«Мен орустарга эч качан иштеген эмесмин» — Киев коллаборационизм үчүн жазалагандар

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Джеймс Уотерхаус, Би-Би-Синин Украинадагы кабарчысы

Татьяна
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түрмөнүн чоң залында терең санаага баткан Татьяна Потапенко

“Мен бул жакта отурганга жазыгым жок” - түрмөдө отурган адамдын кимиси болсо да мындай сөздү айтпай койбойт. Түрмөнүн комбинезонун кийип отурган Татьяна Потапенко дагы украин мамлекети ага койгон айыптарды жакын жуутпай четке кагууда.

Анын түрмөгө түшкөнүнө бир жыл болду. Ал коллаборационизм үчүн соттолгон бул түрмөдөгү 62 адамдын бири, алар абактагылардан өзүнчө кармалат.

Түрмө Днепрден алыс эмес, Татьянын шаары Лимандан болжол менен 300 км аралыкта. Донбасстагы фронт сызыгына жакын жайгашкан Лиман шаары алты ай ичинде Россиянын оккупациясында болду, 2022-жылы бошотулду.

Биз отурган бөлмөдө абактагылар үйүнө телефон чалып сүйлөшө алышат. Татьяна райондо 15 жыл бою волонтер болуп иштеп, жергиликтүү бийлик башчылары менен тыгыз мамиледе болуп келген. Эми ошондогу аткарган иштери орустар кеткенден кийин анын башына айгак болду.

Украинанын прокурорлору аны баскынчыларга кошулуп иштеп, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү сыяктуу ар кандай иштерге катышкан деп айыптады.

«Кыш бүттү, элдин колунда тамак жок, аларды бирөө жарым коргошу керек эле», — дейт ал. «Мен кары-картаңдарды карабай кое алмак эмесмин. Мен алардын колунда өстүм».

Татьяна Потапенко түрмөдө отурганга эч кандай жазыгы жок экенин айтууда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Татьяна Потапенко түрмөдө отурганга эч кандай жазыгы жок экенин айтууда

54 жаштагы бул аял — орустар менен кызматташып иштегени үчүн соттолгон дээрлик 2000 адамдын бири.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Киев согуш башталганда өзүнүн жарандары баскынчыларга жан тартып же аларга кошулуп иштебесин деп дароо коллаборационисттер тууралуу мыйзам кабыл алган.

Депутаттар бир аптадан ашык убакыт талкуулап, баскынчылар менен кызматташууну кылмыш деп Кылмыш кодексине толуктоо кабыл алышкан.

Орустар басып киргенге чейин Татьяна жергиликтүү бийлик башчылары менен кадыресе сүйлөшүп, өзүнүн жана коңшуларынын отун-суу маселесин чечип жүргөн.

Анын айтымында, жаңы орус башкаруучулары бийликке келер менен ал курбусунун тилине кирип, каат болуп жаткан дары-дармектен жардам алыш үчүн жаңы бийлик менен дагы кызматташа баштаган.

«Мен алар менен өз ыктыярым менен кызматташкан жокмун», — дейт ал.

«Мен майыптар керектүү дары-дармекке жетпей калды деп айттым. Бирөө мени видеого тартып, чыгарып коюптур, украин прокурорлору аны көрүп мени буларга иштеп жатат деп күнөөлөштү».

Лиман бошотулгандан кийин ал оккупациялык бийликте расмий кызматты ээлеп турганын күбөлөгөн документтерди сотко алып көрсөтүштү.

«Менин жазыгым кайсы? Өзүмдүн элим үчүн күрөшкөнүмбү?» — дейт ал. «Мен эч качан орустарга иштеген эмесмин. Мен аман калдым, бирок эми түрмөдө отурам».

Онисия Синюк Киевдеги адам укуктары боюнча борбордун эксперти, китепке толгон кеңсесинде
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Онисия Синюк Киевдеги адам укуктары боюнча борбордун эксперти, китепке толгон кеңсесинде

Оккупациялык бийлик менен кызматташтык жөнүндө мыйзам 2022-жылы басып кирип келаткан орус армиясына жарандар жан тартып, жардам бербесин деген максатта кабыл алынган, дейт Киевдеги адам укуктары боюнча борбордун эксперти Онисия Синюк.

«Мыйзамда ишмердиктин бардык түрү каралган, анын ичинде улуттук коопсуздукка зыян келтирбеген да иштер бар» — деди ал.

Онисия Синюк оккупанттар менен кызматташтык тууралуу мыйзам абдан кеңири чечмеленет дейт.

Россиянын басып киргенин мыйзамсыз деп айта турган болсоң дагы кылмыш болуп саналат. Ал эми жеке түрдө жардам берип же оккупациялык бийликтерге саясий жана аскердик роль аткаргандар биринчилерден болуп темир тор артына кетет.

Мындай кылмыштар үчүн катаң жаза каралган, 15 жылга чейин түрмөгө түшөт.

Синюк менен анын командасы азыркы күнгө чейин коллаборационизм үчүн соттолгон 9000 адамдын ичинен көбүнүн соттук өкүмдөрүн талдап чыгышты. Анын ичинде Татьянанын да иши бар.

«Эми оккупацияланган аймакта жашоого эң зарыл иштерди аткарган адамдар дагы бул мыйзам боюнча жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн»,-дейт Синюк.

Анын пикиринде, мыйзам чыгаруучулар оккупация шартында эки жылдан ашык жашап иштеген адамдардын жашоосунун чындыгын эске алышы керек эле.

Лиман
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Фронт сызыгына жакын жайгашкан Лимандын басымдуу бөлүгү согуштун убагында талкаланды

Биз Татьянанын оорулуу күйөөсү жана майып баласына учурашалы деп анын туулуп өскөн шаарына бардык.

Лиманга жакындап калганда согуштун жарааты кашкайып көрүнө баштады.

Имараттар талкаланган, кээ бир үйлөрдүн чатыры күбүлүп түшүп жерде жатат.

Элдин жашоосу өлбө жаным өлбө дегендей өп-чап. Кулаган мамылардан электр зымдары чубалып жатат. Ал эми башкы темир жол линиясын калың чөп басып калган.

Талаанын баарына күн карама айдалганы жашоонун бар экенин билдирет, ал эми шаардын өзү жок десе болот.

Асмандан жана жерден согула берип, дээрлик талкаланып бүткөн.

Орустар 10 км аралыкка артка чегиништи. Алар адатта 15:30 аткылап баштайт деп бизге айтышкан, биз келгенде да ушундай болду.

Татьянанын күйөөсү, 73 жаштагы Владимир Андреев аялы жок, үйдүн чарбасы каралбай калганын, уулу экөө коңшулардын жардамы менен эптеп жан сактап жатканын айтты.

«Эгер бошураак болсом, ыйлап жибермекмин», — дейт. Ал аялынын кайсы жазыгы үчүн камалып кеткенин түшүнө албай келет. (КС)

Татьянанын күйөөсү менен уулу кошуналардын жардамы менен жан сактоодо
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Татьянанын күйөөсү менен уулу кошуналардын жардамы менен жан сактоодо