Кыргызстан-Россия: аскердик кызматташтыкты кеңейтүүнүн керектүү убагы

Сүрөттүн булагы, official
Венера Осмокеева, Би-Би-Си, Бишкек
Кыргызстандын жана Россиянын президенттери Москвада болгон жолугушууда бардык тармактар боюнча стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты чындоо маселеси өзүнчө белгиленди. Украинадагы согуш создугуп, Россия Батыштын масштабдуу санкцияларына кабылган учурда Кыргызстан башкы союздашы менен аскердик кызматташтыкты кайсы жагынан тереңдетиши мүмкүн?
Кыргызстандын жана Россиянын президенттери Москвада болгон жолугушууда бардык тармактар боюнча стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анын ичинде аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты чындоо маселеси өзүнчө белгиленди. Украинадагы согуш создугуп, Россия Батыштын масштабдуу санкцияларына кабылган учурда Кыргызстан башкы союздашы менен аскердик кызматташтыкты кайсы жагынан тереңдетиши мүмкүн?
Президенттер жолугушуунун жыйынтыгында кабыл алган биргелешкен билдирүүдө аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты тереңдетүүнү макулдашканы айтылат. Кыргызстан менен Россия ЖККУдагы союздаштар катарында коопсуздукту камсыз кылуу багытында макулдашылган саясатты жүргүзөт деп белгиленди.
Украинадагы согуш создугуп кеткен чакта Россия Кыргызстан сыяктуу аскердик союздаштарынан жардам күтүп жатабы, эгер колдоо керек болсо ал кандай түрдө болушу мүмкүн деген түпөйүл суроолор бар. Албетте, кеп бул жерде Россиянын аскердик операциясына керектүү колдоо жөнүндө болуп жатканы түшүнүктүү.
“Орусия биринчи болуп Украинага кол салгандыктан ЖККУга таянып бизге кол салуу болду, жардам бергиле деп айта албайт. Бирок кийин Украина биздин аймакка кирип жатат деген өңүттө жардам сурашы мүмкүн. Кааласа аны тез эле ишке ашырып коет",-дейт дейт коомдук ишмер Орозбек Молдалиев.
Коңшу өлкө караан издеп...
Молдалиевдин айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган парадга Борбор Азия лидерлеринин катышуусу Москва үчүн маанилүү.
“Менде дагы дос-тамыр, колдоочулар бар деш үчүн керек болду. Мындайча айтканда караан керек эле. Путин өз сөзүндө ЖККУга мүчө өлкөлөр дайым бирге болгонбуз деп кайра-кайра айтып жатат. Андай болсо Советтер союзу учурунда биз Украина менен дагы бирге болчубуз да”, -деди ал.

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ал ортодо президент Садыр Жапаровдун Россияга жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргызстанга жаңы аскердик база ачуу тууралуу дагы сөз болушу мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Бирок адистер база ачуу эмес, ачылган базаларды кеңейтип, статусун жогорулатуу тууралуу гана сөз болуусу ыктымал дешет.
“Учурда Кыргызстан “ал өлкөдө Россиянын базасы бар” деген статуска ээ. Мунун өзү эле көп нерседен кабар берет. Башка өлкөлөрдүн Кыргызстанга болгон мамилеси ошого жараша болушу мүмкүн”,- деди Молдалиев.
Ошол эле убакта башка эксперттер Россияга Кыргызстан сыяктуу союздаш өлкөлөрдөн санкциялар менен тыюу салынган товарларды алуу жагынан жардам керек деп жатышат.
“Санкцияларга кабылган товарлардын арасында кош мааниге ээ болгондору дагы бар. Аларды жөнөкөй жарандардан тышкары, аскердик багытта дагы колдонсо болот. Россиянын салынган санкцияларды буйтап өтүү саясаты тууралуу маселе козгоп, АКШнын жана Улуу Британиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келип кетти. Себеби Кыргызстан Россияга тыюу салынган товарларды алып өтүүгө ыңгайлуу өлкө. Дегеним, өлкөдө көмүскө экономиканын көрсөткүчү чоң. Ошол жагынан кызматташтык болушу мүмкүн”,- деди серепчи Жыргалбек Касаболотов.

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov
Экономикага байланган эрксиздик
Россия Украинага басып кирген бир жылдан ашык убакыттан бери Борбор Азия өлкөлөрү Москванын бул операциясын ачык колдоп чыккан жок. Ошол эле убакта ага каршы болуп айыптоого чамасы дагы жетпей турат.
Евробиримдик үчүнчү өлкөлөрдүн Россияга жардам беришин чектөө жана Москва колдоно турган соода каналдарын жабуу үчүн экинчи даражадагы санкцияларды даярдап жатканын, андагы биринчи бута Борбор Азия өлкөлөрү экенин Bloomberg жазып чыкты.
“Бардык эле Борбор Азия лидерлери ушу тапта дөшү менен балканын ортосунда калгандай болушту. Бир жагынан Батыш өлкөлөрү менен мамилени бузгулары келбейт да, экинчи жагынан Россия жок кантип иш болот?”,- деди тажикстандык эксперти Негматулла Мирсаидов.
Кыргызстан менен Россиянын аскердик кызматташтыгы - бул биринчи кезекте алардын Канттагы аскердик авиабазасы. Ал ЖККУнун Борбор Азия аймагындагы ыкчам жооп берүү компоненти катары жайгаштырылган. Кыргызстан менен Россия ортосунда аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 35тен ашуун документке кол коюлган.
Анын негизинде өлкөдө Россиянын төрт аскердик объектиси жайгаштырылган. Алар Каракол шаарындагы аскердик сыноо базасы, “Спартак” жана Чалдыбардагы эки байланыш түйүнү.
Россиянын бириккен аскер базаларынын туруу шарттарын караган өзүнчө макулдашуу 2017-жылдын 29-январынан тартып күчүнө кирген. Ал 15 жылга кабыл алынган, андан кийин беш жылга узартылып турат.
Мындан сырткары, Россия 2013-жылы аскердик жардам келишиминин алкагында Кыргызстандын армиясына миллиард доллардан ашкан суммадагы аскердик жардам көрсөтүп баштаган. Анын ичинде аскердик техника жана курал-жарактар келгени кабарланган.
Ошол эле убакта Кыргызстандын аскердик адистери басымдуу түрдө Россиянын аскердик окуу жайларынан даярдалып, машыгуудан өтүп келе жатканы белгилүү.
ЖККУ алкагындагы кызматташтыкка келсек, соңку жылдары анын дагы кризиске кабыла баштаганы көрүндү. 2022-жылы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан бул уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты. Андан мурда Армения ЖККУнун Казакстандагы машыгууларына катышуудан баш тарткан эле.
Учурда ЖККУга Россия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.
































