Кой-Таш иши боюнча соттолгон саясатчылар абакка которулду

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Кой-Таш" иши боюнча соттолгон Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов жана Фархад Баабиев 20-ноябрда жазасын өтөө үчүн абакка которулду. Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Жээнбеков, Ниязов жана Баабиев Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түрмөсүнө, ал эми Ирина Карамушкина Степное айылындагы аялдар абагына жөнөтүлгөн.
"Социал-демократтар" партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев бул процесс шашылыш жана соттолуучулардын укуктарын одоно бузуулар менен болду деп эсептейт. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.
Бишкек шаардык соту 23-октябрда Кой-Таш иши боюнча райондук соттун чыгарган өкүмүн дээрлик күчүндө калтырган.
3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту "Кой-Таш" иши боюнча жалпы 20дай кишиге чечим чыгарган. Ага ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сыртынан 11 жыл 6 айга кесилип, мүлкү конфискацияланган. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга соттолгон. Экс-депутат Ирина Карамушкинага сегиз жыл берилген. Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга өкүм кылынган.
Алмазбек Атамбаев 2023-жылдан бери Испанияда жашап келет. Ал 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болуп турган. 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Атамбаев 2023-жылдын 14-февралында абактан бошотулган жана эртеси күнү дарылануу үчүн Испанияга учуп кеткен. Ошондон бери Кыргызстанга келе элек.
Атамбаев сот чечимдерин сынга алган. Ал эми бийлик соттордун ишине кийлигишпегенин билдирген.




























