Кыргыз-тажик чек арасындагы баш аламандыкка айыпталган тажик жараны Россияда бошотулду
17-ноябрь. Күндүн негизги жаңылыктары

Кыргыз-тажик чек арасындагы баш аламандык жана бейбаштык үчүн айыпталып Россияда Кыргызстандын суранычы менен кармалган тажик жараны Диловар Джураев өлкөдөн чыгып кетпөө тууралуу тил кат жазып, тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
Исфаранын тургуну, 52 жаштагы Диловар Джураевге карата мындай чечим үчүн Тажикстандын Баш прокуратурасы Россиянын Баш прокуратурасына ыраазычылык билдирген. Тажик тарап өз жаранына коюлуп жаткан айыптоолордун саясий мотиви бар деп, Бишкектин өтүнүчүн кароосуз калтыруу суранычын келтирген.
Джураев 8-ноябрда Новосибирск шаарында кармалып, кайра 16-ноябрда тергөө абаганын бошотулду.
Бул окуянын алдында эле Кыргызстандын Акыйкатчысы Тажикстандагы кесиптешине кайрылып, тажик чек арачылары тарабынан кармалган Лейлек районунун тургундары Саидахмед Артиков менен Нооман Самадовго карата адам укугунун принциптерин сактоону суранган эле.
Дайынсыз кеткен кыргыз жарандары Худжанттагы тергөө абагында кармалып жатканы тууралуу айтылууда.
Быйыл кыргыз-тажик чек арасында орун алган кандуу окуяларда эки тараптан 55 адам каза таап, ондогондору жарадар болгон. Душанбе менен Бишкек ал окуяларды козуткан деп өз жарандарына кылмыш иштерин да козгогон. (EK)
Кампала жардыруусу: Жанкечтинин чабуулунан 3 киши көз жумуп, 32 жарадар.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Уганданын борбору Кампалада өзүн өзү жардырган жанкечтинин чабуулунан кеминде үч кишини өлүп, отуздан ашык киши жаракат алды деп билдирди жергиликтүү полиция.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мотоцикл минген үч чабуулчу парламент жана шаардык полициянын башкы имаратынын жанында өздөрүн жардырды.
Жардыруудан көчөгө чачырап кеткен денелер бар. Каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. “Ислам мамлекети” (Кыргызстанда тыюу салынган уюмдардын тизмесине кирет) жардырууну өзүнө алды деп билдирди Amaq News Agency кабарчысы.
Жардыруулар үч мүнөт аралыкта биринин артынан бири болгон. Ырасмийлер бомбалар шаардын башка бөлүктөрүндө дагы табылганын айтышты.
“Жардыруу коркунучу сакталууда, өзгөчө жанкечтилерден”, - дейт полициянын өкүлү Френд Энанга.
“Биз “Бириккен жергиликтүү коргону күчтөрү” (ADF) түзгөн жергиликтүү террористик уячалардын дагы башка өкүлдөрү, жанкечтилери бар деп эсептейбиз”.
Полиция төртүнчү жанкечти кармалып, андан жардыруучу чыптама табылганын билдирди.
Каза болгондор арасында 2 полиция кызматкери бар. Жардыруудан дагы 32 киши жабыркаган, алардын ичинде 5 киши оор абалда.
Теракттардан кийин парламент ишин токтотту. Депутаттарга имаратка келбей туруу сунушталды.
Угандада негизделип, азыр Конгодо жайгашкан “Бириккен жергиликтүү коргону күчтөрү” “Ислам мамлекетинин” атынан кылган чабуулдары акыркы мезгилде көбөйүүдө. (CS)
Кыргыз киносуна 80 жыл

Сүрөттүн булагы, Маданият министрлиги
Бүгүн, 17-ноябрда, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында кыргыз киносунун 80 жылдыгы жана СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл артисти белгилүү кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин 80 жылдык мааракеси белгиленүүдө.
Ага өкмөт мүчөлөрү, кино чөйрөсүндөгү өнөрпоз адамдар жана маданият өкүлдөрү катышууда.
1941-жылдын 17-ноябрында Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарган. Ошондон тарта бул күн кыргыз киносунун жаралган күнү деп эсептелет.
1955-жылы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру В.Пронин «Салтанат» көркөм фильмин тарткан.
1964-жылы «Кыргызфильм» киностудиясынын өз режиссеру Мелис Убукеев кыргыз киносундагы алгачкы кинотасма болуп эсептелген “Тайгак кечүү” толук метраждуу көркөм фильмин тарткан. (MD)
































