Израил: БУУнун качкындарга жардам көрсөткөн агенттиги жабылат
Фергал Кин, Би-Би-Синин атайын кабарчысы, Иерусалим

Сүрөттүн булагы, Getty Images
БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигин жабуу боюнча Израилде мыйзам кабыл алынды. АКШ буга "катуу тынчсызданып" жатканын айтууда. Бул тууралуу мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирди.
Израил эл аралык журналисттерди, анын ичинде Би-Би-Сини дагы Газага киргизбей келет. Бул жактагы абал абдан кейиштүү, аны чагылдыруу андан да оор.
Бейт-Лахия шаарында курмандыктар көп. Палестиналыктарга гуманитардык жардам жеткирген негизги агенттикти өлкөдөн чыгаруу карама-каршылыктуу маселе болмок. Бирок учурда ал демилге эл аралык сынга кабылды.
Израилдин аба чабуулунан ондогон палестиналык мерт кетти, алардын көпчүлүгү жаш балдар. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо расмийлери кабарлашты.
Бейт-Лахия шаарынан качып келген көптөгөн адам күн кечирип жаткан Газа шаарынын базарларына дагы бир сокку урулуп, сөөктөр чачылып жатат. Аларга башкалар кандай жардам көрсөтөрүн билбей жатат.
"Дүйнө жүзү, бизге бооруңар оорусунчу. Чарчадык. Эмне үчүн бизди кырып жатышат?", - дейт өспүрүм бала.
Бириккен улуттар уюмунун айтымында, Газадан жер которгон эки миллионго жакын адам ачарчылыкка туш болду. Алар буга чейин палестиналык качкындар агенттиги тараткан гуманитардык жардам менен эптеп күн көрүп келишкен, эми Израил үч айдын ичинде аталган агенттикти жаба турганын кабарлады.
"Бул нерсе өтө кыжырды келтирет. Биз Израил парламентине кабатыр болуп жатканыбызды айттык. Ага карабай агенттикти жабуу тууралуу чечим кабыл алышты. Ал аймакта гана эмес, эл аралык коомчулук таасир этүүчү башка жерлерде да өтө кооптуу нерсе", - дейт БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин өкүлү Жонатан Фаулер.
Израил тараптын айтымында, аталган агенттиктин кызматкерлери 7-октябрдагы кол салууга аралашкан. Он үч миң кызматкердин он тогузуна айып коюлуп, аягында тогузу кызматтан алынган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Агенттикти жабуу боюнча мыйзамды колдогон израилдик депутат Боаз Висмутка Би-Би-Си жолугуп, маектешти.
"Терроризм менен күрөшүү - бул консенсус жана бул анын бир бөлүгү. БУУнун палестиналык качкындар агенттиги 7-октябрда туура эмес иш кылды" – дейт ал.
Би-Би-Си: АКШ же кимдир бирөө кандай гана кысым көрсөтпөсүн мыйзамдан баш тартпайсыңарбы? Баары бир БУУнун агенттигин чыгарасыңарбы?
Боаз Висмут: Ооба, албетте чыгарабыз. Анткени биз мыйзамды кабыл алып, туура чечим жасадык деп ойлойбуз.
Анткен менен Газага гуманитардык жардам абдан зарыл болуп турат. Эл абдан кыйналууда.
Байланыш начар болгонуна карабай Камал Адван ооруканасында жүздөгөн бейтапты дарылоого аргасыз болгон эки дарыгердин бири менен байланыштык.
"Кырдаал катастрофалык абалда турат. Бизге көптөгөн жараат алган бейтапты жана сөөктөрдү алып келишти. Дарыгерлер жетишпей жатат", - деди атын атабаган дарыгер.
БУУнун палестиналык качкындар агенттиги Газадан чыгарылабы же жокпу деген талкуу күчөп турган учуру. Эгер агенттик чыгарылса, Газада азап чеккендер мындан да көбөйүшү турган иш. (ErA)
































