Түркиядагы экономикалык кризис: кунун жоготкон лира жана Россияга агылган кыргыз мигранттары

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Түркияда инфляция деңгээли дээрлик 50%га жогорулап, лира долларга карата кунун эки-үч эсе жоготту. Азык-түлүк кымбаттап, жергиликтүү бийликтер негизги тамак-ашка болгон кошумча нарк салыгын төмөндөттү. Электр, газдын баасы да өстү.

лира

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түркияда лира былтыр ноябрдан тарта наркын жогото баштады

Түркияда болжолу менен 30 миңге жакын кыргызстандык мигрант бар. Инфляция алардын жашоосуна кандай таасирин тийгизди?

Каатчылыктан улам, Түркиядагы эмгек мигранттары, анын ичинде кыргыз мигранттары Россия же башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болууда. Лира долларга карата үч эсе арзандап, мигранттардын тапкан акчасы эч нерсеге жетпей калып жатат.

Арсланбек Кенжетегин, Түркиядагы кыргыз жараны:

 “Мисалы, былтыр Туркияда минималдык айлык акы 2 миң 400 лира деп, быйыл 4 миң 250 лира деп белгиленген. Биздин кыргыз мигранттары 5-6 миң лирага чейин айлык алышчу. Бул 300-500 доллар тегереги. Бул жакка Кыргызстандан көбүнчө бала багып, кары-картаңдарды караганы кыз-келиндер келишет. Аларга акчаларын лира менен беришет. Эми алар акчасын Кыргызстанга которгондо аз болуп калып жатат”.

Арсланбек Кенжетегин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арсланбек Кенжетегин

Лира мынча кескин төмөндөп кетишин эксперттер президент Эрдогандын экономикага карата өзгөчө эксперименталдык мамилесинен көрүп жатышат. Инфляцияны ооздуктоо үчүн дүйнө өлкөлөрү үстөк пайызды жогорулатат. Бирок президент Эрдогандын көзөмөлүндөгү Түркиянын Борбордук банкы, тескерисинче, инфляция өскөн сайын үстөк пайыздарын улам төмөндөтүп келет. Исламда сүткорлукка тыюу салынган деп Эрдоган үстөк пайызды жогорулатуудан баш тартып, калктын насыя алуу жөндөмдүүлүгүн стимулдаштыргысы келет. Түрк президентинин пикиринде, мындай саясат өлкө экономикасын жана экспортун да көтөрөт.

Бирок инфляция ооздукталган жок, кымбатчылык “домино” эффектисине алып келди дейт, учурда Түркияда жүргөн кыргызстандык журналист Айпери Сейитбекова: 

Айпери Сейитбекова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айпери Сейитбекова, Түркиядагы журналист

“Түркияда инфляциянын көбүрөөк пайызы өндүрүш тармагына туш келди. Өндүрүш тармагы болсо электр энергиясын сарптаган биринчи тармак.  Ал эми Түркия электр энергиясын Ирандан алган газдан өндүрөт.  Мындан улам өлкөдө кымбатчылык күч алды.  Азык-түлүккө эле эмес, коммуналдык кызматтарга, ижарага болгон акылар көбөйдү. Мындан улам жергиликтүү эл айлык акынын көтөрүлүшүн талап кылып жатышат”.

Түркиянын экономикасындагы каатчылык Кыргызстан экономикасына да таасирин тийгизди. Жергиликтүү ишкерлер Түркиядан импорттолгон товардын баасы орточо эсеп менен 25% көтөрүлгөнүн айтууда. Кыргыздар Түркиядан текстиль, курулуш материалдары, азык-түлүк товарларын алып келет. Былтыр Кыргызстан-Түркия ортосундагы товар алмашуу 354 миллион долларга жеткен.

Инвестиция көлөмү боюнча Түркия - Кытайдан кийинки экинчи орунда турат. Кыргызстанда түрк ишкерлери иштеткен мекемелердин саны 300дөн ашат.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жоодар Бешимов:
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, JIA бизнес ассоциациясынын төрагасы Жоодар Бешимов:

“Кыргызстандагы орто жана чакан бизнестерде түркиялык инвесторлор бар. Алардын саны кескин түрдө азайып кетти. Кыргызстанга инвестиция салган түрк ишкерлери акчаларын Кыргызстандан алып чыгып кете баштады. Өз өлкөсүндөгү абалды көргөндөн кийин Туркияныкынан бир топ эле алсыз болгон кыргыз экономикасынын абалын карап, акчаларын жарым-жартылай болсо да Европа, Америкага чыгарып кетип атканы байкалат”.

Түрк экономикалык төмөндөөсү сырткы факторлор менен да түшүндүрүлөт. Коронавирус пандемиясы өлкөнүн туризм тармагын катуу жабыркатты. Туркиянын Сириядагы согушка аралашуусу анын Батыш өлкөлөрү менен мамилесин суутту. Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн 3,7 миллион качкынды кабыл алганы да Түркиянын бюджетине оорчулук келтирди. Ал арада, расмий Анкара менен Кремль алакасы да салкындай түшүп, соода тармагында бир катар чектөөлөргө кабылды.