"Орусияга каршы аракет күчөдү". Шойгунун шойкомдуу билдирүүсү

Сергей Шойгу

Сүрөттүн булагы, function.mil.ru

Published

Орусиянын коргоо министри батышчыл бейөкмөт уюмдар согуштук аракеттер болуп жаткан учурдан пайдаланып Борбор Азияда оруска каршы маанайды курчутуп жатканын билдирди. Сергей Шойгу бул жөнүндө коргоо министрлигинин коллегиясында айтты.

"Атайын аскердик операция болуп жаткан учурда бул бейөкмөт уюмдар Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусия Федерациясынын аскердик-техникалык, экономикалык жана маданий кызматташтыгын алсыратуу максатында өзүнүн Орусияга каршы ишмердигин күчөтүүдө",-деди Шойгу. "Ошондуктан алдын алуу мүнөздөгү чараларды көрүп жатабыз".

Сергей Шойгу кандай чаралар көрүлүп жатканын чечмелеп айткан жок.

Орусиянын коргоо министринин бул билдирүүсү Кыргызстанда бейөкмөт уюмдардын иш-аракетин чектеген мыйзам долбоорун кабыл алуу аракети жана жарандык ишмерлерге репрессиялык чаралар күчөгөн учурга туш келди.

"Кыжыр келтирген сөз"

Шойгу Борбор Азияда батышчыл маанайдагы жүздөн ашык ири бейөкмөт уюмдар бар экенин айта кетти.

Ал ошондой эле 2024-жылы Борбордук аскер округунда негизги иш-аракеттер региондогу өлкөлөрдөгү кризистик кырдаалдарды чечүүгө жана Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандын аймагындагы жети аскердик машыгууларга бурула турганын да билдирди.

Шойгунун билдирүүсүнөн кийин Кыргызстандын коомчулугунда бейөкмөт уюмдарды кысымга алган аракеттер Москванын астыртан көрсөтмөсү алдында болуп жаткан турбайбы деген шек саноо күчөбөй койбойт.

Ансыз деле бейөкмөт уюмдарга "чет элдик өкүл" деп макам берип, алардын каржылык булактарын көзөмөлгө алуу аракеттери каралган мыйзамды Орусиядан көчүрүлгөн мыйзам деп сындап жатышкан эле.

«Россиянын таасири Борбор Азияда өзгөчө Путин бийликке келгенден баштап күчтүү болуп келген. Шойгу айтып атканы таң калтырат, Борбор Азия Россиянын аймагы белек? Биз ага мандат бердик беле? Борбор Азиядагы мамлекеттер ЖККУга мүчө болсо дагы бул эгемен өлкөлөрдөгү бейөкмөт уюмдарга анын кандай иши бар? Террорчулар кирип келсе, бир жөн. ЖККУнун мандаты боюнча гана иштеш керек. Бул өзгөчө кыжыр келтирген сөз болуп калды. Орустарга каршы чыгып атат деп атпайбы. Эл Путинге каршы болуп жатат. Анткени ал баштаган согуштун айынан жашоо начарлап кетти да. Азык-түлүккө баалар өсүп жатат. Элдин тилеги - Путин кетип, тынчтык орносун",-деди жарандык ишмер Алмаз Тажыбай.

"Чет элдик өкүл"

Чет элдик өкүл

Сүрөттүн булагы, АРТЕМ ВАЖЕНКОВ ДЕП КАТТАЛГАН ИНТЕРНЕТ КОЛДОНУУЧУНУН БАРАКЧАСЫНАН АЛЫНДЫ

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Депутат Надира Нарматова эки жыл мурда сунуштаган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамдын долбоору бүгүнкү күнгө чейин коомдун кызуу талкуусунда.

Ал эл аралык уюмдардын катуу сынына кабылып, өлкөнүн адам укуктарына байланыштуу рейтингин төмөндөткөн документтердин бири болуп калды.

Айрым адистер жаңы мыйзам кабыл алынса, мындан ары мамлекеттик органдар каалаган убагында бейөкмөт уюмдарынан каржылык жана чарбалык документ талап кыла алат деп жатат.

Ошондой эле ал уюмдар өткөрүп жаткан иш-чараларга мамлекеттик жооптуу кызматкерлер катышып турат. Мындан тышкары, каржылык булактардан түшүп жаткан акча кайда жана кантип жумшалып жатканын сурап билүүгө укуктуу болот.

Бейөкмөт уюмдары буга кошумча жыл сайын финансылык отчёт берүүгө милдеттендирилет. Эң талаштуу жери кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси болууда.

Эгер коммерциялык эмес уюмдар көрсөтүлгөн талапты бузган учурда акчалай айып пул салуу жана 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу сыяктуу жаза каралып жатат.

25-октябрда Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун карап, биринчи окуудан жактырды.

Ал ортодо медиа коомчулук жана жарандык коом өкүлдөрү АКШнын, Улуу Британиянын, Швейцариянын, Германиянын элчиликтерине жана Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө кайрылуу жасап, аталган долбоорду демилгелеген депутаттарга виза берүүдө чектөө киргизүүнү сунуштады.

Демилгечи депутаттардын бири Надира Нарматова болсо долбоор өлкө коопсуздугун коргоо максатында иштелип чыкты деген жүйөнү айтып жатат.

“Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчётто ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Андан сырткары, алардын ишине мамлекет тарабынан көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз”,- деди депутат.

Сынчылар мыйзамдын долбоору Орусиянын “Чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзамынын көчүрмөсү экенин дагы айтып келишет.

Октябрдын башында БУУнун атайын баяндамачылары кыргыз бийлигин "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун кайра карап чыгып, аны чакыртып алууга үндөдү.

Алар сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине каршы келе турганын эскертти.

“Мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандагы бардык бирикмелердин ишмердүүлүгүнүн чектелишине таасирин тийгизет, алардын адам укуктарын коргоо, социалдык кызмат көрсөтүү жөндөмүн чектейт”,- деди алар.

Көп өтпөй Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын өкүлү Равина Шамдасани дагы кыргыз парламентин аталган мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Ушундай эле сын-пикир Европа парламенти, АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары, андан тышкары Human Rights Watch сыяктуу бир катар эле аралык уюмдар тарабынан айтылды.

Кыргыз бийлиги аталган мыйзам долбоорун колдой турганы анык болуп калды. Жыл этегинде өткөн элдик курултайда президент Садыр Жапаров мындай деди:

“Бул жерде алардын акчасын талашып, кыйнап жаткан жокпуз. Ачык гана көргөз деп жатабыз. Буга чейин эч ким ачык көрсөтпөй иштеп келди. Жүз миңдеген, миллиондогон доллар, евролорду алат, андан эч болбосо бир тыйын салыкка, социалдык фондго төлөбөйт. Бүт өзүнүн жеке менчик, үй-бүлөлүк керектөөсүнө жумшайт”,- деди Жапаров.

Эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарында

Сөз эркиндиги

Сүрөттүн булагы, Social media

2023-жылы Кыргызстанда бийликке каяша айтып чыккан жарандык активисттер, оппозициядагы саясатчылар камалган учурлар көп болду. Өлкөдөгү адам укуктарынын абалын эл аралык уюмдар да сынга алууда.

Расмий бийлик өз кезегинде адам укуктарын сыйлаган жана күчтүү демократиялык башкарууга багыт алган өлкө экенин айтып келатат.

Дүйнө өлкөлөрүндөгү жарандык коомдун эркиндигин баалоочу CIVICUS Monitor платформасы дагы жакында эле адам укуктарына байланыштуу Кыргызстанды сындаган отчет жарыялады.

People Power Under Attack (PPUA) 2023 деп аталган глобалдык отчётто Кыргызстан жарандардын эркиндиги чектелген жети өлкөнүн катарына кирди.

Кезинде Борбор Азия чөлкөмүндө эң демократиялуу өлкө катары таанылган Кыргызстан 100 баллдан 40 балл алды.

“Жети өлкөнүн бешөө эң начар эки категорияга өттү. Бангладеш менен Венесуэла жабык деп бааланууда, ал эми Кыргызстандын, Сенегалдын жана Шри-Ланканын статусу төмөндөп, жарандык эркиндиги кысымга алынган өлкөлөргө кирди. Бул мамлекеттерде жарандык коом үчүн шарт барган сайын төмөндөп жатат”,- деп жазылат анда.

Отчётто Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү репрессияланган же жабык деп классификацияланды. Жалпылап алганда Европа өлкөлөрүнүн дагы рейтинги начарлап кеткени көрсөтүлдү.

“Кыргызстанда жарандык коомду жана маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн куугунтуктоо күчөдү жана репрессиялык мыйзам долбоорлору кабыл алынууда. Дүйнө коомчулугунун жана жарандык коомдун кескин каршы болгонуна карабастан, Россиянын "чет элдик агенттер" мыйзамдарына окшош долбоорду Жогорку Кеңеш кабыл алуу алдында турат”,- деп айтылат CIVICUS Monitor платформасынын дагы отчётунда.