнөбүз", - деди жолугушууга катышкан Мамлекеттик департаменттин башчысы Марко Рубио.

"Бул – эскалация. Бирок, бул эскалация согушту токтотушу мүмкүн", - деп макул болду Трамп.

"Узак мөөнөттүү коркунуч"

АКШ менен Ирандын ортосундагы согуш курчуп, саммит Европа менен АКШнын ортосундагы ажырымды тереңдетет деген кооптонуудан улам альянстын Кремль менен мамилеси бир аз көз жаздымында кала берген. Жыйынтыктоочу декларацияда Орусия тууралуу бир гана жеринде айтылат. Ал "евроатлантикалык коопсуздукка жана туруктуулукка узак мөөнөттүү коркунучтун" булагы катары белгиленген. Болжол менен ушундай эле туюндурма Гаагадагы жыйынтыктоочу документте да болгон. 2024-жылы Вашингтондогу саммитте Орусия НАТОго мүчө өлкөлөрдүн "коопсуздугуна эң олуттуу жана түздөн-түз коркунуч" катары бааланган.

Саммиттин алдында НАТОнун башкы катчысы Марко Рюттеден "Владимир Путинге айткыңыз келген сөз барбы?" деп сурашты.

"Европада, Канадада жана Кошмо Штаттарында жашаган миллиард адамды бириктирген бул союз өз аймагынын ар бир сантиметрин коргойт. НАТОну жеңүү мүмкүн эмес. Биз – коргонуучу альянспыз. Биз эч качан эч кимге кол салбайбыз. Биз жашоо калыбыбызды, демократиябызды жана аймагыбызды гана коргойбуз. Ошондуктан биздин сабырыбызды сыноого аракет кылбагыла жана биз менен ойнобогула", - деди Рютте.

Марк Рютте

Сүрөттүн булагы, NurPhoto via Getty Images

Саммиттин алдында Батыштын басма сөзүндө тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу мүмкүнчүлүгү көп талкууланды. Владимир Путин башында турган орусиялык аткаминерлер АКШнын ортомчулугу менен диалогду жандандырууну каалап жатканын айтышууда. Мындай форматтагы жолугушуу кыштан бери өтө элек болчу.

Жазында Европа өлкөлөрү да сүйлөшүүлөр жана аны жүргүзүүчү адам тууралуу көбүрөөк ойлоно башташкан. Бул "кызматка" талапкер катары каралгандардын бири – Финляндиянын президенти Александр Стубб. Саммиттин алдында Би-Би-Си аны кепке тартып, дипломатиялык аракеттердин келечеги тууралуу суроо узатты.

"Биз муну күн сайын талкуулап жатабыз", - деген Стубб бул тууралуу Зеленский, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Франциянын президенти Эмманюэл Макрон, Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин төрагасы Антониу Кошта менен сүйлөшкөнүн айтты. Финляндиянын президенти НАТОнун саммитинин алкагында кандайдыр бир жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүнө көп ишенбей турганын белгиледи.

Саммит маалында НАТОнун жогорку кызматтагы өкүлү аты-жөнүн атабоо шартында журналисттерге альянстын мүчөлөрү учурда Орусия толук кандуу сүйлөшүүлөргө даяр болбогонун, ал эми анын аскердик максаттары өзгөргөн жок деп эсептешерин айтты. Ошол эле учурда маектеш Би-Би-Сиге акыркы айларда блокто жаңы тенденция байкалганын, орусиялык элитанын согушка мамилеси өзгөргөнүн белгиледи.

"Элитанын айрым мүчөлөрү бул алардын эмес, Путиндин согушу деп айтып жатканын угуудабыз, - деди Би-Би-Синин маектеши. – Путин Москва менен Петербург согуштун азабын сезбеши үчүн болгон аракетин жасады. Бирок Украинанын соккулары, мунайды кайра иштетүүчү заводдорго байланышкан кырдаал, санкциялар таасирин тийгизип жатат".

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Анкарадагы саммиттин алдында "Кремль жолугушуу тууралуу бардык жаңылыктарды жана маалыматтарды көзөмөлдөп" турарын айткан. Балким, саммиттин жыйынтыгы тууралуу Владимир Путинге Дональд Трамп өзү кененирээк айтып берер – лидерлер саммиттен кийин телефон аркылуу сүйлөшүүнү макулдашкан.

Зеленский менен жолугушууда Трамп Орусия согушту "мүмкүн болушунча тезирээк" бүтүрүүгө умтулуп жатат деген сөзүн дагы бир жолу кайталады. Бирок, Би-Би-Синин Украина кызматынын суроосуна жооп берип жатып, ал Владимир Путинден согушту качан токтотууга даяр экенин эч качан сурабаганын мойнуна алды. Орусиянын жана Украинанын лидерлеринин ыктымалдуу жолугушуусу тууралуу сөз болгондо, АКШнын президенти бул теманы Орусиянын лидери менен талкуулаганын жана ал Зеленскийге кайрадан Москвага келүүнү сунуштаганын айтты.

"Сиз Орусияга барасызбы?" - деп сурады Трамп Зеленскийден. "Азыр Москвада кырдаал оор, ал жерде украиналык дрондор учуп жүрөт", - деп тамашалап жооп кайтарды Украинанын президенти.

Макаланы Зейнеп Мартбек кызы которду.