Биринчи жолу: Cогуш башталгандан бери Блинкен менен Лавров сүйлөштү

Лавров менен Блинкен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

АКШнын мамлекеттик катчысы менен Орусиянын ТИМ башчысы Делиде өткөн “Чоң жыйырмалыктын” (G20) тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алкагында 10 мүнөткө жакын сүйлөштү. АКШнын Мамлекеттик департаменти белгилегендей, бул убакыттын ичинде, Блинкен Лавровго Америка Украинага колдон келишинче жардам берүү ниети бар экенин дагы бир жолу ачык айтты.

Ошондой эле мамкатчы Орусия СЧКК (Стратегиялык чабуул коюучу куралдары кыскартуу) жөнүндө келишимди аткарып, андан сырткары Орусияда камалган АКШ жараны Пол Уиланды бошотуу керек деп белгиледи. Ал жолугушуудан чыккандан кийин журналисттерге учкай малымат берди.

"Мен тышкы иштер министрине [Сергей Лавровго] өткөн аптада БУУда көптөгөн өкүлдөр жана G20 министрлери бүгүн айткандарын кайталадым: бул агрессивдүү согушту токтоткула, адилеттүү жана стабилдүү дүйнөгө алып келе турган маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүлө", - дегенин айтты Энтони Блинкен.

Блинкендин айтымында, Орусия жаңы эле формалдуу түрдө баш тарткан Стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндө келишимге байланыштуу Лавровго “АКШ эч кандай тышкы жагдайга карабастан, өзөктүк куралды көзөмөлдөө жаатында сүйлөшүүгө жана аракеттенүүгө даяр” экенин айтты.

Бул Лавров менен Блинкендин согуш башталгандан берки алгачкы жолугушуусу болду. Алар соңку жолу 2022-жылдын январында Женевада сүйлөшкөн.

Орусия ТИМинин басма сөз катчысы Мария Захарова иш жүзүндө эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун, жолугушуу жөнүндө демилгени Блинкен көтөргөнүн, ал эми Лавров макул болгонун билдирди.

Индиянын премьер-министри “Чоң жыйырмалыктын” тышкы иштер министрлерин азырынча пикир келишпестиктерди четке кагууга үндөгөнүнө карабастан, Нью-Делидеги сүйлөшүүлөрдө Орусиянын Украинадагы агрессиясынын уланып жатканына байланыштуу чыңалуу сезилди.

"Биз терең глобалдык бөлүнүү учурунда чогулуп жатабыз", - деди Нарендра Моди. Ал чогулган министрлерди тил табышууга чакырды.

Индиянын премьер-министри жана анын командасынын аракеттерине карабастан, жолугушуунун алдында согуш темасы ачык эле “үстөмдүк” кыла баштады.

“Бул согушту айыптоо керек”, - деди Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррель жолугушуунун алдында журналисттерге. - Мен Индия Орусияга түшүндүрүү үчүн өзүнүн дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонот деп ишенем жана үмүттөнөм”.

Нарендра Моди чогулгандарды тирешүүнү токтотууга чакырды

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нарендра Моди чогулгандарды тирешүүнү токтотууга чакырды
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ошону менен бирге, эксперттердин пикири боюнча, Делинин алдында кыйын маселе жаралууда: калыс позицияны сактап саясат жүргүзүү жана башка өлкөлөрдү конфликтти токтотууга үндөө.

Ушул убакытка чейин Индия Орусияны тикелей айыптоодон качып, БУУда орус агрессиясын айыптаган резолюциялар боюнча добуш берүүдөн такай баш тартып келет. Москва Нью-Делинин курал-жарак боюнча негизги камсыздоочусу болуп келет.

Моди алдын ала баса белгилегендей, көпчүлүк өлкөлөр Украинадагы согушту айыптайт, бирок G20нын министрлер жыйынынын акыркы таасирин Орусия менен АКШнын ортосунда убада кылынган маалымат жыйын болушу мүмкүн. Бул G20 мүчөлөрүнүн ортосундагы принципиалдуу пикир келишпестиктерди дагы бир жолу көрсөтөт.

Энтони Блинкен “Чоң жыйырмалыктын” жыйыны Орусиянын “себепсиз жана негизсиз согушунун” көлөкөсүндө калганын белгиледи. Ал эми Сергей Лавров Батышты украин данын экспорттоого мүмкүндүк берген келишимди “көмүүгө” аракет кылып жатат деп кайрадан айыптады.

G20’нын бүгүнкү сессиясында төрагалык кылган Индия үчүн артыкчылыктуу маселелер талкууланууда: азык-түлүк коопсуздугу, өнүгүү жана кызматташтык, терроризмге каршы күрөш жана гуманитардык жардам темалары.