Мариуполдогу ишкана жана OBI дүкөндөрү. Рамзан Кадыровго жакын ишкердин чет өлкөдөгү шумдуктуудай секириги

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR GERDO/TASS
- Author, Ксения Чурманова, Андрей Горянов
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
Рамзан Кадыровдун шериктери, Украинада согушка катышкан соң, басып алынган шаарлардагы баалуу кагаздарды тартып ала башташты. 2023-ж. январдын аягында чечен ишкери Валид Корчагин өзүн-өзү эгемен жарыялаган ДЭРде катталган "ММК Ильича" компаниясынын тең кожоюну болуп калды. Компания Мариуполдогу металлургиялык ишкананы калыбына келтире башташы мүмкүн.
Валид Корчагин – Рамзан Кадыровдун өнөктөшү, сенатор Сулейман Геремеевдин үй-бүлөсүнө жакын киши экенин Би-Би-Си аныктады. Украинада улантылып жаткан согуш учурунда бул жаш чечен ишкери курулуш товарлары сатылчу орусиялык OBI гипермаркеттер тармагында жана өлкөдөн чыгып кеткен америкалык Starbucks тармагынын кофеканаларында да үлүшкө ээ болгон.
2022-ж. 19-августта Мариупол металлургиялык комбинатынын үстүн түтүн каптады. Украин бийликтери соккулардан жабыркаган ишкананын жабдуулары атайын кесиле баштаганын жазса, орусиялык коомчулукта болсо ишкананын аймагында миналар жана урандылар тазаланып жатат деген кабар таркатылып жатты.
"Чындыгында алар ишкананын тазаланган жана минадан арылган аймагындагы жабдууларды металл сыныктары үчүн четинен кесе башташты", – деп Мариупол шаарынын мэринин жардамчысы Петр Андрющенко нааразы болду. "Бул – орустардын калыбына келтирүү ыкмасы. Мурда металл прокаты болгон иш жайы эми металлоломго айланды".
Украинадагы ири ишканалардын бири болгон Ильич атындагы металлургиялык комбинат украиналык ишкер Ринат Ахметов ээлик кылган "Метинвест" компаниясына таандык. Бул холдингдин Мариуполдогу ишканаларында 35 миң киши иштечү. Мариуполдогу салгылашуулардын алгачкы күндөрүндө металлургиялык ишкана жарым-жартылай талкаланган. Муну Орусиянын Коргоо министрлигинин сыналгы каналынын дрондору тартып алган кадрлардан да көрүүгө болот.
Мариуполду орусиялык баскынчы аскерлер согуштун үчүнчү айында басып алган. Урандыга айланган бул шаарды Чеченстандан келген жоочулар, анын ичинде Рамзан Кадыровдун жакындарынын жоочулары көзөмөлдөп турган. "Биздин аскер кызматкерлерибиз өз милдеттерин абийир менен аткарып жатышат. Алардын бири – Мариуполду бошотууга жигердүү катышкан менин кымбаттуу иним Руслан Геремеев, аны "Ак көңүл" ("Добрый") деп коёбуз", — деп Кадыров өзүнүн телеграм-каналында билдирген болчу.

Сүрөттүн булагы, PETER KOVALEV/TASS
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Өзүн-өзү эгемен жарыялаган Донецк Элдик Республикасындагы баскынчы бийликтер Мариупол металлургиялык комбинатын былтыр эле кайра калыбына келтирүүнү көздөшкөн. "Биз Ильич атындагы зишкананы калыбына келтирүүнү көздөп жатабыз. Мындай пландарыбыз бар. Инвестор, менимче, жакынкы аралыкта бардык тиешелүү чечимдер кабыл алынгандан кийин ал пландар тууралуу өзү айтып берет", – деп өзүн ДЭР деп атап алган бирикменин "премьер-министри" 2022-ж. октябрдын башында айткан болчу.
Ал эми Орусиянын курулуш министрлиги “Азовсталь” ишкансын жана ушул металлургиялык комбинатты калыбына келтирүү аркылуу тогуз миңден ашык жумушчу орунун түзө турганын эсептөөгө да жетишкен.
Ырас, ушул кезге чейин металлургиялык комбинатка аты уйкаш ишкана түзүлгөнүн жарыялоого гана мүмкүн болду. “ММК Ильича” деген жаңы ишкананы Донецктеги “Киреше жана жыйымдар министрлиги” былтыр август айында каттаган. Ал министрлик 2014-жылдан бери баскынчыл "ДЭР" бийликтери тарабынан көзөмөлдөнүп келген Макеевка шаарында пайда болгон.
Уставдык капиталы 10 миллион рубль болгон жаңы компаниянын негизги ишмердүүлүгүнө темир, болот жана ферроширенди өндүрүү кирет деп жазылган. 2022-ж. ноябрда Путин Украинанын "ДЭР" жана башка бир катар аймактарынын Орусияга "кошулуусу" тууралуу келишимге кол койгондон кийин эле компаниянын маалыматтары Орусиянын юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген.
"ММК Ильича" ишканасынын жетекчиси – Макеевканын тургуну Юрий Мурай. Ал – украиналык ишкер. 2014-жылы Украинада согуш башталгандан кийин "ДЭРде" Мурайдын байланышы бар бир нече юридикалык жактар катталган. Ал менчик ээси катары көрсөтүлгөн юридикалык жактарга аталышы окшош уюмдар Украинанын реестринде да бар.
Украинада катталган Макеевка ишканаларынын бирин Мурай өзүн өзү эгемен жарыялаган ДЭРдин мурдагы “каржы министри” Петр Савченко менен бирге жетектеп жүрөт. Савченко Украина менен АКШнын санкциялык тизмесинде катталган киши.
"ВКонтакте" интернет баракчасында Мурай баскынчыл орус шовинисттеринин – Z-патриоттордун рухунда аракеттенүүдө: ал Рамзан Кадыровдун баракчасынан, "Новороссиянын куралдуу күчтөрү" жана "Улуу Русь! Орустар багынбайт!" топторунун баракчаларынан баскынчыл согушка үндөгөн ж.б. жарыяларды андан ары жарыялап, жайылтып келет.
Мурай "ММК Ильича" ишканасы тууралуу кененирээк айтуудан баш тартты, бирок компаниянын Мариупол ишканасы менен байланышы бар экенин ырастады. "Ишкана Макеевкада жайгашкан, өндүрүүчү ишкана – Мариупольдо. Сиздер бизге Мариуполго келиңиздер, жеринен баарын айтабыз", – деди ал.
Мурай өзүнүн жаңы өнөктөшү тууралуу суроого эч жооп берген жок. 2023-ж. январдын аягында ишкер Валид Корчагин "ММК Ильича" ишканасына тең кожоюн болуп калды В.Корчагин жаңы компаниянын 50% баалуу кагаздарынна ээлик кылып калды. Ал Рамзан Кадыровдун шериктеринин кичи мекени болгон кыштакта ишкердик менен алектенип келген болчу.
Валид Корчагин жөнүндө эмнелер белгилүү?
25 жаштагы ишкер Валид Корчагин Орусиянын Астрахан облусуна караштуу Пришиб кыштагында туулганын Би-Би-Си аныкта алды. Бул кыштак облустун чыгышында, Калмакиядан анча алыс эмес жерде жайгашкан.
Бул айылда 2013-жылы чыр-чатак орун алган: Пришиб кыштагынын тургуну үйүнүн короосуна мечит куруп алса, бул иши кошуналарына жакпай калган. Ал тургай Астрахан облусунун губернатору да ошондо мечиттин курулушуна каршы чыгып сүйлөгөн. Журналисттер иш сотко өткөнүн, ал эми жер тилкесинин ээси сотту мечит эмес, аксарай куруп жатканына ишендирүүгө жетишкенин жазышкан. Натыйжада мечит бардык реестрге катталып, кыштакта сакталып калган. Бул тууралуу Пришиб айылдык кеңешиндеги маектешибиз Би-Би-Сиге билдирди.
Бул имарат Валид Вахитович Корчагин тургун катары катталган көчөдө жайгашканын Би-Би-Си билдирди. Анда Вахит Садулаевич Геремеев да жашачу. Балким, ал Валиддин атасы болушу мүмкүн. Азыр Вахит Геремеев Чеченстандагы белгилүү аткаминер. Анын Астрахан облусу менен байланышы дагы бир нерсени тастыктайт – 2000–2005-жылдары Азыр Вахит Геремеев ал жерде жеке ишкер катары катталган болчу.
2016-жылы Вахит Геремеев кыйла убакыттан бери Чеченстанда жашап жаткан. Ал Чеченстандын Ножай-Юрт районунун башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Дал ушул кызматта, маселен, ал " мамлекеттик символдор жана жогорку кызмат өкүлдөрүнүн портреттери жаатында айрым жетекчилердин кайдыгер мамилесинин айынан келип чыккан одоно окуя" боюнча "шашылыш" жыйналыштарды өткөргөн.
Азыр Вахит Геремеев Чеченстандын курулуш министрлигинин башчысынын орун басары кызматын ээлейт. Би-Би-Си Геремеевдин дарегине карата суроолорду дал ушул мекемеге жолдоду.
Вахит Геремеев – Орусиянын парламентинин Федерация Кеңешинин сенатору Сулейман Геремеевдин бир тууганы деп айтышат (экөөнүн тең ортоңку тегаты Садулаевич деп жазылат). Сулейман Геремеев согуш башталгандан бери бул кызматта иштегендиги үчүн ар кандай эл аралык санкциялык тизмелерге кирген. Масеен, Евробиримдик өлкөлөрү, АКШ, Улуу Британия, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия жана, албетте, Украина, ага каршы чектөөлөр жарыялашкан.
Би-Би-Синин Пришиб айыл өкмөтүндөгү маектешинин айтымында, Геремеевдер мечит жаңжалы менен байланыштуу окуяга чейин эле Пришиб кыштагынан чыгып кетишкен: "Баары кетип калышкан, баары тең Чеченстанда". Ал Валид Корчагин жөнүндө уккан эмес экен, бирок Геремеевдер коңшу Федоровка кыштагынан жана Астрахандан келген Корчагиндер менен достук кармы-катнашта болушкан, деп айтты.

Сүрөттүн булагы, ПРИШИБИНСКИЙ СЕЛЬСОВЕТ
Би-Би-Си Валид Корчагиндин байланыштарын тапты. Абонент өзүнүн тааныштарында кантип катталганын чагылдыргна Getcontact тиркемесине караганда, Корчагин көпчүлүккө башка тегаты менен маалым: тааныштары аны "Валид Геремеев", "Валид Геремеев (Корчагин)", "Валид Вахитович Корчагин", "Валид Гиремеев Вахид уулу" сыяктуу ысымдары аркылуу өздөрүнө каттап алышкан. Би-Би-Синин кабарчысы Getcontact тиркемесиндеги бул маалыматты карап чыккандан көп өтпөй, Геремеев деген бардык тэгдер ал жерден алынып салынган. Арийне, Би-Би-Сиде биринчи издөөнүн жыйынтыктарынын скриншоттору (экрандык фотолору) дагы эле сакталуу.
"ВКонтакте" баракчасында 2021-жылы Корчагиндин дагы эле Геремеев аттуу тегаты (фамилиясы) болгон. Муну анын баракчасынын архивдик версиясынан азыр да көрүүгө болот. Бирок 2021-жылдын апрелинде, документтерге ылайык, ал Корчагин болуп калган эле. Маселен, Корчагинден насыялык карызды өндүрүүнү сот аркылуу жүзөгө ашырууну көздөгөн ишкер Усман Мачиев Чеченстандын Гудермес сотуна Корчагинге каршы доо арыз менен кайрылган (2022-жылдын жай мезгилинде Мачиев доо арызын кайтарып алды да, алиги сот иш кыскартылды).
Геремеевдер – Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Чеченстандан келген депутаты Адам Делимхановдун туугандары. Делимханов, өз кезегинде, Рамзан Кадыровдун эң жакын өнөктөшү болуп эсептелет. 2022-ж. апрель айынын аягында Владимир Путин Делимхановду "Донецк Эл Республикасында, Луганск Эл Республикасында жана Украинанын аймактарында атайын аскердик чаралар учурунда көрсөткөн каармандыгы жана баатырдыгы үчүн" деген жүйөө менен Орусиянын Баатыры жылдызы менен сыйлаган.
Делимханов Мариуполду басып алуу үчүн баскынчы орусиялык жоокерлер жана жоочулардын согуштук аракеттерине катышкан: 2022-ж. 21-апрелде ал өрттөнүп жаткан "Азовстал ишканасынын башкармалыгынын имаратынын" фонунда туруп алып: "Мариуполду жок кылуу жана тазалоо боюнча атайын амал аяктады, деп айтууга болот", – деп жарыялаган болчу.
Эл аралык “Transparency International” уюмунун өкүлү Илья Шуманов Геремеевдердин үй-бүлөсү Украинада согушканы үчүн "сыйлык" катары металлургия ишканасына тең кожоюн катары кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду деп эсептейт: "Алар согушкан, алар өздөрүнүн берилгендигин көрсөтүшкөн жана алар бул каратылган аймакта жайгашкан байлыкка кожоюн болом деп доомат кылышы толук мүмкүн эле".
Демек, "байге" белгисиз эле жүргөн чечен Корчагинге тийди, балким, бул шыбага – Геремеевдердин баары ири кызматта болгондуктандыр, деп Шуманов кошумчалайт: "Баары тең – же мамлекеттик жетекчи кызматкер, же укук коргоо органынын кызматкери, алардын арасында "кызматтан эркин болгон" карапайым эркек тана жок. Анан алар издеп жатып, өз тукумунан бирөөнү таап алышты да, үй-бүлөлүк байлыктын ээси катары аны орток тандап, өз баалуу кагаздары менен байлыктарын ага өткөрүп беришти".

Сүрөттүн булагы, CHINGIS KONDAROV/TASS
Ошондой эле Вахит Геремеев асман тиреген имаратты (азырынча пайдубалы гана тургузулган) кура баштаган "Ахмат Тауэр" жана "Грозный молл" аттуу курулуш компанияларынын жана Грозныйдагы эң ири соода борборунун мурдагы тең кожоюну болгон.
Вахит Геремеев – узак убакыттан бери курулуш тармагында алектенип келген киши.
2004–2005-жылдары ал Чеченстандын Жалка кыштагында катталган "Нийсо жана К" курулуш компаниясын жетектеген. Ал кыштакта Геремеевдердин тууган-туушкандары байырлап келишет. ЖМКлар жазгандай, 2015-жылы Чеченстандын "Түндүк" батальонунун рота командири Руслан Геремеев оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде айыпталуучу болуп калгандан кийин, бул кыштактын кире беришине күч түзүмдөрү аны коргоо үчүн өз кароолун орнотуп коюшкан.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Немцовду "Орусиянын душмандары" өлтүргөнүн айтып, ал эми Геремеевден эч кандай күмөн санабай турганын билдирген: "Анын күнөөсү жок экенине миң пайыз ишенем. Ким күнөөлүү экенин, эмне жана кантип жасалганын биз баарыбыз билебиз. Болгону силерде эптеп Кадыровго жетсек деген кызыкчылык бар".
Корчагиндин Геремеевдер менен байланышы дагы бир нерсени тастыктайт: анын "Энерго-сервис" ишканасы Жалка кыштагында катталган. Ал тургай бул ишкана Адам Делимханов көчөсү менен Кадыров көчөсүнө чектеш Геремеев көчөсүндө жайгашкан.
Корчагиндин "Энерго-сервис" компаниясы аз штаты болсо да (ал жерде эки гана кызматкер иштейт), татаал ишкана: Орусиянын президентине караштуу Эл чарбасынын жана мамлекеттик кызматтын орусиялык академиясы (РАНХиГС) аттуу эбегейсиз зор университет бул компанияны өз студенттерине практика өтүү жайы катары сунуштап келет. "Энерго-сервис" компаниясы академиянын интернет барагындагы тиешелүү тизмелерге киргизилген.
Чет элдик компанияларды "басып алуу"
"Макдоналдс", "Кока-Кола", "Пепси-Кола" (McDonald's, Coca-Cola, Pepsi-Cola) компаниялары Орусияга каршы жарыяланган санкциялардын алкагында биздин өлкөбүздөн чыгып жатканын жарыялашты. Уксаңыздар, бирок тескерисинче күн сайын жаңылыктар жакшырып, улам жагымдуу болуп баратышат! – деп Кадыров былтыр марттын башында өзүнүн Telegram каналында жазган. – Акыры ата мекендик өндүрүшчүлөр эркин дем алышмакчы. Алар бул күндү көптөн бери чыдамсыздык менен күтүшкөн. Эми текчелерде биздин өз товарларыбыз көбөйөт, орусиялык ишкерлик үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр ачылып, киреше өлкөбүздө эле калат”.
2022-жылы март айында Батыштын санкцияларынан улам чет элдик компаниялар Орусиядан чыгып кетее башташкан. Ал эми ошол эле жылдын жайында эле кетип жаткан компаниялардын байлыктары орусиялык инвесторлор тарабынан өз ара бөлүштүрүлө баштаган.
Украинага каршы баскынчыл согуш учурунда сырдуу Корчагин мырза Макеевкалагы компанияны гана эмес, чет элдик ири ишкердиктин бир бөлүгүн да үлүш кылып алган. 2022-ж. октябрынын аягында ал согуш башталгандан көп өтпөй Орусиядан чыгып кеткен америкалык Starbucks кофеканаларын өзүнө алган "Арена" компаниясынын үлүшүнө ээ болгон.
Бул кофе бизнесинде Корчагин Рамзан Кадыровдун көптөн берки досу Тимур Юнусовдун (татарча – Тимур Илдар улы Юнусов; 39 жаштагы бул хип-хоп аткаруучу, ырчы жана продюсердин адабий ысымы – Тимати) жана ресторатор Антон Пинскийдин өнөктөшү болуп калды. Азыркы тапта алар "Арена" компаниясынын бирдей үлүшкө ээ кожоюндары болуп саналышат. Дагы бир "Синдика" аттуу компаниянын президенти дагы "Арена" компаниясынын айрым үлүштөрүнө ээ.
Бул "Синдика" компаниясынын орусиялык сенатор жана Кабардин-Балкариянын мурдагы президенти, теги черкес, 66 жаштагы Арсен Каноков менен байланышы бар.
Пинский, Тимати жана "Синдика" өткөн жылы орусиялык базардан америкалык Starbucks компаниясы чыгып кеткенден кийин анын ишканасын сатып алып, жаңы кофе дүкөндөрдү "Stars Coffee" деп атап алышкан. Алардын сайтында дал жогоруда сөз болгон "Арена" компаниясынын дареги жана чоо-жайы да көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, ANTON NOVODEREZHKIN/TASS
Окуялар ресторандар менен эле чектелбеди. 2022-жылдын аягында Корчагин Орусиядагы эң ири курулуш гипермаркеттеринин бири – OBI тармагынын тең ээси болуп калды. Алты юридикалык жактан турган орусиялык топ 2022-жылдын апрелине чейин германдык компанияга таандык болгон. OBI Орусияда жыйырма жылдан бери иштеп келе жатат, бирок өткөн жылы анын Орусиядагы дүкөндөрү "текейден арзан" сатылган: Орусиянын Украинага капысынан басып киришинен көп өтпөй эле, немистер орусиялык бизнесинен тез арада кутулууну чечишкен. Компания олуттуу мүлкү жок болгон белгисиз ортомчулар аркылуу колдон колго өтүп жатты.
Алгач OBI тобунун үлүшү израилдик ишкер Йозеф Лиокумовичке тийген. Ал өзү ишендиргендей, компаниянын Орусияга кирүүсүнө ал мурда жардам берген жана бул ишкердикке көптөн бери кызыгуусу артып келген. Үлүштүн калган бөлүгү чакан курулуш тобунун ээси болгон ишкер Илья Колобковго өткөрүлүп берилген. Лиокумович OBI тобунун 60%дык үлүшүн символдуу түрдөгү 600 рублга сатып алганын айтты: бул нарк OBIнин орусиялык тобунун сатыкка коюлаарда чыгашага белчесинен батып келгенин аңдата алат.
Лиокумович мырза Forbes басылмасы менен болгон маегинде OBI тобун өнүктүрүү боюнча чоң пландары жөнүндө айтып берген болчу. Бирок көп өтпөй компания жаңы кожоюндарга өтүп, алар өз кезегинде аны санкцияларга кабылган сенаторлор менен байланышы бар ишкерлерге өткөрүп беришкен. Лиокумович менен өзүн "жакшы тааныш" санаган бир кишинин Forbes басылмасына айтканына караганда, Лиокумович мырза "орусиялык OBI тобунун ишкердигин эч кимге саткан эместигин" ырастаган жана соңку окуяларды "рейдердик басып алуу аракети" катары баалаган. Лиокумович өзү бул окуя боюнча Би-Би-Сиге өз турумун айткан жок.
Корчагиндин ресторан бизнесиндеги бир өнөктөшү OBIде да катталды: үчүнчү жолку соода-сатыкта OBI тобунун 90%ы сенатор Каноковдун "Синдика" холдингине байланыштуу "Модуль-2" компаниясына кеткен. Муну биринчилерден болуп "Ведомости" басылмасынын журналисттери байкашкан.
Эми "Синдика" холдинги сенатордун кызы Мадина Канокова айымга таандык. Каноков өзү болсо 2022-жылдын октябрынан бери АКШнын, ал эми декабрдан бери Европа Биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган.
Конаковдун жана Корчагиндин ишканаларынын шыбагасына OBI тобу эч карызсыз тийди. Орусиялык топтун биринчи ээси, израилдик ишкер Йозеф Лиокумовичтин айтымында, ал өз өнөктөшү менен биргелешип, оруссиялык OBI тобунун германдык башкы компанияга болгон ири карызын төлөп беришкен. Бул карыз 30 миллион евродон ашкан болчу, дешет.
Эгерде OBI активдери Рамзан Кадыровдун жакындарына өткөрүлүп берилгени татыкталса, анда санкциялар тармагында катуу чатак чыгышы мүмкүн, деп эсептейт Transparency уюмунун өкүлү Илья Шуманов.
Ал белгилегендей, Кадыров Украинада согушуп жүргөн же Путинди колдогон киши катары эле санкцияларга кабылып чектелбестен, ал киши өлтүрүүгө жана зордук-зомбулукка түздөн-түз байланышы бар деген доого бир нече жолу кабылган.
"OBI тобуна каршы тергөө башталышы мүмкүн, балким, жөнгө салуучу орган (регулятор) орусиялык активдерди башкаларга сатуу боюнча амалдар кандай шартта жүргүзүлгөндүгүн билгиси келээр", – дейт Шуманов мырза.
"Абийирсиз сатып алуучу"
OBI тобунун мурдагы жана азыркы ээлери, – ошондой эле анын үлүшүн сатып алууга майнапсыз далаалат кылган москвалык ишкер Андрей Баранов мырза дагы, – Би-Би-Синин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартышты. Алар суроону укканда, дароо телефонду таштай салышты жана мессенжердеги билдирүүлөргө көңүл бурбай коюшту. Лиокумович менен байланышууга да эч мүмкүн болгон жок.
Корчагин мырза Би-Би-Си менен баарлашуудан таптакыр баш тартты. Германиялык OBI тобу жаңы кожоюнга байланыштуу кырдаалга өз оюн билдирип, 2022-ж. апрель айында орусиялык бизнести толугу менен сатып жибергенин баса белгиледи.

Сүрөттүн булагы, SOPA IMAGES VIA ZUMA PRESS WIRE
Орус ишкерлери OBI тармагын ич ара бөлүшүп жатканда, бул топтогу гипермаркеттердин бири өрттөнүп кетти. Анын айынан компания көп миллиарддаган акчага зыян тартты. Замбиректик жана ракеталык аткылоолордон жапа чеккен Мариуполдогу ишкана азырынча миналардан гана тазаланды. Корчагин жана анын өнөктөштөрү бул көйгөйлүү активдерди (баалуу кагаздарды) өздөрүнө алышты. Алар компанияны чындап өнүктүрүү менен алек болобу, жокпу, бул – олуттуу маселе. Алардын айрымдарына инвестиция салуу анча деле пайдалуу эмес – Украина Мариуполдогу ишкананы өзүнө кайтарып алууга чечкиндүү согуштук аракет жасоодо.
Кадыровдун шериктери бул көйгөйлүү ишкананын жанына кароолдорду коюп коюшкан.
Айтмакчы, бул күзөт жаатын дагы бир Геремеев жетектейт. Чеченстандын башчысынын жардамчысы Ваха Геремеев мырза "урматтуу бир тууганым" деген кадыр-барктуу эпитетке гана эмес, аскердик жашыруун ысымга да ээ (аны жоокердик күжүрмөн байланыш маалында "Рейнжер" аталышы менен чакырышчу). (TT)
































