Путин Москвага келаткан вагнерчилерди токтотууну буйруду

Published

Владимир Путин видео кайрылуу жасап, «куралдуу козголоң уюштурган» вагнерчилерди "катаң чечкиндүү чаралардын" жардамы менен «жок кылууну» буйруганын билдирди. Бирок бул оңой иш эмес, анын бир топ себеби бар.

Танки

Сүрөттүн булагы, EPA

Биринчи проблема - «Вагнер» жеке менчик компаниясынын күчтөрү ири шаарларга кирип, жергиликтүү тургундар менен аралашып кеткен. Ростовдо вагнерчилер маанилүү аскердик жана административдик объектилерди өзүнүн көзөмөлүнө алышты, анын ичинде Түштүк аскердик округунун штабы менен мэрия да бар.

Ошондой эле алар Воронежке жакындап калганы тууралуу да кабарлар келүүдө. Андан мурда Пригожин Россиянын аскердик жетекчилигин «Вагнердин» согушкерлери турган лагерлерге ракеталык чабуул жасады деп айыптады. Ал ошондой эле өзүнүн жоокерлери үч армиялык тик учакты атып түшүргөнүн да билдирди.

Азыркы убакта вагнерчилер бир областтык борбордо турат, ал жактан карапайым жарандар эвакуация болгон эмес. Демек, президент буйруган «катаң чечкиндүү аракеттерди» шаардын жыш курулуштарынын арасында, авиация менен бронтехниканы колдонуу абдан кыйын шартта жүргүзүү керек болот.

Воронеж

Сүрөттүн булагы, Reuters

Эгер Бахмуттагы согуштан такшалган согушкерлер коргонууга өтүп Ростовдо же Воронежде согушуп кирсе эмне болот? Бул экинчи проблема.

Жеке менчик компаниянын аскерлеринин саны 25 миң чамал. Бул маалыматты көз каранды эмес булактардын бири дагы ырастаган жок, төгүндөгөн да жок.

Анын курамында мурда соттолуп түрмөдө отуруп келгендер толтура, алардын бир тобу курман болду, бир бөлүгү бошоп кетти. Ошондой эле кесипкөй жалданма согушкерлердин да бир бөлүгү курман болду.

«Медузанын» баамында «Вагнердин» курамында беш-алты миң адам болушу мүмкүн, бирок бул болжолдуу сандар. (КС)

Пригожин Россиянын аскердик жетекчилигин «Вагнердин» согушкерлери турган лагерлерге ракеталык чабуул жасады деп айыптады.

Сүрөттүн булагы, TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пригожин Россиянын аскердик жетекчилигин «Вагнердин» согушкерлери турган лагерлерге ракеталык чабуул жасады деп айыптады.

"Адилеттик маршы"

Пригожиндин басма сөз кызматы кезектеги аудио билдирүүнү таратты. Бул жолку билдирүүдө эч кандай кайрылуу, убада берүү же Орусиянын Коргоо министрлигине жана Башкы штабдын жетекчилигине басым жасоо байкалган жок.

"Эмне үчүн өлкө бизди колдоп жатат, анткени биз "адилеттик маршы" менен бара жатканбыз. Бизге алгач артиллерия, андан кийин тик учактар чабуул жасашты. Биз аларга каршы бир дагы жолу ок чыгарган жокпуз",- деп айтылган үндө.

Пригожиндикине окшош үн “Вагнер” бул жолдо эч кимди өлтүрбөгөнүн, Ростовдогу Түштүк аскер округунун штабын ок чыгарбай басып алганын кошумчалады.

Ростовдогу кырдаал

Ростов

Ростов-на-Дону аймагынын губернатору Василий Голубев шаар тургундарын үйдөн чыкпоого чакырды.

“Кырдаалга байланыштуу шаардын борборуна барбай, мүмкүн болсо үйдө калууну өтүнөм”, - деп жазды ал.

Ал ортодо коомдук каналдарда камуфляж кийген жана автоматчан адамдар тротуарга жатып алып, мээлеп жатканы тартылган видеолор пайда болду. Алар ким жана кимди бутага алып жатканы белгисиз.

Жарыяланган видеолордун бири тууралуу Орусияда чет элдик агент катары таанылган “Дождь” телеканалы алар Ростов-на-Донудагы Түштүк аскер округунун аскерлери экенин маалымдады.

Бирок алар Коргоо министрлигинин аскерлериби же “Вагнердин” согушкерлериби, белгисиз.