Пандемия шартындагы шайлоо: шайы кеткен эл, шаштырган президент

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Айрым саясий күчтөрдүн шайлоого бойкот жарыялаганы же кийинкиге жылдыруу сунушун айтканына карабастан, өлкө бийлиги парламенттик шайлоону өз убагында өткөрүүгө камданып жатат.
Бирок пандемия шартында саясий партиялар үчүн шайлоого даярдануу маселесинде суроолор чыгууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алышта Биринчи радиого күтүүсүз интервью берип, эки партияга кайрылып, шайлоо темасында саясий чайкоочулук кылбоого чакырды.
“Күзүндөгү парламенттик шайлоолор өзүнүн мерчемделген Конституциялык мөөнөтүндө өтөт. Мен тиешелүү жарлыкка кол койдум, БШК мыйзам алкагында өз ишин баштады. Шайлоо өтпөсүн деп куру популизм менен алек болуп жаткан партиялар, урматтуу “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынын квоталары менен дайындалган БШК мүчөлөрү, бул партиядан шайланган депутаттар, саясат менен ашкере алектенип, шайлоого байланыштуу маселеде элди адаштырууну токтотууга чакырам”.

Сүрөттүн булагы, Official
Буга чейин “Ата Мекен” шайлоону кийинкиге жылдырып, ага кете турчу акчаны коронавируска каршы күрөшкө жумшоону сунуштаган. Аны “Республика” партиясы кубаттап чыккан.
Анын үстүнө пандемия шартында шайлоого даярдык көрүүдө партиялар үчүн маселелер чыгууда.
Алалы, партиялар 20-августка чейин Боршайкомго депутаттыкка талапкерлер тизмесин берүүгө тийиш. Анын алдында партиялар жер-жерлерден делегаттарын чогултуп, курултай өткөрүшү шарт.
“Мыйзам боюнча август айында шайлоого катышам деген партиялардын бардыгы өзүнүн съездерин өткөрүшү керек. Ушундай шартта, элибиз ооруканалардын алдында кулап жатса, ким, кайсы партия, кантип съезд өткөрүп, айыл-ападагы элге мага добуш берип койгула деп кантип барат? Бул жеткен акылсыздык болуп эсептелет. Бардык партиялар ойлонушу керек, шайлоодон дагы элибиздин саламаттыгы, амандыгы эң маанилүү болуп турат. Пандемиядан өтүп, жай турмушка келгенде шайлоону өткөрө берсек болот”,-деген пикирде депутат, “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Жанар Акаев.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
БШК партиялар өз курултайларын онлайн форматта өткөрсө болорун сунуштап жатат, бирок аны уюштуруу тартиби бекитилген эмес. Аймактардагы интернеттин жеткиликтүүлүгү да суроо жаратат.
Бишкекте да курултай уюштурууга чектөөлөр бар. Республикалык штабдын эрежеси боюнча жабык имарат ичинде көп санда киши чогултууга болбойт. Курултай өткөрбөй туруп, Боршайкомго партиялык тизме сунуштаганга да болбойт. Айтор, учурда партиялык штабдардын башы ооруп турган кез.
Мындай өңүттөн алганда эмне үчүн партиялар шайлоону жылдыра турууну туура көрүп жатышканы түшүнүктүү болуп турат.
Ал эми бийлик үчүн шайлоону өз убагында өткөрүү эмне үчүн маанилүү?
“Шайлоону кийинки жылга жылдырганы менен кырдаал мындан да оорлоп, рейтинги мында түшүп кетерин президент түшүнүп турат. Андыктан азыр потенциал бар кезде, рейтинг болуп турганда бийлик шайлоону октябрда эле өткөрүп алууга кызыкдар. Бийлик бул шайлоодо өзүнө ылайык, адекваттуу парламент куруп алгысы келип жатат. Себеби, парламенттик шайлоо, бул президенттик шайлоонун башталышы. Жаңы Жогорку Кеңештин курамы, сапаты жана ал башкарылма болобу президенттик шайлоого көз каранды”,- дейт саясат талдоочу Марс Сариев.

Сүрөттүн булагы, pikir-club
Экономика эңшерилип, каатчылык орун алса жазында социалдык чыңалуу күчөйт, андай шартта шайлоо өткөрүү бийликке ылайыксыз болуп калары түшүнүктүү.
Ал эми партиялар үчүн алдыда үгүт өнөктүгү да баш оору жаратууда. Жаңы реалдуулук шартында эми мурункудай үгүттүн формалары да ишке ашпайт. Үймө-үй кыдырууга жол жок. Жаңы мыйзамдарга ылайык, партиялар аралыкты сактаса да стадиондордо концерт кое албайт. Эми алар күчүн коомдук сайттардан чыгарат өңдүү.
4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого баруу ниетин 44 партия билдирди. EKa
































