Бишкекте жалпы улуттук диалог, КМШда эмдөөдө артта калган Кыргызстан

“Бир Дүйнө-КР” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, “Бир Дүйнө-КР” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова
Published

Жалпы улуттук диалог

2021-жылдын 15-ноябрында Бишкекте "Жергиликтүүдөн глобалдыкка чейинки лидерлер: өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү реформаларды илгерилетүү боюнча бийликтин, инклюзивдүү бизнестин жана КР коомчулугунун шериктештиги" темасындагы жалпы улуттук диалог болот.

Жыйынга кыргыз президентинин аппаратынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин, Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун, Акыйкатчы институтунун жана профсоюздар федерациясынын жана шериктештик уюмдардын негизги өкүлдөрү чакырылды.

Уюштуруу комитети билдиргендей, улуттук диалог "Мамлекеттик органдардын, инклюзивдүү бизнестин жана жарандык коомчулуктун ортосунда уникалдуу диалогдук форманы түзүү" максатын көздөйт.

Ошондой эле экологиялык жана социалдык экономикалык каргашаларды жеңүү үчүн бийлик органдары жана жарандык коомчулуктун ортосунда көп тараптуу шериктештиктин өзгөчө артыкчылыктуу багыттарына тийиштүү конструктивдүү дискуссияны түзүүгө бурулат.

Иш чаранын жүрүшүндө жергиликтүү коомчулуктун жүздөн ашуун лидерлери коомдук коопсуздук, саясий процесстерге аялдардын катышуусу, ресурстарга жана саясатка бирдей жеткиликтүүлүктү гендердик өңүттө илгерилетүү, азык-түлүк коопсуздугу, медициналык тейлөө, социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча көз караштары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Жалпы улуттук диалогду өткөрүү демилгеси 2021-жылдын 12-июлунда “Бир Дүйнө-КР” укук коргоо кыймылы тарабынан Кыргызстандын президентине сунуш кылынган. (КС)

Коронавируска каршы эмдөө: Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн артта

Эдил Байсалов

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов

Кыргызстан вакцинация темпи боюнча дээрлик 2 эсе артта калууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эмдөө темпи боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунда турат. Мындан улам кыргыз өкмөтү Бишкек шаарында COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча кошумча пункттарды ачканы жатат.

Ошондой эле, жакында жарандарды эмдөөгө үндөө үчүн өлкө боюнча жаңы маалыматтык кампания башталат.

Бүгүнкү күнү өлкөдө вакцинанын биринчи дозасын алган жарандардын саны 1,82 миллионго жетти. Толук эмделгендер 797 миңди түзөт.

Штабдын жыйынында облус жана шаар жетекчилерине ооруканаларда суюк кычкылтек үчүн жабдуулардын даярдыгын инвентаризациялоо тапшырылды. Ооруп калган учурда ар бир жаранга кычкылтек 50 км радиусунда жеткиликтүү болушу керектиги белгиленди.

Мындай чаралар орун албаган аймактарда коронавирустан өлүм-житим аныкталса, жергиликтүү бийлик жана оорукана жетекчилерине карата кылмыш жоопкерчилиги болору эскертилди. (EK)