Украинада согушкан “орусиялык неонацисттер” тууралуу эмне белгилүү?

Донбасс

Сүрөттүн булагы, vkontakte

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Германиянын чалгын кызматы кабарлаган топтор 2014-2015-жылдары Донбасста Орусиянын тарабында согушкан
Published

“Владимир Путин өзүнүн баскынчылык согушун Украинаны “денацификациялоо” керектиги менен актайт. Германиянын Федералдык чалгындоо кызматынын (BND) ички документтери, Москванын аскерлерин оңчул экстремисттик топтору колдогонун көрсөтөт”, - деп жазды германиянын Der Spiegel кезити. Немис чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Украинада согушкан “Орус империялык кыймылы” бөлүмчөсү жана “Русич” тобу “оңчул экстремисттер жана неонацисттер” топтору экени аныкталган.

Би-Би-Си алар тууралуу эмне белгилүү болгонун айтып берет.

Spiegel жекшемби күнү жарыялаган макаласында BND’нын өткөн аптада федералдык министрликтерге жиберилген жашыруун отчетуна таянууда.

BND’нин версиясы боюнча, Украинадагы согушта кеминде эки оңчул экстремисттик маанайдагы топ катышууда.

Алардын бирин журнал “Орус империялык лигасы” деп атайт, бирок сөз “Орус империялык кыймылынын” (ОИК) бөлүмчөсү болгон “Орус империялык легиону” тууралуу болуп жатканы такталат. Мындан сырткары, отчетто “Русич” тобу тууралуу да сөз болгон.

Отчетто Украинада согушкан согушкерлердин саны тууралуу маалымат жок. Эки топ тең 2014-2015-жылдары Донбасста Орусиянын тарабында согушкан.

Бул топтор менен кызматташуу - Кремлдин Украинаны “денацификациялоо” деп согушту баштаган себебин - акылга сыйбаган шылтоо экенин көрсөтөт дейт Spiegel, чалгын кызматынын документине таянып.

Отчетто Орусия 24-февралда Украинага басып кирген күнү, “Орус империялык легионунун” башчысы Денис Гариев Телеграмда: “Биз сөзсүз Украина деп аталган сепаратисттик түзүмдү жоюуну колдойбуз”, - деп жазган.

Би-Би-Си бул постту 27-февралда аты “ПАРТИZАН” деп өзгөртүлгөн телеграм-каналда тапты. Посттун астында “Партизан тактикалык жана атуу даярдык борборунун жетекчиси Гариев Денис” деген жазуу турат.

Deutsche Welle, ушул эле постту 24-февралда “Орус империялык кыймылы” телеграм-каналы жарыялаганын белгиледи.

BND телеграм-каналдардын биринде жоокерлик тажрыйбасы бар согушкерлер менен Санкт-Петербургдагы “Партизан” уюмунун окуу борборунун бүтүрүүчүлөрүнүн кабыл алуусу тууралуу жарыяга көңүл бурду. Ал орусиялык жетекчиликтин өтүнүчү же алардын кеңештеринин негизинде жүргүзүлгөнү белгисиз дейт отчеттун авторлору.

неонацисттер

Сүрөттүн булагы, VKONTAKTE

Би-Би-Си 8-мартта дал ушул “Партиzан” телеграм-каналында Украинадагы согушка катышууну каалагандардын кабыл алуусу тууралуу жарыяланганын аныктады.

Отчётто Гариевдин орун басары Украинада каза тапканы, ал эми Гариев өзү жарадар болгону айтылган. Мындан сырткары, алардын кеминде эки шериктеши оор жаракат алган.

Би-Би-Си “Партизан” борборунун баракчасында 19-апрелде Гариевдин жарадар болгону тууралуу: “Биздин командир Денис Гариев бутунан жарадар болду, сөөктөрү жабыркаган жок, Орусияга эвакуацияланды, абалы жакшы, жакын арада катарга кайтууну көздөп жатат” деген билдирүүнү тапты.

Deutsche Welle майда ОИКтин телеграм-каналында Гариевдин орун басары Денис Некрасовдун Изюмда каза тапканы тууралуу пост пайда болгонуна көңүл бурду.

Spiegel’дин маалыматына караганда, “Русич” тобу Украинанын аймагында апрелдин башынан тарта согуш иштерине катышууда.

Квачков

Сүрөттүн булагы, VKONTAKTE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майдын ортолорунда "Орус империялык кыймылы" баракчасында алардын үзөңгүлөштөрү, "Империялык легиондун" жоокерлери В. В. Квачковдон кабар алганын жазган.

Der Tagesspiegel басылмасы, 2014-2015-жылдары "Русичтин" жоокерлери “өзгөчө мыкаачылыгы” жана “эч качан туткундарды албагандыгы” менен таанымал болгонун жазат.

Орусиялык ВКонтакте социалдык тармагында “Русич - диверсиялык-чабуулчу чалгын кызматынын тобунун” баракчасы бар: алар өздөрүн 2014-жылдын июнь айынан 2015-жылдын июль айына чейин Украинадагы куралдуу кагылышууда жикчил күчтөрдүн тарабында активдүү согушкан “ыктыярчылар бөлүмчөсү” деп атайт.

Ошол эле жерде 2022-жылдын февраль айында орусиялык күчтөр Украинага бастырып киргенден тарта бул топ согуштук аракеттерге катышканы жазылган.

BND баяндамасынын фигуранттары эмне менен белгилүү?

Империялык легион

Сүрөттүн булагы, VKONTAKTE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Империялык легиондун" согушкерлери Украинанын чыгышында. 2014-жыл
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Орус империялык кыймылынын” мүчөлөрү, ЖМКлар кабарлагандай, буга чейин Украинанын чыгышындагы согушка гана эмес, Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерге да катышкан.

2020-жылы Би-Би-Си орус жана швед улутчулдардын ортосундагы байланыштар тууралуу жазган, анын ичинде “Орус империялык кыймылы” уюштурган Петербургдагы “Партизан” борборунда даярдык көрүп, Швециядагы теракттар үчүн соттолгон эки “бомбачы” да бар.

Денис Гариев баштаган “Партизан” тактикалык жана атуу даярдык борбору, расмий түрдө Петербургда ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Анын сайттагы жана ВКонтакте тармагындагы сүрөттөрү BND’нын баяндамасында көрсөтүлгөн “Партизан” телеграм-каналындагы сүрөт менен шайкеш келет.

“Партизан” борборунун баракчасында 2015-жылы жарыяланган видеомаекте, Денис Гариев “кошуундарды даярдоо борборунун башчысы” деп көрсөтүлгөн.

Украинанын чыгышындагы кагылышуунун алгачкы жылдары ал, “Картотека.ру” электрондук базасынын маалыматы боюнча, Санкт-Петербургдагы “Резерв-дружина” аймактык коомдук уюмунун төрагасы жана негиздөөчүлөрүнүн бири болгон (ал “Партизан” жайгашкан даректе катталган). Ал 2018-жылы атын “Эврика” ЖЧКсына алмаштырып, ФСБ, ФСО, ИИМ, Аскер прокуратурасы жана башка органдардан 10 млн рублдан ашуун мамлекеттик буюртмаларды алган.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттердин мурдагы катышуучулары, “Фонтанка” басылмасына “Партизандын” программасында жалпыга жеткиликтүү согуштук аракеттердин тактикасы, аба даярдыгы, атуу жана аскердик медицина курстарынан сырткары, тажрыйбалуу жоокерлер үчүн атайын машыгуулардын жабык топтому болгонун айтып беришкен.

Би-Би-Си буга чейин жазгандай, “Партизан” борборунун курстарынан ачык программасы, “Сеть” иши боюнча соттолгондорго айып катары тагылган машыктыруулар менен көп учурда дал келет (алар Орусияда террорчулардын  тизмесине киргизилген жана тыюу салынган “Сеть” уюмунун мүчөлөрү деп табылган).

Сеть иши

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Сеть" иши боюнча соттолгондор

“Партизанда” “Сеть” иши боюнча соттолгондордун бири - өнөр жайчы альпинист Юлий Бояршинов даярдыктан өткөн. “Сеть” ишинин коргоочулары бул борбордун ишмердүүлүгүн мыйзамдуулугун текшере алган жок.

2020-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти “Орус империялык кыймылын” эл аралык террористтик уюмдарынын тизмесине киргизген, ал эми Денис Гариев жана анын эки шериктеши ОИКтин лидерлери катары “атайын белгиленген” тизмеге жана бөгөт коюлган адамдардын катарына кошулган.

Орусиянын ТИМи анда АКШнын чечимин “негизсиз” деп атаган. 2021-жылы Канада дагы ОИКти террорчул уюмдардын катарына киргизген.

Deutsche Wellе белгилегендей, Канаданын санкциялык тизмесине “Русич” тобу жана анын командири Алексей Мильчаков да киргизилген.

2015-жылы Би-Би-Си “Русич” тобунун командирлери Мильчаков жана Ян Петровский башка топтордун командирлери менен бирге Донбасс ыктыярчыларынын бирикмесинин мүчөлөрү күбөлүктөрүн алганын жазган. (EB)