Чеченстанда журналист менен адвокат сабалды

Published

Россиялык белгилүү иликтөөчү журналист менен адвокат Чеченстанда беткап кийген куралчан адамдар тарабынан катуу сабалды. Елена Милашина менен Александр Немов чечен диссиденттеринин энесине тийиштүү сот ишине катышканы Чеченстанга барган эле.

Елена Милашина

Сүрөттүн булагы, T.ME/BABINETSSERGEY

Сүрөттөргө караганда Елена Милашинанын колдору таңылган, манжалары сынган. Кол салгандар аны чачын кырып, башын жашыл кылып боеп коюшкан.

Ал иштеген көз каранды эмес басылма "Новая газета" билдиргендей, журналист кайра-кайра эс учун жоготууда.

Ошондой эле адвокат Александр Немов бутунан жарадар болгону айтылууда.

«Новая газета» алардын колундагы аппаратурасы да талкаланган деп жатат.

Алар чечен лидери Рамзан Кадыровду сындап келаткан оппозициялык ишмерлердин энеси Зарема Мусаевага чыккан сот өкүмүн чагылдыруу үчүн барышкан, бирок сотко катыша алышпады.

Зарема Мусаеваны сот полицияга кол салганы үчүн деп беш жарым жылга эркинен ажыратууга өкүм кылды. Анын жактоочулары сот өкүмүн саясий өкүм деп жатышат.

Сабалган журналист менен адвокатты коштоп жүргөн чечен омбудсмени болгон окуяны "Чечен республикасына каршы диверсия жана чагымчылык" деп атады. (КС)