Рамзан Кадыров ооруга кабылдыбы? Чеченстандын башчысы жөнүндө айың кептер

Сүрөттүн булагы, KADYROV_95
Акыркы бир нече күндөн бери ММКлар, саясатчылар, анонимдүү булактар жана телеграм каналдары Чеченстандын “түшпөс башчысы” жана президент Путиндин “ишенимдүү жөө аскери” делген Рамзан Кадыровдун саламаттыгын талкуулап жатышат. Ар кандай божомолдор бар: айрымдары Кадыров ооруканада экенин айтышса, башкалары ал тургай комада экенин билдиришүүдө, ал эми анын басма сөз кызматы парктагы сейилдөөлөрүнүн датасы такталбаган видеолорун жарыялап жатат.
Бул айың кептер кайдан чыкты?
Чечен башчысынын саламаттыгы тууралуу божомолдор жана ушактар кечээ чыккан жок. Анын саламаттыгы акыркы бир нече жылдан бери талкууланып келген. Мисалы, бир нече жыл мурун "Новая газетанын" булактары аны "дарылоого кыйын жана отуз пайыз учурда өлүм менен аяктаган олуттуу оору" менен ооруйт деп айткан.
Сыртынан караганда андай эч нерсе байкалган эмес: Рамзан Кадыров эл алдына чыгып, фото жана видеолорду жарыялап турган. Бирок кээде ал тез салмак кошуп, андан кийин тез эле арыктачу, ошентсе да мунун өзү анын ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөр бар дегенди билдирбейт.
Бирок өткөн жылдын аягынан тарта чечен телеграм каналдары абал курч болушу мүмкүн деген кептерди тарата баштады (Чеченстандагы кырдаалды жакшы билген журналист Елена Милашина белгилегендей, бул каналдар бири-бири менен тыгыз байланышта жана бир эле адамдар тарабынан башкарылат).
Акыркы айларда талкууга украиналык жана орусиялык блоггерлер, ошондой эле украинанын чалгын кызматтары да кошулган.
Бул талкуунун жаңы айлампасы Чеченстандын NIYSO телеграм-каналынын билдирүүсү менен башталды - авторлор Кадыров комага түшүп калган болушу ыктымал экенин жазышкан. Ошол эле күнү украиналык “Обозреватель” басылмасы “чечен диаспорасындагы” булактарга шилтеме жасап билдирүү жарыялады. Адатта алар Европада жашаган чечендер тууралуу “чечен диаспорасы” деп жазышат. Бирок диаспорадагы абсолюттук көпчүлүктүн бул тууралуу маалыматы жок жана аны толук ишенич менен тастыктай албайт.
Ал эми мында "булактардын" сөзүнө Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов кошулуп, анын маалыматы боюнча Чечен башчысынын абалы оор экенин айтты.

Сүрөттүн булагы, YA_POMOSHNIK_KRA_95
Ал кандай болгон "оор абал"?
Чет өлкөдө жашаган белгилүү оппозициячыл чечен блогери Тумсо Абдурахманов Рамзан Кадыров бөйрөк оорусуна чалдыккан болушу мүмкүн экенин, ошондуктан Чеченстандын лидери гемодиализ алып жатканын, жана ал “жардам бербей жатканын” билдирген.
“Бул анын акыркы күндөрү болушу мүмкүн”, — деп жазган Абдурахманов 1-июлда.
Буга жооп катары Рамзан Кадыров жана анын тууганы, Мамлекеттик Думанын депутаты Адам Делимханов видео кайрылуу жасашкан. Делимханов да бир канча убакыттан бери "өлдү" деп айтылып жүргөндүктөн, 2-июль күнү жарыяланган ал видео ушак-айыңга каршы жасалганы анык.
Кадыровдун Делимханов менен чай ичип отурган видеосу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кадыров видеодо “ар кандай ушактарга” комментарий берип: “Биз тирүүбүз, жай гана нан чайнап жашап жүрөбүз. Жашоо кызыктуу. Ал эми жашоо негизи кыска болгондо кызык болот. Ошондуктан, биз баарыбир көп жашагыбыз келбейт. Биз кыска, бирок татыктуу жашайбыз”.
Израилдик анестезиолог Михаил Фремдерман бул видеодо Кадыровдун оң колуна көңүл бурду.
“Мен бул кадрларды кайталап жана чоңойтуп көрүп чыктым – Кадыровдун оң колуна көп жолу ийне сайылган, тери астында чоң гематома пайда болуптур. Бул ага үзгүлтүксүз асма уколдон дары берилет дегенди билдирет. Көбүнчө башка жерлерге көп сайыла бергенден улам, акыры колго сая башташат. Булар шприцтик ийнеден (мисалы, наркотикалык заттарды колдонгондон) эмес, тамырдан асма укол алгандагы издер –кыска инъекциялардан веналар мындай болуп чыкпайт. Бул менен, Кадыров асма укол алып, абдан олуттуу, узак мөөнөттүү дарылануудан өтүп жатат деген тыянак чыгарууга болот. Бул диагноз эмес, бирок Кадыровдун абалы өтө начар болушу мүмкүн экендигинин далили”, — деди ал Би-Би-Сиге.
Адам Делимханов кийинчерээк Кадыров “сак-саламат жана күч-кубатка толуп, спорт менен активдүү машыгып жүрөт” деп кошумчалаган.
Бул ушактарды талкуулагандардын эң популярдуу версиясы – бөйрөк маселеси. Ырас, жүрөк оорулары да пайда болушу мүмкүн деген пикирлер болгон. Жабылып калган “Эхо Москвы” радиостанциясынын мурдагы башкы редактору (Орусияда чет элдик агент деп жарыяланган) Алексей Венедиктов Кадыров азыр Москвадагы ооруканалардын биринде экенин айтууда.
"Кадимки оор бөйрөк жетишсиздиги. Ошондуктан тез-тез гемодиализ алып туруу керек. Ал, кыязы, Борбордук клиникалык ооруканада (Россиянын Президентинин Администрациясынын Борбордук клиникалык ооруканасы) дарыланып жатат”, - деп жазат Венедиктов.
Бизге чындыгында эмне белгилүү?
Быйыл Кадыров расмий түрдө үч жолу: январда, апрелде (Рамазан айында) жана июль айында эс алууга чыккан. Эмгек өргүүсүнүн бүтөр күнү көрсөтүлгөн эмес болчу.
21-февралда Рамзан Кадыров Владимир Путиндин Москвадагы федералдык кайрылуусуна келбегени журналисттерди таң калтырды. Ал эми 3-мартта Путин күтүүсүздөн Кадыровдун уулу, ошол кезде он жети жаштагы Ахмат менен “бейрасмий” түрдө жолугуп, аны алдыда болчу тою менен куттуктады – Ахмат Кадыров президент менен жолуккандын эртеси күнү эле үйлөндү.
Сүрөт

Сүрөттүн булагы, Ахмат Кадыров, Владимир Путин
Ахмат Кадыров жана Владимир Путин
Ошондон тарта блогерлер бул жолугушуу өзгөчө символикалуу болду деп шектене башташты: бул көрүнүш 2004-жылы Рамзан Кадыровдун атасы өлтүрүлгөндөн кийин Кремлге келгенин эстетет. Ошол жолугушуудан Кадыровдун саясатчы катары доору башталган эле.
Рамзан Кадыровдун балдары (айрыкча улуусу Ахмат) акыркы убакта расмий билдирүүлөргө көбүрөөк чыга баштады, бирок “эгер бир нерсе болуп кетсе” жаш өспүрүм республиканын башчысынын ролуна олуттуу түрдө ат салышат дегенге эч ким деле ишенбейт.
Кадыровго чындыгында эмне болуп жатат? Өткөн жылы Чечен өкмөтүнүн өкүлү менен байланышта болгон Би-Би-Синин маектеши (коопсуздук маселесинен улам бул адамдын компетенттүүлүгүн тактоого мүмкүн эмес) Кадыров чындап эле катуу ооруп жатканын тастыктаган.
Орус журналисти Елена Милашина, көз карандысыз журналисттердин ичинен эң ишенимдүү маалыматтарга ээ десек болчудай, өз булактарына таянуу менен мындай деп жазган: “Бул оору өмүргө коркунуч туудурат, анткени ал башка органдардын, биринчи кезекте бөйрөктүн жана өпкөнүн иштен чыгышына алып келиши мүмкүн (ошондуктан ал дем алганда катуу энтигүү билинет). Бул оору катуу приступ бергендиктен, адам уктай албай калат. Көбүнчө онкологиялык ооруу менен ооруган бейтаптарга жазылган күчтүү ооруну басуучу дарылар да жардам бербейт”.
17-сентябрда интернетте Рамзан Кадыровдун паркта сейилдеп жүргөн видеосу пайда болгон. (ДО)
































