2025-жыл: Эрте кош бойлуулуктан жүздөгөн өспүрүм кыз эне болгон

Сүрөттүн булагы, Galina Zhigalova/Getty images
- Author, Санжар Эралиев
- Role, Би-Би-Синин Өзбек кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Кыргызстанда эрте никенин кесепетинен 2025-жылы 320 өспүрүм кыз эне болгону расмий белгилүү болду. Укук коргоочулар кыздарды эрте турмушка берүү маселеси менен олуттуу күрөшүүгө чакырышууда. Кыргызстан Борбор Азияда эрте нике жана эрте төрөт маселеси курч турган жалгыз мамлекет эмес.
Сөйкө салуу салты
Жакында эле 18 жашка толгон Нафиса Жалал-Абад облусунун Сузак районунан Бишкекке келип, университетке тапшырууну көздөөдө. Ал BBC кабарчысына келечекте журналист болууну кыялданарын айтты.
"Документтеримди университетке даярдадым, жакында тапшырам. 10-класста окуп жүргөнүмдө эле үйүбүзгө сөйкө салганы келишип, ата-энем турмушка берүүгө макул болушкан эле. Агам куткарып калды. Ата-энем да аргасыздан окуума макул болушту", – дейт ал.
Нафиса агасынын жардамы менен турмушка чыгуу милдетинен кутулуп, окуусун улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Бирок өлкөдө дагы деле жашы жете элек көптөгөн кыздар түрдүү себептер менен никеге туруп, өспүрүм курагында эле эне болуп калышууда.
Эң көп учур Жалал-Абад облусунда катталган.
"Болочок күйөө баланын ата-энеси мектептеги өспүрүм кыздардын үйүнө келип, сөйкө салып кеткен учурлар бар. Муну никеге убаданын белгиси катары кабыл алышат. Ата-энелер мунун жоопкерчилиги бар экенин билишпейт деле. Эгер бул маселеге каршы күрөштү күчөтпөсөк, эрте турмуш курган кыздардын тагдыры өкүнүчтүү болот", – дейт Балдардын укугун коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова.
Укук коргоочулардын белгилешинче, көбүнчө жакындары 9-класстан кийин окууну улантууга уруксат бербеген кыздар турмушка узатылат. Чечимди алардын туугандары кабыл алат, бул кыздардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрүн чектейт. Ошондой эле, өспүрүм курагында эне болгондордун арасында зордукталган же алданган кыздар да бар, бирок так статистика жок.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2025-жылы 320 өспүрүм эне болгон. Анын ичинде 13, 14 жаштагылар - беш төрөт, ал эми 15-17 жаштагылар - 315 төрөт. Министрликтин билдиришинче, өткөн жылы 17 жашка чейинки 40ка жакын кыз боюнан алдырган.
Укук коргоочулардын пикиринде, боюнан алдырган кыздардын көбү сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болушу ыктымал. Бирок бул боюнча расмий статистика жарыяланган эмес.
Омбудсмен эрте никелерге тынчсызданууда
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Омбудсмен аппараты жылдык баяндамасында жашы жете элек кыздарды турмушка берүү учурлары көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирген.
"Мониторингдин жыйынтыгына ылайык, эрте нике жана эрте кош бойлуулук маселеси дагы деле өз актуалдуулугун жогото элек. Көп учурларда бул көрүнүштөр кеч аныкталып, алдын алуу иштери жетишсиз экени байкалган. Ошондой эле, 15-17 жаштагы кыздар арасында кош бойлуулук жана төрөт учурлары катталган, алардын айрымдары ден соолукка олуттуу коркунуч келтирген", – дейт Омбудсмендин өкүлү Үмүт Абылгазиева.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, 18 жашка толбогондор менен никеге турууга тыюу салынган. Үй-бүлө кодексинде айрым учурларда турмуш курууга уруксат берилиши мүмкүн экени белгиленген. Бирок "айрым учурлар" эмнеден турары так көрсөтүлгөн эмес. Жергиликтүү бийликтер бул учурлардын катарына, мисалы, үйлөнө турган жигиттин же турмушка чыга турган кыздын ата-энеси катуу ооруп, тойду тездетүү зарылчылыгы келип чыкканын, же кыздын боюнда болуп калганын кошушат.
Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жашы жете элек кызды никеге мажбурлаган адамдар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле, мындай никени кыйган диний кызматкерлер да 5 жылга чейин эркинен ажыратылары жазылган.
Бул эрежеге карабастан, эрте никелердин көптүгү Омбудсмендин жылдык баяндамасында белгиленген. Омбудсмен аппараты өткөргөн сурамжылоого катышкан өспүрүм кыздардын басымдуу бөлүгү турмуш курганга караганда окууну тандашарын билдиришкен. Ушундан улам Омбудсмен Билим берүү министрлигине жана жергиликтүү бийликтерге бул жаатта күрөштү күчөтүүнү сунуштаган.
Учурда Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясы талкууланып жатат. Омбудсмен аппараты 18 жашка толбогондордун турмуш куруусу үчүн каралган "айрым учурларды" жоюуну сунуштоодо.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2025-жылы нике тууралуу мыйзамдарды бузууга байланыштуу 34 кылмыш иши козголуп, 100гө жакын адам соттолгон. Укук коргоочулар көп учурда эрте нике үчүн соттолгондорго жазаны пробация тартибинде өтөө жөнүндө өкүм чыгарыларын белгилешет. Пробация - жазаны эркиндикте, сот белгилеген шарттарды сактоо менен өтөө тартиби болуп саналат.
Бул жалгыз эле Кыргызстандын көйгөйү эмес
Эл аралык байкоолорго ылайык, Кыргызстан Борбор Азияда эрте нике маселеси бар өлкөлөрдүн арасында үчүнчү орунда турат. Дүйнөлүк банктын баяндамасында белгиленгендей, Борбор Азияда 19 жашка чейинки кыздар арасында төрөт деңгээли боюнча Кыргызстан үчүнчү орунда. Өлкөдө ар бир 1000 өспүрүм кыздын 28и балалуу болот.
Биринчи орунда Тажикстан - ар 1000 кызга 40 учур, экинчи орунда Өзбекстан - болжол менен ар 1000 кызга 34 учур катталган.
Өзбекстандын мыйзамдарында да нике курагы 18 жаш деп белгиленген. Бирок бир жылда канча кыз 18 жашка чейин турмуш курганы же балалуу болгону тууралуу ачык булактарда статистика жок.
Өзбекстандын расмий өкүлдөрү акыркы он жылда эрте никелердин саны кескин азайганын белгилеп келишет. Атүгүл 21 жаштан кийин турмуш кургандарды стимулдаштыруу демилгеси да көтөрүлгөн. Президент 3-мартта кол койгон жарлыкка ылайык, 2027-жылдан тартып 21 жаштан кийин биринчи жолу турмуш курган үй-бүлөлөргө бөлүнө турган субсидия, ссуда жана гранттардын өлчөмү учурдагы көрсөткүчтөн 1,5 эсеге жогорулатылат.
Жарлык "аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо, зомбулук учурларын алдын алууга" багытталганы белгиленген. Маалымат каражаттарында бул демилге эрте никенин жана эрте төрөттүн алдын алуу чарасы катары бааланган.
































