Эгемендик жылдарындагы миграция: экономикалык муктаждык негизги фактор
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстан эгемендик алган 32 жыл ичинде жумушсуздуктун айынан алгач ички миграция пайда болсо, кийинчерээк иш издеген жарандар сыртка агылып кете баштаган.
Ошондон бери өлкөдө тышкы миграциянын темпи абдан жогору болду.

Сүрөттүн булагы, Дина Карпицкая, kp.ru
Эгемендик жылдарында ар бир төртүнчү кыргызстандык же кеминде миллион киши Россия, Казакстан, Түркия баштаган чет өлкөлөргө жумуш издеп чыгып кетти.
Миграция: жаңы тенденция
Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта сыртта бардыгы болуп 932 миң кыргызстандык жаран мигрант катары жүрөт. Бул миграциянын агымы бир аз жайлаганынан кабар берет. Мисалы, былтыр 1 миллион 200 миңдей адам тышкы мигрант катары катталган.
Россия дагы деле кыргызстандык мигранттар эң көп агылган биринчи өлкө болуп кала берүүдө, бул жерде 548 миң кыргыз жараны иштеп жатат.
Соңку кезде кыргызстандык мигранттар Россиядан башка өлкөлөргө бет алып жатканы байкалат.
Биринчиден, буга Украинадагы согуштун чыгышы, экинчиден башка жактарда айлык акынын жогору болуп жатканы себеп болушу мүмкүн.
Мисалы, Британияга сезондук жумушка кетип кыргызстандыктар саны быйыл 6 миңге жетти. Австриядагы кыргыздар саны 10 миңден ашты, Бириккен Араб эмираттарында соңку жылдары кыргызсандыктардын саны эки эсе өсүп, 6 миңге чыкты. Учурда АКШда 50-60 миңдей кыргыз жараны бар, ал эми Түркияда 61 миңдин тегерегинде, Казакстанда 50 миңдей кыргызстандык иш алып барууда. Италияда дагы 6 миңдей кыргыздар мигрант болуп жүрүшөт.

Сүрөттүн булагы, Sputnik / Табылды Кадырбеков
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, соңку жылдары Кыргызстан тышкы мигранттарга карата саясатын бир аз башкача өңүткө бурду. Тактап айтканда, мамлекет жарандарына ирээтке келтирилген жана коопсуз миграциялык шарттарды түзүүгө аракет жасоодо:
“Аны ишке ашыруунун бирден бир механизми бул мамлекет аралык же эл аралык келишимдерин түзүүнүн негизинде ишке ашырылат. Азыркы учурда Япония, Германия, Британия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдөгү меморандумдарды түздүк. Эми мигранттарыбыз бул мамлекеттерге барып коопсуз иштеп келе алышат. Мисалы, кетип бара жаткан жумушчу алдын ала билет, кайсы жумушка орношот, айлыгы канча болот, жатаканасы барбы, авибилетин өзү алабы же чакырган тарап төлөп береби, ушундай бардык жерин тактап алгандан кийин сыртка чыкканга шарт түзүп жатабыз”.
Мамбетова миграцияга байланыштуу өлкөнүн стратегиясы 2030-жылдарга чейинки концепцияда камтылганын, мындан тышкары былтыр-быйыл миграцияга байланыштуу жети мыйзамга өзгөртүүлөр киргенин да кошумчалады.
Буга карабай статистикада кызык жагдай бар. Кыргызстан Россияга агылган эмгек күчү азайып бара жатканын айтып жаткан чакта, Россиянын статистикасы башканы айтууда. Мисалы, ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн өткөн жылы 1,7 миллион жаран Россияга келсе, анын 1 миллиону кыргызстандыктарга туура келген. Бул Россиянын Экономика министрлигинин маалыматы.
Миграция, сандар жана статистика
Мигранттар кыргыз экономикасынын кыймылдаткыч күчү делет, алар которгон акчалар ИДПнын 30% түзөт.
2023-жылдын жарым жылдынын жыйынтыгы боюнча тышкы мигранттар которгон акча которуулардын көлөмү 798 миллион доллар болду. Бул акча которуулардын көлөмү азайып бара жатканынан кабар бериши мүмкүн.
Мигранттардан акча которуулардын соңку жети жылдагы статистикасын карап көрөлү:
- 2022-жылы 2 миллиард 928 миллион 200 миң доллар,
- 2021-жылы 2 миллиард 755 миллион 900 миң доллар,
- 2020-жылы 2 миллиард 3777 миллион доллар,
- 2019-жылы 2 милилард 406 миллион 900 мин доллар,
- 2018-жылы 2 миллиард 685 миллион 400 миң доллар,
- 2017-жылы 2 миллиард 482 миллион 420 миң доллар,
- 2016-жылы 1 миллиард 991 миллион 300 миң доллар
Россияга санкциялар кирип, андан соң рублдун куну түшүп соңку айларда мигранттар которгон акчалардын көлөмү сезилердик азая түштү.

Сүрөттүн булагы, RIA NOVOSTI
2023-жылдын июнь айында мигранттар Кыргызстанга 163,5 миллион доллар которушту, бул майга салыштырмалуу 10,5 миллион долларга аз. Улуттук банкттын билдиришинче, былтыр ушул маалга карата мигранттардан түшкөн каражаттын көлөмү 1,9 эсеге түшүп кетти. Акча менен эсептегенде быйыл июнда акча которуулар 2022-жылдын июнуна салыштырмалуу 153,7 миллион долларга аз болду дегенди түшүндүрөт.
Быйылкы жылдын 6 айынын статистикасы менен карасак, жеке адамдар сырттан Кыргызстанга 704,6 миллион доллар которгон. Улуттук банк бул өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 28,5% аз экенин билдирет.
"Былтыртан баштап акча которуулардын таза агымы төмөндөп жатат. Негизинен акча которуулар Россиядан болот", - деди Улуттук банктын башкармалыгынын башчысы Медер Абдырахманов.
Мигранттар көптөн күткөн мекен-карт
Кыргыз өкмөтү 2022-жылдан тарта жарандыгын алмаштырган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген расмий макам бере баштады. Кыргыз мигранттары өзүнүн мекенине визасыз келип кетүү жана башка жеңилдиктерди жыйырма жылдан бери суранып келишкен. Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, чет өлкөнүн жарандыгын алган 600 миңдей кыргызстандык бар, “Мекен карт” алар көптөн күткөн документ болчу.
Мисалы, Бахтияр Германияда жарандык алып жашап жатканына көп болду. Ал “Мекен картты” биринчилерден болуп алган кыргызстандык:
“Мен Германиянын жараны катары Кыргызстанга бара турган болсом, 60 күнгө гана калууга мүмкүнчүлүгүм бар эле да. Мынча күндөн кийин өлкөдөн чыгып, кайра киришим керек. Же каттоодон өтүп, убактылуу кагаз документ алышым керек. Мен үчүн “Мекен карттын” биринчи эле артыкчылыгы ушунда. Канча кааласам ал жерде кала алам”.
“Мекен карт” алган жаран Кыргызстанга визасыз кирип-чыга алат. Иштөөгө, убактылуу жашоого, билим алууга жана медицина мекемелеринин кызматын колдонууга укуктуу болот. Ал тургай, өлкөдө бизнес баштап, жер тилкелерин мураска да ала алат.
Кыргыз өкмөтү мындай макамга ээ болгусу келген мигранттардын арызын алты ай ичинде карап, он жылдык мөөнөткө берип жатат.
“Мекен карт бериле баштаган соңку бир жыл ичинде 40 адам кайрылып, анын 18ине бул документ берилди”, -деди мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Айзат Туратбек кызы.

Сүрөттүн булагы, Official
Кыргыз мигранттары эң эле көп агылган өлкө – Россия, экенин айттык, бул жакка кеткен кыргызстандыктардын көбүнүн кош жарандыгы бар. Алар үчүн “Мекен карттын” муктаждыгы анча деле болбошу мүмкүн. Бирок бул Европа, Америкага кетип, кыргыз жарандыгынан чыккан мекендештер үчүн маанилүү.
“Мекен картты” биринчилерден болуп демилгелеп чыккандардын бири Жамиля Бегиева мигранттарга карата мындай документтин башка өлкөлөрдөгү тажрыйбасына токтолду.
“Мигранттарга жарандыктын толук кандуу бардык мүмкүнчүлүктүктөрүн берген Түркиянын мисалы бар. Алар жарандарын бир тараптуу эле таануу чечимин кабыл алышкан. Ал эми этностук поляктарга Польшада “Карта поляка” деген берилет. Бир жылдан кийин алардын жарандыгы таанылат. Грузияда дагы мигранттар башка өлкө жарандыгын алса да түрктөрдөй эле бир тараптуу жаран деп таанылат. А бул “Мекен карт” менен толук таанылбайт”, - де Москвадагы “Ала-Тоо” мигранттардын уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева.
Сыртка кеткен мигранттардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзам 2020-жылы эле кабыл алынган. Бирок ишке жаңыдан кирип жатат. “Мекен картты” Кыргызстан менен чектеш төрт мамлекеттен башка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө жашап жаткан мурдагы кыргыз жарандары, алардын балдары жана неберелери ала алат. Документтин коңшу өлкөлөрдөгү мекендештерге берилбей жатышы коопсуздук иштери менен байланыштуу.
Миграция: аялдар жана балдар
Кыргызстандык мигрант аялдар тууралуу кенен изилдөө буга чейин 2020-жылы жарык көргөн. Андагы маалыматтарга ылайык, кыргызстандык жалпы мигранттардын 40% аялдар түзөт. Сан менен алганда бул 300 миңге жакын негизинен репродуктивдүү курактагы кыз-келиндер. Миграция ал кыз-келиндерди үй-бүлөсүн, айрымдарын бала-чакасын таштап акча табууга аргасыз кылды.
“Миграцияга келген айымдардын арасында өз калоосу менен келгендер аз. Көбү аргасыздан гана келишет. Балдарын сагынып, куса болуп, кара жанын карч уруп иштеп, үйүнө келсе күйөөсүнүн зордук-зомбулугуна кабылып, ур-токмогун жеп, анан эмне кылар айласын таппай, ичинен сызып, ошондой бардык түйшүктү көтөрүп жүргөн аялзаты абдан көп. Мектепти бүтүп эле миграцияга агылып келген жаш кыздар бар. Келип эле, эркиндик деген ушул экен деп, туура эмес жолго адашып, кээ бирөөнүн боюна бүтүп, ата сөрөйү качып кетишкен учурлар бар. Төрөп таштап салып кетип калышпайбы, мунун эмнесин жашырабыз. Бул жакта биз айлык акысы жакшыраак үчүн жүрөбүз да. Мекенибиз өнүгүп-өссө дейт элем. Ушундай айлык акы менен иш орундары көбөйсө, ар бир мекендеш кайтып барсак, жаштарыбыз миграцияга агылбастан билимге басым койсо гана. Балдарыбыз ата-энесин сагынып бөлөк өспөсө, эне мээримине тоюп чогуу өссө деп тилейт элем”, - деди Москвада он жылдан бери мигрант болуп жүргөн кыргызстандык Назира Акпаралиевна.

Сүрөттүн булагы, Назира Акпаралиевна
Ата-эне мээриминен ажыраган мигранттардын балдарын социалдык жетим деген да термин пайда болду. Жакын тууган, кошуна колоңдун колунда калган ал балдар зомбулуктун бутасына айланып, каза болгон учурлар дагы катталган.
Өлкөдө мигранттардын тирүүлөй жетим калган балдарынын саны канча статистикада ажырым бар.
Мисалы, мамлекеттик статистика мындай 72 миңге жакын бала бар десе, ЮНИСЕФтин билдирүүсүндө ата-энесиинин бирөөсү жок балдар саны эле 199 миңге чамалайт, ал эми ата-энеси экөө тең миграцияга кеткен балдар саны 299 миңге жетет. Бул Кыргызстандагы жалпы жашы жете электердин 15% түзөт.
Жүк-200 же миграциянын курмандыктары
Жыл башынан бери Кыргызстанга сырттан 349 кыргызстандык жарандын сөөгү алынып келинди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Расмий маалыматка караганда, көбүнесе Россия, Түркия, Казакстан, АКШ, Индия жана Кореяда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын сөөгү алынып келинчү болду. Салыштырмалуу Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Нидерландия, Британия, Тажикстанда каза тапкан мигранттар аз болот.
Кыргыз өкмөтү сыртта бейажал кеткен кыргызстандыктардын сөөгүн Мекенине алып келүү үчүн быйылкы жылдын жети айында алардын жакындарына жалпы 34,6 миллион сом бөлүп берди.
2021-жылга чейин кыргызстандык кайсы өлкөдө каза таппасын ага өкмөт 50 миң сом төлөчү. Ал эми азыр өлкөнүн алыстыгына жараша төлөм ар кандай өлчөмдө каралат.
Кейиштүүсү, буга чейин сыртта жүрүп бөөдө кырсыкка кабылып, массалык түрдө каза тапкан кыргызстандыктар да болду.
2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттөн 14 кыргызстандык кыз-келин көз жумган.
2022-жылы Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгы дагы кыргызстандык 14 жарандын өмүрүн кыйган. Жол кырсыгы 21-августта Николаев районунун Праскавьина жана Новоспасское айылдарынын ортосунда, "Урал" трассасында болгон.
Кийин белгилүү болгондой маркумдар Россиянын миграциялык эрежелеринин айынан Казакстан менен чек арага "кирди-чыкты" кылганы барышкан. Ошондон улам мигранттар мындай эрежени катаал дешет.
Мигранттардын бир тобу сырткы жумуштарда, курулушта иштеп жүрүп бийиктен кулап же кран басып калып каза табышат. Ошондой эле арасында киши колдуу болгондору да жок эмес.
Экологиялык миграция – жаңы көрүнүш
Дүйнөлүк банкттын прогнозу боюнча 2050-жылга карап Кыргызстанда 200 миң адам климаттын өзгөрүүсүнөн улам жер которуп жашоого аргасыз болот. Ал эми дүйнөдө 2021-жылы эле “экологиялык” бозгундар саны 30 миллиондон ашкан. Бул ошол жылга карата согуштук аймактардан чыга качкан бозгундар санынан үч эсе көп.
Кыргызстандын өзгөчө Кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 4 миңге жакын үй-бүлө көчкү же сел орун алчу кооптуу аймактарда жашайт. Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети жакынкы жылдары бул санды дагы эселеп көбөйтө турганы шексиз.
“Климаттык миграция деген соңку кезде актуалдуу болуп жаткан маселе. Миграцияда десе элдин көбү эле экономикалык миграцияны түшүнөт, ошол факторго көңүл бөлүшөт. Соңку кезде экологиялык миграция да өз ордун таап атат. Себеби, экология алмашып, ар кандай табигый кырсыктар болуп жатат. Адамдар да коопсуз жерлерге көчүп башташты. Кыргыз өкмөтү да климаттык миграцияга өзүнүн көңүлүн буруп жатат. Жогорку Кеңеш менен бул туурасында тыкыр иш алып барып жатабыз. Ал жакта атайын депутаттык топ иштеп атат. Азыр мал да аябай көбөйүп кетти жайлоого батпай, анын айынан жер кыртышы бузулуп атат. Бак-дарактар, чөп деле селди кармайт да, азыр эчтеке кармабай баратат. Ошондон сел да жүрүп кетип атат”,- деди Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Миграция боюнча башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова.

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбор Азияда экологиялык миграция абдан аз изилденген темалардын бири.
Бишкектеги Борбор Азия университети буга чейин EACH-FOR долбоорунун алкагында бул темага кайрылып, “айлана чөйрө - миграция” деп изилдөө жүргүзгөн.
Ага ылайык, Кыргызстандагы экологиялык мигранттар булар сел, жер кыртышынын бузулганынан же суунун булганганынан улам башка жакка көчүп кеткендер. Ошондой эле уран калдыктары сакталган жайга жакын жерде жашап, анын кесепетинен коркуп башка жерге жер которгондорду да экологиялык мигранттарга киргизсек болот.
































