Журналист Семетей Талас уулун кармап кетишти

Published

Журналист, жарандык активист Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, кармап кетишти. Маалыматты Би-Би-Сиге анын жубайы тастыктады.

Анын айтуусунда, тинтүү учурунда өзү жумушта болуп, Семетей Талас уулу балдары жана апасы менен үйдө болгон. Аны кайда жана эмне себептен алып кеткенин жакындары билишпейт.

Ал арада УКМКнын маалымат кызматы Семетей Талас уулу Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кармалганын кабарлады.

"Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды таратуу) негизинде козголгон кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын жараны С.Т. Улуттук коопсуздук кызматына жеткирилди. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат",-деп берилет маалыматта.

Учурда Семетей Талас уулу бошотулду. Ал УКМКга күбө катары чакырылып, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун баса белгиледи. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ал мындан ары да бийликти сындай берерин айтты. (MD)

Cеметей Талас уулу

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Cеметей Талас уулу