Зеленскийдин Вашингтонго сапары: аскердик жардам алуунун акыркы үмүтү

Зеленский Вашингтон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Зеленскийдин Вашингтонго үчүнчү сапары айла кеткендеги иш болду. Бул Конгресстен керектүү аскердик жардам алуунун акыркы аргасы, анткени мурда бөлүнгөн жардам түгөнүп жатат.

Украинанын президентинин айласы куруп турат, анткени анын өлкөсүнүн тагдыры кылдын учунда. Анын америкалык кесиптеши Жо Байден дагы кыйчалыш абалда турат, анткени ал Украинадагы согушту демократия менен автократиялык режимдин ортосундагы дүйнөлүк кармашта чечүүчү фактор катары карап келатат.

Бирок азыр алардын биргелешкен күч-аракети анчалык натыйжалуу болбой турат.

Зеленский өткөн жылы Вашингтонго келгенде, аны Ак үйдө кызыл килем төшөп тосуп алып, Конгресстин биргелешкен палатасынын жыйынына чакырып ызаатташкан эле. Андан кийин эле АКШ 50 миллиард доллар наркындагы аскердик жардам пакетин бекитип берген. Бул жардам Украинага Россия агрессиянын эң башында басып алган аймактарды кайтарып алууга бир топ өбөлгө болду.

Бул жолу баары эмнегедир башкача болду. Ал АКШнын сенаторлору менен жолугушууларды жабык эшиктин артында өткөрдү. Өкүлдөр палатасынын спикери респбликачыл Майк Жонсон менен жолугушту, бирок ал украин президенти менен бирге элге көрүнгөн жок.

Аны Ак үйдө кабыл алуу дагы мурдагыдан жупуну, азыраак каада менен өттү.

Зеленский, балким, дүйнөнүн жарымын кыдырып чыкса дагы Украина АКШдан кошумча аскердик жардам алуу мүмкүнчүлүгү жакшырган жок.

Иммиграция саясатындагы күрөш

АКШ Сенат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Эгерде АКШнын жардамы токтоп кала турган болсо, Украинадагы согуш эмне менен бүтөрү түшүнүктүү.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Зеленский барганда Вашингтондо Украинага кошумча жардам маселеси АКШнын иммиграциялык саясатындагы ички күрөштөн улам курчуган маанай болуп жаткан эле.

Демократтар Украинага, Израилге жана Тайванга 110 миллиард доллар аскердик жардамдын алкагында чек ара коопсуздугуна көп акча жумшаганга даяр болуп турганда, республикачылдар АКШнын өкмөтү баш калка сурап келген легалдуу эмес мигранттар маселесинде фундаменталдуу реформаны талап кылууда.

Зеленский менен шейшембиде жолугушкандан кийин сенатор-республикачылдар Украинадагы оор кырдаалга күйүп-бышып жатканын билдирип, ошол эле учурда АКШнын чек арасындагы кырдаалды дагы улуттук коопсуздуктун олуттуу проблемасы экенин баса белгилешти.

“Мен аларга баа берем, бирок ал биз эмне кылыш керектиги жөнүндө менин пикиримди эч өзгөрткөн жок”,-деди сенатор-республикачыл Линдси Грем Би-Би-Сиге.

«Мен ишти бүтүрүш үчүн эмне керектигин билем. Мен биздин чек араны коргоп калгым келип жатат».

Байдендин эки жолу бар: ал республикачылдарды иммиграциялык күрөштөн баш тартууга көндүрүшү керек же солчул демократтарга жакпай турган мунасага барышы керек. (КС)