Коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек менен Чүйдө

Сүрөттүн булагы, Official
Published
Соңку суткада COVID-19 илдетин жаңы жуктургандардын саны өлкө боюнча 1 миң 437ге жетти.
Бишкекте коронавирусту жаңы жуктургандардын саны (киши):
Бишкек - 924
Чүй облусунда - 142
Баткенде - 87
Ош облусунда – 85
Жалал-Абадда – 78
Ошто – 71
Ысык-Көл облусунда – 33
Таласта- 10
Нарын облусунда – 7.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 5-июлга карата коронавирустан тогуз адам каза болгонун кабарлады.
Көз жумгандардын үчөө Бишкекте, Ысык-Көлдө эки киши, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында бирден адам.
Ушу тапта ооруканаларда жаткан дагы 176 кишинин абалы өтө оор экени кабарланууда. (EK)
































