Бразилияда баш сөөгү бириккен сиам эгиздер ийгиликтүү ажыратылды

Сүрөттүн булагы, PA Media
Бразилияда дарыгерлер “краниопаг” деп аталган баш сөөгү бириккен сиам эгиздерин ажырата алышты. Операцияга даярдыктар “виртуалдык реалдуулукту” кеңири колдонуу менен бирге жүргүзүлдү.
Үч жаштагы Бернардо менен Артур Лимага операция Рио-де-Жанейро шаарында, Лондондогу Great Ormond Street балдар ооруканасынын дарыгерлеринин жетекчилиги астында жасалды.
Дарыгерлер бир нече ай компьютердик (КТ) жана магниттик-резонанстык томография аркылуу (МРТ) балдардын анатомиясынын виртуалдык моделдеринде сынаган. Алар виртуалдык реалдуулуктун жардамы менен ажыратуунун эң коопсуз ыкмасын табышты.
Хирург Нур уль Овасе Жилани операцияны “космос доорунун продуктусу” деп атады. Анын айтымында, хирургдар биринчи жолу ар башка өлкөдөн туруп “виртуалдык реалдуулук бөлмөсүндө” чогуу иштешкен.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Жалпысынан Лима эгиздерине жети операция жасалды.
Операциялардын акыркысы 27 саатка созулуп, ага 100гө жакын дарыгер катышты. Хирург өзү операция бөлмөсүндө 27 саат болуп, 15 мүнөттөн төрт жолу гана тамактануу үчүн тыныгууга чыккан.
Бенардо менен Артурду экиге ажыраткандан кийин алардын кан басымы жана пульсу кескин түшүп кеткен. Сиам эгиздерди ийгиликтүү ажыратылгандан кийин бардыгында болот. Бирок, төрт күндөн кийин аларды бир бөлмөгө жаткырышып, кол кармашууга мүмкүнчүлүк берилгенде көрсөткүчтөр калыбына келген.
Ооруканадагы эгиздердин абалы жакшы. Алдыда алар алты айлык реабилитациядан өтүшөт.
Доктор Жилани Gemini Untwined (болжолдуу котормосу “Эгиздерди ажыратуу”) клиникасынын негиздөчүсү буга чейин Пакистан, Судан, Израил жана Турциядан келген сиам эгиздерине операция жасаган.

Сүрөттүн булагы, PA Media
Аны менен бирге операцияга Рио-де-Жанейродогу Пауло Нимейер атындагы нейрохирургия институтнун балдар хирургиясы бөлүмүнүн башчысы, доктор Габриэль Муфарреж дагы катышкан.
Эгиздердин ата-энеси аларды институтка эки жарым жыл мурда алып келишкен. Ошондон бери алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан.
Статистика боюнча сиам эгиздери 50-60 миңдин бири болуп төрөлүшөт. Алардын 5 пайызы гана “краниопаг” болуп саналат. (ЕВ)

































