Украинадагы согуш: орус аскери Starlink колдонгону тууралуу маалымат эмнеден кабар берет?

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгы орус аскерлери оккупацияланган аймактарда Starlink спутниктик интернет кызматын колдонгону тууралуу маалыматы бар экенин айтты. Украин чалгын кызматтарынын маалыматына караганда, Орусия араб өлкөлөрүнөн жабдууларды сатып алышы мүмкүн.

Орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы фронтто Starlink байланыш жабдыктарын колдонуп жатканын украиналык жана орусиялык аскерий булактар билдиришти. Америкалык басылмалар Newsweek журналы жана Defence One аскердик порталынын маалыматына караганда, украин тарап биринчи жолу орус аскерлеринин арасында Starlink системасын бир нече ай мурун тапкан.

Defense One маектештеринин биринин айтымында, азыр ондогон терминалдар орус тараптын алдыңкы линиясында иштеп жатат. “Алардын саны жүзгө жетсе, жашообуз кыйын болот”, - деди ал.

Февраль айынын башында Украинанын аскерий чалгын кызматы өзүнүн телеграм каналына аудио роликти жайгаштырган, анда агенттиктин маалыматы боюнча, Орусиянын 83-аба чабуулу бригадасынын жоокерлери Украинанын чыгышында терминалдарды орнотуу маселесин талкуулашкан.

Бир күн мурун орусиялык милитаристтик "Два майора" аттуу телеграм каналы аскер адамынын Starlink`ти пакеттен алып чыгып жаткан сүрөтүн жарыялаган. Сүрөттүн алдына “Эмне кызыгы бар? Камуфляждагы пиксель" деп жазылган, (камуфляж орусиялык экенин кыйытып жазышкан).

Андан көп өтпөй Башкы чалгындоо башкармалыгы өзүнүн телеграм каналына жаңы радио уктуруусун жарыялаган, анда орусиялык аскерлер Starlink терминалын алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жаткан имиш. Маектешкендердин биринин айтымында, “арабдар зымдарды, Wi-Fi, роутер жана башкалардын баарын алып келишет…”, ал эми аппаратты сатып алуу баасы 200 миң рублды түзөт.

Украинанын аскерлери Starlink`ти маалымат алмашуу үчүн, сокку уруучу куралдарды бутага алуу жана согуш талаасындагы кырдаалга байкоо жүргүзүү үчүн колдонушат. Орусия дагы ошондой кылышы мүмкүн.

Starlink - туруктуу интернетке кирүүнү камсыз кылган жогорку ылдамдыктагы спутниктик байланыш. Системаны америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген SpaceX компаниясы чыгарат.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Орустар Украинага кол салгандан көп өтпөй Илон Маск Киевди Starlink системалары менен камсыздап, аскердик жана жарандык максаттарда кеңири колдонула баштаган. Украин аскерлери үчүн Starlink терминалдары уюлдук байланыштын жана интернет жок шартта өтө маанилүү болгон.

Кийинчерээк SpaceX Starlink тармагын аскерий максаттарда колдонуу мүмкүнчүлүгүн чектеди. Илон Маск жазгандай, "биз Starlink`ти алыс аралыкка учуучу дрондордун соккуларында колдонууга уруксат бербейбиз". Илон Масктын кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө алуу планы украинада нааразылык маанайын жаратты. Анын мындай пикири ишкердин Орусия менен байланышы жана Украинанын аннекцияланган аймактарын легитимдештирүү аракетиби деп айыптоого негиз болуп берди.

Starlinkтин айланасындагы дагы бир жаңжалга реакция кылып, Илон Маск бул жабдууларды Орусияга жеткирүү боюнча айыптоолорду четке какты. "Бир да Starlink Орусияга түз же кыйыр түрдө сатылган эмес", - деп жазган ал X социалдык тармагында.

"Орусия басып алган шаарлардагы Starlink системасын өчүрө аласызбы? Starlink оккупацияланган күчтөргө жардам берүүнү токтотсо абдан жакшы болмок”, - деп жазган колдонуучулардын бири. Илон Масктан азырынча эч кандай жооп жок.

Киев Масктын компаниясы спутник байланыш системаларын Москвага сатты деп айыптабайт. Башкы чалгындоо башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсовдун айтымында, Орусия параллелдүү деп аталган импорт аркылуу ишин улантууда. Бирок кайсы өлкөлөр жөнүндө сөз болуп жатканын ачык айткан жок.

Украиналык ММКлар ыктыярчыларга таянуу менен Орусияга терминалдарды жеткирүү Бириккен Араб Эмираттары аркылуу жүрүп жатат деп ырасташат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дүйшөмбү күнү Starlink терминалдарын Орусияга жеткирүү мүмкүн эмес, анткени алар ал жакта тастыкталган эмес деп билдирди.

"Ошого ылайык, ал системаны эч кандай түрдө колдонууга болбойт", - деди Песков.

Бирок, көптөгөн орус булактары фронтто Starlink терминалдарынын пайда болгонун тастыкташат. Айрым маалыматтар боюнча, аларды штаттык бирдиктерде колдонууга тыюу салынган, бирок ыктыярдуу бөлүмдөр аларды өз алдынча чет өлкөдөн сатып алган.

“Тастыктайм, биз... терминалдар сатылган, активдештирилгендери (бизнес ФМ) кымбат (миллионго чейин), бирок алар чет жакта, (согуштук байланыш линияларында - BBC) жана Калининградда. Федералдык коопсуздук кызматы сатып алууга кызыгууда”, - деп жазат topwar.ru порталынын комментаторлорунун бири.

Неонацисттер менен футбол күйөрмандарынын башын бириктирген орус-аскер "Эспаньола" уюму фронтто Starlink системаларын " узак убакыттан бери" колдоно турганын жарыялап келет.

Европа өлкөсү аркылуу байланыш

Орусияда жеке сатуучулар Starlink терминалдарын "атайын аскердик операция үчүн" ар бирин 240-299 миң рублга сатышат, жеке аккаунттар Польша аркылуу туташтырылган, деп жазат "Важные истории" (Орусияда "чет элдик агент" катары таанылган).

Басылманын журналисттери россиялык үч сайттын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, аларды сатып алса болот экендиги тастыкталды.

Терминалдар Украинанын чек арасына жакын жерде гана иштейт экен, аларды Орусиянын ичинде колдонууга болбойт. Алардын баары конфигурацияланган жана колдонууга даяр. Түзмөктүн жеке аккаунту тармакка Европа өлкөсү аркылуу туташкан; үч менеджердин экөө Польша аркылуу экенин тастыкташты.

Сатуучулар алардын терминалдары Украинанын оккупацияланган аймактарында, анын ичинде Крымда, ошондой эле Калининград менен Япониянын жанындагы Камчаткада үзгүлтүксүз иштей турганын убада кылышууда.

Төлөм накталай же карта менен кабыл алынат, ал эми онлайн дүкөндөрдүн бири юридикалык жактын которууларын кабыл алууга даяр. Товарды Москвадан өз алдыңызча аласыз, деп маалымдайт "Важные истории".

Жо Тайди Би-Би-Синин технологиялар боюнча редактору:

Керектөөчү технологиялар эки армия үчүн тең канчалык маанилүү болуп калганын көрүү үчүн алдыңкы саптарда коммерциялык дрондордун кеңири колдонулушун карап көрүү керек. Ошондой эле кытайлык DJI компаниясы өзүнүн дрондорун аскердик максатта колдонбогула деп бир нече жолу эскерткенинен карабай, Орусия башка өлкөлөрдүн жеткирүүчүлөрү аркылуу технологияларды алууну үйрөнгөнүнө дрон ачык мисал болуп бере алат.

Starlink терминалдары эл аралык жүкт ташуулар аркылуу да орус аскерлерине жетет. Бирок терминалды иштетүү абдан татаал. SpaceX орус аскерлери, спутниктин сигналын кантип алып жатышат деген курч суроого туш болот.

Starlink терминалдары кайда жайгашканын так билет, эгер координаттары Орусияда болсо, алар интернетти ала алышпайт.

Бир кыйынчылыгы, Starlink кайсы жерлер Украинанын оккупацияланган аймактарында, кайсынысы Орусияда экенин ажырата албаганында болушу мүмкүн.

Бул компания Украинага лоялдуу бойдон калгысы келсе, аны жеңүүгө аракет кылышы керек болот.