Октябрь окуялары: Курсан Асановго “бийликти күч менен басып алуу” айыбы коюлду

Кыргызстандын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов
Published

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов былтыр октябрда орун алган массалык башаламандыкта “бийликти күч менен басып алууга” аракет кылган деп шектелүүдө.

Ага Жазык кодексинин 309-беренеси боюнча айыптар коюлуп, кармалганын анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова Би-Би-Сиге тастыктады.

ИИМ азырынча бул кармап-камоо тууралуу расмий билдирүү менен чыга элек.

Асановдун жактоочусу ал ИИМге “интернетте тарап жаткан фейк маалыматка” байланыштуу бүгүн күбө катары чакырылганын жана сурактан бир нече саат өткөндөн кийин кармалганын айтууда.

Буга чейин Курсан Асанов быйыл январда “октябрь окуяларында ИИМ имаратын басып алууга аракет кылган” деген шектөө менен кармалып, көп өтпөй үй камагына чыгарылган.

Былтыр парламенттик шайлоодон кийин орун алган окуялар кылмыштарды каттоо реестринде “массалык башаламандык” деп катталган. Анын алкагында тергөөгө буга чейин ондогон саясатчылар, журналисттер суракка чакырылган.

Алардын ичинен буга чейин “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов кармалып, ага "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган эле.

Буга чейин ИИМ октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында жүздөгөн саясатчы, активист жана парламент депутаттарын тыңшоого алганы ачыкка чыккан. Тыңшоого алынган саясатчылардын арасында Курсан Асановун да ысымы аталган. (EK)

Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй эки баллистикалык ракета учурду

Канаттуу ракета

Сүрөттүн булагы, KCNA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Корея сынаган канаттуу ракеталардын сүрөтү мамлекеттик маалымат каражаттарына жарыяланды

Түндүк Корея шаршембиде Жапон деңизин көздөй эки баллистикалык ракета учурганын “Ренхап” агенттиги билдирди.

Ушундай эле маалыматты Түштүк Кореянын штаб начальниктеринин бириккен комитети дагы айтууда.

Ошол эле убакта Жапониянын өкмөтү Түндүк Корея баллистикалык ракета учурган болушу мүмкүн деген билдирүү жасаганын NHK телеканалы кабарлады.

Түндүк Корея алыска учуучу канаттуу ракеталардын сыноосу ийгиликтүү аяктаганын кечээ эле жарыялаган болчу.

Пхеньяндын маалыматы боюнча ракеталык сыноолор өткөн дем алыш күндөрдө болгон.

Бул Түндүк Корея азык-түлүк тартыштыгына жана экономикалык кризиске карабай, дагы эле курал-жарактарды иштеп чыгууга жөндөмдүү экенин көрсөтүп турат.

Америкалык аскер ырасмийлери акыркы сыноолор эл аралык коомчулукка коркунуч туудурганын айтышты, ал эми коңшу Жапония "олуттуу тынчсыздануусун" билдирди. (КС)

Еврокоммиссиянын башчысы Урсула ван дер Лейен Евробиримдикти АКШсыз күч колдонууга даяр болууга чакырды

Биримдиктин дарегине болгон кайрылуусунда, ал биз колдонууга даяр болбосок, анда эмнеге дүйнөдөгү эң мыкты куралдуу күчтөрдү күтүп жүрөбүз деп суроо салды. Ал эмки жылы Франция Европанын куралдуу күчтөрүнүн саммитин өткөрөрүн билдирди.

Бээжин соту тарыхый мааниси бар сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча бар ишинде доону канааттандырбаган өкүм чыгарды

Жоу Шияксиян Кытайдын Борбордук телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Жу Жунду жыйырма төрт жашында телерадиокомпанияда такшалмадан өтүп жүргөндө сексуалдык кысым көрсөткөн деп айыптаган. Сот далилдер жетишсиз экенин айтты.