Казакстан: Конституциялык сот Токаевдин президенттик мөөнөтүн нөлгө түшүрдү. Бул эмнени билдирет?

Касым-Жомарт Токаев

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Касым-Жомарт Токаев
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Казакстандын Конституциялык соту өлкөнүн жаңы Конституциясынын кабыл алынышы президент Касым-Жомарт Токаевдин жана башка кызмат адамдарынын мөөнөттөрүнүн санын нөлгө түшүрөт деп чечти. Бул 73 жаштагы Токаев эми президенттик кызматка кайрадан талапкерлигин коё алат дегенди билдирет. Эгерде ал шайлоодо жеңип чыкса, ал анын биринчи мөөнөтү катары эсептелинет.

Казакстандын жакында эле кабыл алынган Баш мыйзамына ылайык, президент жети жылга бир гана жолу шайланат.

Соттун чечиминде: "[Кызматтык] адамдарды 2026-жылдагы Конституция күчүнө киргенден кийин тиешелүү кызматтарга дайындоо биринчи жолу шайлануу же дайындалуу катары каралат", - деп айтылат.

Токаев президенттик кызматты 2019-жылдан бери ээлеп келет. Ал 1990-жылдан бери Казакстанды башкарып, президенттик шайлоолордо беш жолу жеңишке жеткен Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенден кийин өткөрүлгөн мөөнөтүнөн мурдагы шайлоодо уткан болчу.

2022-жылы Токаев дагы бир жолу мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышкан.

Алар Казакстандын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин дайындалган, ага ылайык мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жети жылды түзөт, бирок президенттик кызматты бир гана жолу ээлөөгө болот. Токаев бул шайлоодо добуштардын 80%дан ашыгын алып, жеңишке жеткен.

Токаевдин ыйгарым укуктары 2029-жылы аякташы керек. Бирок ал мөөнөттөрдү нөлгө түшүрүү мүмкүнчүлүгүн колдонсо, Казакстанды 2036-жылга чейин башкара алат.

Ошентсе да, бир жыл мурун, 2025-жылдын июнь айында "Al Jazeera" телеканалына берген маегинде Токаев 2029-жылы президенттикке кайра талапкерлигин койбой турганын айткан болчу.

"Мен кайсы гана өлкөнүн болбосун, биринчи кезекте менин өлкөмдүн президенти - Кудайдын элчиси эмес, мамлекеттик менеджер экенине ишенем. Ал өз эли жалдаган мамлекеттик менеджер. Биздин учурда - болгону жети жылга гана", — деген Токаев.

Казакстандын Конституциясы кантип өзгөртүлгөн?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2026-жылдын март айында Казакстанда Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн. Шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жаңы Баш мыйзамды шайлоочулардын 87%дан ашыгы колдогон.

Конституциянын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилип, эки палаталуу парламент бир палаталуу болуп өзгөртүлүп, Курултай деп аталып калды, ошондой эле нике түшүнүгү "эркек менен аялдын ортосундагы союз" катары бекитилди.

Токаев бул өзгөртүүлөр өлкөнү "суперпрезиденттик" башкаруу формасынан "кадыр-барктуу, таасирдүү парламенти" бар президенттик республикага өткөрүүгө багытталганын ырастаган. Бирок чындыгында бул түзөтүүлөр дал ушул президенттик бийликти күчөтөт.

Парламент Башкы прокурорду, Жогорку соттун төрагасын жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдү кол тийбестиктен ажыратуу укугунан ажырады. Мындан тышкары, жаңы редакцияда депутаттар республикалык бюджетти бекитиши жана ага өзгөртүүлөрдү киргизиши каралган эмес.

Долбоордо орус тилинин статусу жөнүндөгү формулировка да өзгөрүүдө: казак тили менен "тең укуктуу" деген сөздөрдүн ордуна "катар" деген формулировка сунушталууда. Мында казак тили мамлекеттик тил бойдон калууда.

Токаев добуш берүүгө бир нече күн калганда: "Жаңы Конституциянын текстинин расмий документ катары бирдей юридикалык күчкө ээ казак жана орус тилдеринде жарыяланышынын өзү эле көп нерсени айтып турат, бул комментарийди, ал эми актанууну алда канча муктаж эмес", - деп билдирген.

Казакстандын жаңы Конституциясы 1-июлда күчүнө кирди. 23-августта өлкөдө мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо да өтүшү керек.

Буга чейин Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн негизинде мөөнөттөрдү нөлгө түшүрүү аркылуу эки жолку максималдуу мөөнөттөн кийин шайлоого кайра катышуу мүмкүнчүлүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин колдонгон. Учурда анын бешинчи президенттик мөөнөтү өтүп жатат.