Саясий партиялар “Форма-2” арызына эмнеге кызыкдар болду? 

Шайлоо участогу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published

Дээрлик жарым миллиондой шайлоочу  өз добушун башка участокто берем дегени быйылкы парламенттик шайлоодогу күмөндүү суроолорду пайда кылды.

“Мени мажбурлашкан деле акча беребиз, эки миң сом болот дешти. Үгүтчүлөр келип, “Форма-2” арызын толтуртушту. Бирок акчаны шайлоо күнү беребиз деди. Ишенич жок окшойт. Кантип текшеришет билбейм.  Бирок эми акчаны береби же беришпейби билбейм”, -дейт ысымын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну.

Шайлоо күнү ал акча үчүн эмес, өзү тандаган партия үчүн добуш берерин айтууда.

“Форма-2” арызы башында ички жана сырткы мигранттардын шайлоо укугун камсыздоо үчүн кабыл алынган. Бирок бул жолку шайлоодо жасалма түрдө шайлоо дарегин массалык түрдө алмаштыруу жүрүп жатканы шек жаратууда.

Өлкөдө 445 миңдей жаран шайлоо дарегин өзгөртүп, башка шайлоо участогунан добуш бергени жатат. Бул шайлоочулардын дээрлик 13% түзөт.

Шайлоо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

“Соңку президенттик шайлоону ала турган болсок, 300 миңге чукул адам шайлоо даректерин алмаштырган болчу. Парламенттик шайлоого бул “Форма-2”  таасири чоң болуп калабы дейм. Себеби, шайлоо дарегин алмаштыргандан кийин 500 миңге жакын шайлоочу 0,7% регионалдык босогону өтүүгө партияларга чоң жардам берип калат. Партиялар ар бир талапкерге участок бөлүп берет,  талапкерлер ал аймакта добуш топтошу керек болуп, бул форманы колдонуп жатат. Экинчи жагы, бул добуштарды массалык түрдө сатып алуу үчүн колдонулуп жатат,-дейт шайлоо боюнча эксперт Тагир Осмоналиев.

Парламенттик шайлоого катышып жаткан он партия УКМК, Башкы прокуратура жана БШКга кайрылуу жолдоп, соңку эки ай аралыгында шайлоо участокторуна  “Форма-2” менен шайлоочуларды жапырт каттоо көрүнүшүн текшерүү талабы коюлат.

Коопсуздук Кеңешинин соңку жыйынында президент да бул маселени көтөрүп, тийиштүү органдарди жемелеп өткөн:

Президент

Сүрөттүн булагы, Official

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Кээ бир партиялар, талапкерлер “Форма-2” менен шаардан районго, райондон шаарга жарандарды жапырт ташымай башталды. Ошону көрүп туруп мамлекеттик органдар чара көргөн жоксуңар.  Укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик ошону көрүп туруп, тим койдуңар. Азыртан баштап эле элдин нааразычылыгына алып келип жатасыңар, шайлоого болгон ишенимди кетирип жатасыңар. ММКда бул тууралуу жазып да жатат, көргөзүп да жатат. Бир реакция жок”.

Андан бери апта өтүп, ММКда “Форма-2” боюнча талаштуу  маалыматтар жарыяланып келүүдө.

Шайлоо дарегин алмаштыруу ички мигранттары көп Бишкек менен Ошко эле эмес, бардык аймактарга мүнөздүү болуп жатат.

Кечээ эле Нарында эки партиянын үгүтчүлөрү мушташып, анда сабалган жарандын видеосу жарыяланды.

“...партиясынын агитаторлору айылыбызга келип, балдарды “Форма-2”  менен Нарынга чыгарып,  арасына ал тургай биздин агитаторлордун бирөөсүн да чыгарып кеткен. Биз ошол үчүн ызылдап,  кечээ ошол үчүн чатакташтык”,- дейт жабыркады делип жаткан “Республика” өкүлү.  

Мыйзамдарга ылайык,  шайлоочулар тизмесине байланыштуу көз боемочулук орун алса, анын жазасы деп эки жылга эркинен ажыратуу же 260 миң сомго айып пул салуу каралган.  Бирок “Форма-2” менен добуш берүү шайлоочулар тизмесиндеги көз боемочулукка жатпайт. Eka