“Украинадагы кыргыздардан жабыркагандар жок”

Published

Украинада болжолу 1300дөй кыргыз жараны бар. Алардын 300дөйү Киев шаарында экенин Киевдеги кыргыз консулдугу тактады. Соңку кырдаалдан улам кыргыз жарандары Украинадан сыртка чыгып кетүүгө аракет кылууда.

Бирок учурда ал жакта калып калган кыргыз жарандары да бар. Алардын бири кыргызстандык Азамат Исмаилов Киевден Би-Би-Сиге маалымат берди.

Маек 24-февралдын кечинде алынган.

Азамат Исмаилов

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Исмаилов, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Украинадагы өкүлү

А.Исмаилов: "Украинда акыбал таңгы малага карта кичине тынчып калды десек болот. Россиянын Украинага түн катып кол салуусунан кийин эл абдан паникага алдырып, көбү жолго чыгып алышты. Алардын айрымдары беш-алты саттан тыгынга кабылышканын угуп атабыз. Биз кыргыз жарандарын үйдө болуп, эч жакка чыкпоого чакырып, сак болууга чакырып атабыз. Ушу күндөрү бири-бирибиз менен тыгыз байланышта болгонго аракет кылып жатабыз".

Би-Би-Си: Ал жактагы кыргыз элчилиги тарабынан кандай иш-чаралар болуп атат?

А.Исмаилов: "Элчилик менен кыргызстандыктарды бул жерден кантип алып чыгып кетсе болот сүйлөшүлүп жатат. Жол-жоболору караштырылып жатат. Айтып койгум келет, ушул сааттарга биздин мекендештерден зыян көргөн эч ким жок. Бирок Украинадагы абал өтө эле курч. Өлкөнүн көп шаарларында тынымсыз жардыруулар болуп, кадимки согуш жүрүп жатат. Херсон, Чернигов деген жактар көбүрөөк жабыркады. Курмандыктар көп болуп жатканы айтылып жатат. Россияга тийиштүү учактар жана тик учактар атып түшүрулүп жатканы тууралуу айтылып жатат бул жерде.

Жарандарыбызды паника алдырбагыла деп сабырдуулукка чакырып, үйдө болуусун суранып жатабыз. Киевде эл жашаган жерлерге азырынча жардыруу, ок атуу болгон жок.  Ошон үчүн үйдө болуу азыркы тапта эң ишеничтүү жеп деп ойлойп атабыз. Болбосо жолго чыгып алып жарым күн Киевден чыг албай калгандар тууралуу көп угуп атабыз. Андыктан баарыбыз бир жерде болгонубуз жакшы деп атабыз. Тынчтык болсун деп тилейбиз, үмүтүбүз ошол".

Россиянын Украинага чабуулу экинчи күн катары менен уланып жатат.

Бул соңку ондогон жылдардагы Европада болуп жаткан ири согуш.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өз элин кайрылуу жолдоп, жума күнү таңга маал Россиянын бир нече ракетасы борбор шаар Киевге жана өлкөнүн башка аймактарына атылганын ырастады.

Сүрөттөрдөн 2,8 млн калкы бар Киев шаарындагы имараттардын зыянга учураганын жана жарылуулардын сүрөт-видеолорун көрүүгө болот.

Тургундар абадан салынган айгайдын дабышынан ойгонуп, бункерлерде баш калкалап жатат. Метролор дагы башка калка катары колдонулуп жатат.

метро, Украина

Сүрөттүн булагы, AFP

Россия Украинанын чыгышындагы, түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү шаарларга бастырып кирген соң борбор шаарына чабуулун күчөтүп жатат.

Өлкө боюнча салгылаштардан эң эле катуусу өлкөнүн чыгышындагы аймактарда жана экинчи чоң шаар Харьков жергесинде болду.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Чернигов багытын коргоп калышканын жана шаарга кире бериште орус күчтөрүнүн чабуулун токтотушканын билдирди.

Анын сөзүнө ылайык, орус техникасы Черниговдон Седневди, Городниден Семеновкага көздөй чегинүүгө аргасыз болгон. (EK)