Днепрдеги орусиялык ракетадан кыйраган үйдүн тургундарынын мүшкүлү

Днепр, ракеталык сокку

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published

14-январда, ишемби күнү түштөн кийин Украинанын борбордук аймагындагы миллионго жакын калкы бар Днепр шаарында аба чабуулун эскерткен сиреналар жаңырды.

Орусия баштаган баскынчыл согуштун 325-күнүндө шаардыктар мындай сиреналарга жедеп көнүп калгандыктан, украин аткаминерлерине эртең менен калайыкка кошумча эскертүүгө туура келди: "Ракеталык сокку уруу коркунучу сакталууда. Сигналдарды тоотпой койбоого, баш калкалоочу жайларда кала берүүгө чакырабыз".

Чак түшкө жакын калганда, Днепропетровск облустук кеңешинин төрагасы Николай Лукашук журналисттерге абадан коргонуу күчтөрү буга чейин бир нече ракетаны атып түшүргөнүн айтты.

Лукашук мырза жергиликтүү тургундарга кайрылды:

"Мен сиздерден өзгөчө суранаар элем. Облустагы аба чабуулу боюнча эскертүү сигналы аяктай электе абадан коргонуу системасынын ишин чагылдырган эч кандай сүрөт же видеону интернетке жайгаштырбаңыздар. Кудай анын бетин ары кылсын, бирок ракета учуп келсе да, аны чагылдырбаңыздар. Днепропетровск облусунун аймагы – чек арада жайгашкан облус. Баскынчылар биздин абадан коргонуу системабызды издөөсүн улантып жатышат жана ар удулу келгенде, аны ойрон кылууга далаалат кылмакчы. Абадан коргонуу системасы – бул элибиздин коопсуздугу менен өмүрү дегенди туюнтат".

Днепр шаарындагы советтик алгачкы баллистикалык ракеталардын макеттери орнотулган "Ракета паркы" тарапта да эскертүү сигналы жаңырды. Бул ракеталар тээ бир кездерде Днепр шаарындагы ишканаларда чогултулган. 1990-жылдарга чейин шаар чет элдиктер үчүн жабык болду, себеби ал мурдагы СССРдин коргоо, аскердик жана космостук өнөр жайынын негизги шаарларынын бири болгон.

"Победа" ("Жеңиш") конушунда да сирена жаңырып жатты. Днепр шаарынын бул конуш аймагы мындан элүү жыл мурун саздак жерди кургатуу жолу менен курулган. 1983-жылы "Победа" конушун долбоорлогон архитекторлор Советтер Биримдигинин Мамлекеттик сыйлыгына татышкан, ал эми конуштун өзү жалпы биримдиктик маанидеги архитектуралык эстеликтердин тизмесине киргизилген.

Бул конуш азыр деле Днепр шаарындагы эң мыктылардын бири болуп эсептелет: жашыл, кенен; борборго унаа менен он мүнөттө жетүүгө болот; дарыянын жанында жайгашкан; конушта фонтандар атылып турат; кечинде лазердик жарык шоусу тартууланчу жаңы аянт да бар.

"Победа" конушунда 9, 12 жана 16 кабаттуу турак үйлөр курулган. Демейдеги тогуз кабаттуу имараттын 16 кире бериши жана 1700дөй тургуну бар. Негизги көчөлөрү – Баатырлар проспекти, Даңк бульвары, Жеңиш жээги. Алардын бардыгы тең Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңишти даңазалашат.

Экинчи дүйнөлүк согушта аман калган киши 

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

14-январда конуштардагы турак үйлөрдө калайык көп болгон. Кантсе да, ал – ишемби, эс алуу күнү эмес беле. Үйүндө Экинчи дүйнөлүк согуштан аман калган 89 жаштагы ардагер да өз батиринде болгон. Ал карыя – Днепр шаарынын тургуну Евгений Галичтин таятасы. Кызы карыя менен чогуу жашачу. Ал – карыянын үч жээн небересинин энеси. Бул неберелердин бири азыр кан майданда жүрөт. Ишемби күнү түштөн кийин карыянын кызы жумуштары менен сыртка чыгып кеткен.

Ардагер телевизорду күйгүзүп, чай демдеп жатканда, Орусиядагы аба майданынан (Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн айтымында, Курск облусунан) Ту-22 бомбалоочу учагы абага көтөрүлдү. Ал учак дал ошол 14-январда Орусия Украинага каршы аба чабуулу маалында учурган беш Х-22 канаттуу ракетасынын бирин обого чыгарып туруп, Днепр шаарын көздөй аткан. Салмагы миң килограммдан ашпаган бул ракета 450 чакырымдай учуп жүрүп отурду да, "Победа" конушундагы тогуз кабаттуу имаратка келип тийди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү кийинчерээк айткандай, Украинанын абадан коргонуу системасында азырынча мындай канаттуу ракетаны ободо тосуп алып, атып түшүрө ала тургандай зениттик комплекстер жок.

Дал ошол себептүү саат 16:15 чамасында Экинчи дүйнөлүк согуштун бөлүгү болгон Улуу Ата Мекендик согуштан аман калган 89 жаштагы карыянын батиринде кубаттуу жарылуунун доошу чыкты.

Аксакал ооруканада гана ойгонду. Ал колунан жана башынан жаракат алган эле. Галичтин небереси карыянын канга боёлгон жүзүн сүрөткө тартып, социалдык тармакка жарыялады: "Бул – менин 90го жакындап калган таятам, ал (Экинчи дүйнөлүк) согуштан аман калган, эми болсо ал согуш азабын кайрадан өз жон-териси менен сезип жашоого аргасыз. Ылайым эл аны көрүп, билсин! Ал түгүл кас душман дагы карапайым ардагерлер тартып жаткан укмуштуудай азапка кириптер болбосо экен дейбиз".

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери жарадар болду

Сүрөттүн булагы, Max Galich via Instagram

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери жарадар болду

Бир күндөн кийин дарыгерлер ардагердин абалын туруктуу деп табышты, бирок анын саламаттыгын андан ары көзөмөлдөө үчүн ооруканада алып калышты. Таятасынын батири толугу менен талкаланганы айгинеленди. Эми Евгений Галич өз таятасына жана энесине жаңы турак жай табуу үчүн акча каражатын чогултууга үндөгөн жарыяны интернетке жайгаштырды.

Бокс машыктыруучусу

Ракета 200гө жакын сандагы тургун катталган 72 батирдик кире беришти жогорку кабаттан ылдыйкы кабаттарга чейин ойрондоп салды. Алардын биринин сүрөтү бүт дүйнөгө тарады. Анда кызгылт-сары түскө боёлгон ашкана тартылган, ашканадагы столдун үстүндө алмалар турат, бирок ашкананын бир дубалы таптакыр ойрон болгон экен.

Украинанын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу Михаил Кореновский үй-бүлөсү менен дал ушул батирде жашап келген болчу. "Мыкты киши, бул Михаил Михайлович Кореновский. Ал – көп сандаган мыкты спортчуларды, чемпиондорду тарбиялап, уламышка айланган киши..." - деп "Днепр облусу" ("Днепр областной") телеграм каналында жазып чыгышты.

Ишемби күнү эртең мененки мелдештен кийин машыктыруучу Кореновский өз батирине башпагуу үчүн көтөрүлгөн. Анын үй-бүлөсү аны короодо күтүп жаткан болчу. Анан 15 мүнөттөн кийин машыктыруучунун эки кызы – атасыз жетимге, аялы – жесирге айланышты. Эми алардын кайра келе турган эч кимиси гана эмес, барар жери да жок – алардын батиринин дубалынын капталы таптакыр кыйрап түштү.

Украинанын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, набыт кеткен Михаил Кореновскийдин батиринен уранды гана калды

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, набыт кеткен Михаил Кореновскийдин батиринен уранды гана калды

Кореновскийдин балдары менен бирге үйдүн жанындагы короодо дагы эки мектеп окуучусу турган. Алар – 14 жашар Каролина жана 9 жашар Максим болчу. Алты ай мурун алардын ата-энелери Ирина менен Максим Шевчук балдарды чогултуп, тынымсыз аткылоодон качып, элеттик аймактан Днепр шаарына көчүп келишкен.

Алар "Победа" конушундагы алиги үйдөгү батирде ижарада байырлап жатышкан. Сырттагы бала менен кыз ата-энеси мына-мына сейилдөөгө чыгышат ко деп күтүп турушкан. Ошол бойдон алар ата-энесин түбөлүккө көрбөй калышты...

Ишемби күнү түштөн кийин алаамат чордону болгон тогуз кабаттуу турак үйдүн алдында боздогон кишилер арбын болду. Энелер "орустар оңдурбады!" деп буркурап, каргыш айтып жатышты, балдар ыйга батышты.

Кореновскийдин кошуналарынын бири – жалгыз бой эне болчу. Түшкү тамак маалында ал төрт айлык наристеси менен сейилдөөгө чыккан. Жардыруудан кийин алардан кол арабача жана түктүү күрмө гана калды.

Сыртта Роман өзүнүн кош бойлуу аялы Лена жана эки баласы менен турган. Алты ай мурда алар Торецк шаарында жашашчу. Ал жердеги нан ишканасы бомбаланган соң, Романдын наабайканасы шаарды таттуу токоч жана нан менен камсыз кылып турган: алар үч нөөмөттө тең тынбай иштешип, шаардыктарга нан таркатышкан.

Бирок Торецк шаарында аткылоо барган сайын күчөп, акыры Романдын үй-бүлөсү коопсузураак делген Днепр шаарына көчүп кетишкен.

14-январда Роман аялы жана балдары менен чиркөөгө барган, ал эми Романдын 73 жаштагы энеси батирде калган. Үйгө кайтып келип, үн-сөзсүз Роман өрттөн кийин түтөп жаткан учурду уюкфонунун камерасы менен видеого тартып жатты...

Куткаруучулар урандылардын астынан аман калган кызды табышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Куткаруучулар урандылардын астынан аман калган кызды табышты

Ал короодо урандылардын алдында калып, набыт кеткен тиш дарыгери кызматында иштешкен жана бири-бирине курбу болгон Ирина Соломатина менен Ольга Усованын жакындары да чогулушту.

2022-жылы жазында Соломатина 13 жана 6 жаштагы балдары менен Польшада бир аз убакыт болуп, бирок Украинага кайтып келишкен. Усова – үч жашар баланын энеси, өз теги Донецктен.

Бул эки курбу тиш жарылоочу жабдуулар менен атайын жабдылган автобуста аскерлерди дарылоо үчүн кетип-келип жүрүшчү. Алар стоматологиялык "ыктыярдуу десанттын" курамында жоокерлердин ооруган тишин айыктырууга көмөк көрсөтүп тураар эле.

14-январда бул эки курбу ракета тийген үйдүн жанынан өтүп бара жатып кырсыкка кабылып, курман болушту.

Ольганын жакын тууганы бөөдө жерден мерт кеткен бул айымдарды эскерип: “Тилекке каршы, сиздердин ордуңуздарга менин баруума эч жол жок, эгерде ошондой мүмкүндүк болсо, эч ойлонбостон эле сиздерди алмаштырмакмын!” – деп күйүт тартып жатып жазды.

Ал жерде 15 жаштагы Мария Лебеддин энеси жана бир тууган таякеси да турушту.

Өспүрүм Мария батирде калган кезде, ракета жарылып, үй кулады. Энеси жумушунда жүрүп аман калды. Орто мектептин 9 "А" классынын окуучусу болгон Мария бий сабагы боюнча ийримге катышып, мектептеги окуучулар кеңешин жетектеп келчү.

Мариянын сөөгүн 16-январда күндүз түбөлүк жайга беришти.

Набыт кеткен 17 жаштагы Максим Богуцкийдин ата-энеси да короодо турушту. Өткөн жылы алардын маркум уулу Максим орто мектепти аяктаган эле.

Мариуполдук үй-бүлө

2022-жылдын октябрында "Победа" жээгиндеги тогуз кабаттуу имаратка жаңы ижарачылар (Русана Бабкинанын энеси, чоң энеси жана кичүү сиңдиси) көчүп келишкен. Алар Мариуполдон болушат.

Согуштун биринчи күнүндө (2022-жылдын 24-февралында) эле Русананын ата-энеси жана анын сүйлөшкөн жигити Мариуполду коргоого кошулуп, акыркы салгылашуу күнүнө чейин ошол кан майдан жерде калышты.

Русана Бабкина өзү чоң энеси менен басып алынган Мариуполдон Днепрге марттын аягында качып келген. Анын 19 жаштагы сиңдиси Лиана дагы аткылоо бутасына айланган Харьковдон тынчыраак делген Днепр шаарына көчүп келген.

Бабкиндердин "Азовсталда" салгылашып жаткан ата-энеси 2022-жылдын май айында "өмүрүңөрдү сактап калгыла" деген Киевдин буйругуна ылайык орусиялык баскынчы аскерлерге колго түшүп беришкен. Бул тууралуу Русана өзүнүн "Фейсбуктагы" барагында жазган.

Анын энеси 4 ай мурда, 2022-жылы октябрда "аялдарды алмаштыруунун" алкагында бошотулган. Ал Днепр шаарындагы кыздарына келген соң, кайрадан эле Украинанын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп кирген. Үй-бүлө "Победа" жээгиндеги көчөдөгү үйдө эки батирди ижарага алышкан.

1000ден ашуун тургун үй-жайсыз калды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 1000ден ашуун тургун үй-жайсыз калды

14-январь күнү Русананын суук тийип калган энеси аскер бөлүгүндөгү нөөмөттүк кызматка барбай калып, үйдө отурган. Кичүү кызы батирди жыйнап, чоң эне болсо ашканада чебурек кууруп бүткөнү калган.

Саат түштөн кийинки үчтөн кийин Руслана аларга түштүк-чыгыш жактан чалды. Ал ар кыл иштери менен Одесса шаарында жүргөн болчу.

"Акыркы жолу апакем менен саат 15:07де телефон аркылуу сүйлөшкөм. "Баарыбыз тынчпыз, эс ала бер", деген жооп келген. Ошондон бери үчөөнүн тең уюкфондору жооп бербей жатат. Алар дайынсыз жок кала берип жаткандардын тизмесинде жүрөт.

Русананын атасы жана өзү сүйлөшүп жүргөн жигити дагы эле Орусияда туткунда кармалууда. Алардын үй-бүлөсүнө таандык Мариуполдогу үй таптакыр талкаланган.

Русана дайынсыз кала берип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу "Фейсбуктагы" жазуусун: "Бир кезде жашаган, азыр да жашап жаткан, ошондой эле, төрөлө элек орустарды да жек көрүү менен " деген сөздөр менен аяктады.

Анастасия Швец

Тогуз кабаттуу үйдүн дагы бир тургуну – 23 жаштагы Анастасия Швец. Бул айым былтыр февраль айында Орусия Украинага кол салганга чейин Днепрдеги Бажы иши жана каржы университетин аяктаган.

Ал эми 2022-жылдын сентябрында ал күйөөсүнөн ажырап калган. Күйөөсү кан майданда жүрүп курман болгон.

"Мен эр жүрөк Владымдын эми арабызда жок экендиги (...) менен эсептешүүгө далаалат кылып жүрүп, эч кандай деле жашаган жокмун, бирок ар дайым эптеп тирилик кылып келдим...", – деп Анастасия "Инстаграм" баракчасына жазган.

Анастасия Швец

Сүрөттүн булагы, Reuters

Ишемби күнү ал үйүндө ата-энеси – Наталья жана Максим Швец менен болгон.

Анын энеси "Мышыктар үй издеп жатат" деген уюмдун ыктыярчысы болгон. Аны кесиптештери "мышыктардын өмүрүн жана тагдырын сактап калган мыкты айым", – деп жазышты.

Бул – үй-бүлөнүн берекелүү күнү эле: "Атамдын апендилик тамашаларын бүгүн эстеп турам. Бүгүн апам менен күчүктөрдү кантип сүрөткө тартканыбызды да эстейм".

Анан ракета соккусу урулду. "Бөлмө эшиги жапшырып кулап, менин керебетимдин үстүнө түштү... Жуунчу бөлмө, ашкана, далис жана чакан кампача жок болду, тим эле туңгуюк пайда болду. Мен өзүм кире бериштин калган бөлүгүн, биздин эмес, чоочун кире бериштин калдыгын көрүп турдум", – деди Анастасия Швец айым.

Каргаша болгон жерде кинологдор (ит изилдөөчүлөр) да иштеп жатышат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каргаша болгон жерде кинологдор (ит изилдөөчүлөр) да иштеп жатышат

Ал жарылуудан аман калып, фотожурналисттердин көз алдында урандылардан куткарылды. Оболу бүт дүйнө жүзү Анастасиянын өз батиринин урандыларынын арасында кантип жалгыз отурганын көрүштү, андан кийин куткаруучулар аны кантип коопсуз жайга тартып чыгарып кетишкенин шаттана көрүштү. Анастасия былпылдак желимден жасалган динозаврды жана жаңы жылдык балатыга тагылчу күмүш сымал түстө жасалган оюнчукту колуна бек тутуп кармап алган экен.

"Мени Влад сактап калды, башымдагы жараатка жана тытылган жылаңач бутума карабай, мен дээрлик дене боюм бүтүн бойдон калдым. Ата-энем кайда экенин эч билбейм. Алар азыр ойрон болгон ашканада жүргөн болчу деп ишенем. Мен өзүм эле аман калгым келген жок, оболу ата-энемди тапкым келди. Мен Ричард аттуу мышыгыбыз өлүп калганын аңдап турам... Мен ата-энеме кайтып баргым келет. Жан дүйнөм ооруп турат. Деги мен тирүү эле бойдонмунбу?" – деди Анастасия.

Урандылардын астынан тирүү калгандарды алигиче издешүүдө

Днепр шаарында 72 батирден калган-каткан урандыларды ырааттуу тазалоо иштери жүрүп жатат.  

Куткаруучулар урандыларды иргеп жатып, ар бир көлөмдүү бөлүктөрдү акырындык менен четке ыргытып, тыңшап, кол чырактарын жандырып, туңгуюкка жана тешиктерге каратышууда. Урандылардын астында дагы деле тирүү кишилер кала берип жаткан болушу мүмкүн.

Дүйшөмбүдө, 16-январда, Орусиянын Днепрге жасаган ракеталык чабуулунан курман болгондордун саны 40ка жетти, алардын үчөө – жаш балдар. Таштандыларды тазалоо иштери улантылууда

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйшөмбүдө, 16-январда, Орусиянын Днепрге жасаган ракеталык чабуулунан курман болгондордун саны 40ка жетти, алардын үчөө – жаш балдар. Таштандыларды тазалоо иштери улантылууда

Днепр шаардык сайтынын 16-январдын кечиндеги маалыматы боюнча, ракеталык чабуулдан кийин 40 киши набыт кеткен. Анын ичинен 37 киши жана 3 жаш баланын сөөгү табылган. Ошондой эле кишинин денесинин үч башка бөлүгүн да табышкан. Дагы 30 киши дайынсыз жоголгон деп эсептелет. Урандылардын астынан 39 киши куткарылды, анын ичинен 6 бала аман калышты. 75 киши жаракат алып ооруканага жаткырылды, анын 14ү – балдар. Шаарда аза күтүү жарыяланды.  (TT)