Навальный Москвага кайтып келгенден 2 жылдан соң орус оппозициясынын чамасы чаркпы?

- Author, Наталия Зотова
- Role, Би-Би-Си Орус кызматы
- Published
Мындан туура эки жыл мурда Алексей Навальный Германиядан Шереметьево аба майданына учуп келген. Ал түз эле чек ара көзөмөлүндө кармалган. Андан кийин саясатчыны колдоо жыйындары байма-бай өтүп, камакка алуулар жана кылмыш иштери менен аяктаган. Навальный дээрлик эки жылдан бери абакта отурат, анын көптөгөн өнөктөштөрү жана башка орус оппозиционерлери да абакка камалышты же Орусиядан чыгып кетишти.
Би-Би-Си орусиялык эң таанымал делген ондогон оппозиционерлердин окуяларынын мисалында акыркы эки жылда Орусиядагы нааразылык кыймылы кандай жарга кептелгенин баяндайт.
Алексей Навальный

Сүрөттүн булагы, YULIA MOROZOVA/REUTERS/KIRILL KUDRYAVTSEV/AFP/GETT
2021-жылы: Орусиядагы эң таанымал оппозициячыл саясатчы.
2023-жылы: катаал тартиптеги абакта отурат жана ага каршы улам жаңы сот иштери "жамалууда".
2020-жылдын акыркы айларында Навальный «Новичок» аттуу уулуу заттан улам ууландырылышынын кесепеттеринен улам Германияда дарыланган. Ошол эле учурда ал өз изилдөө тобу жана журналист Христо Грозев менен бирдикте өз өмүрүнө кол салуу далаалатын иликтеген.
"(Атажуртка) кайтсамбы же жокпу? деген суроо менин алдымда эч качан турган эмес. Анын жөнөкөй эле себеби – мен эч кайда кеткен эмесмин. Өзүм эстен танып, жандандыруу жабдуусунун кутусунда жаткан бойдон Германияга жетки рилген экенмин. Анын бир гана себеби бар: мени өлтүрүп салууга далаалат жасашкан, – деп ошол кезде Навальный интернеттеги коомдук баракчасына жазган болчу. – Мен эптеп тирүү калдым. Эми болсо мени өлтүрүүгө буйрук берген Путин бункери н жаңырта улам чаңырып, малайларына менин кайра кайтпай калышым үчүн бар аргаңарды жасагыла, деп айтып жатат”.
Москвага кайтып келгенден кийин Навальныйга бийликтер алгач "Ив Роше" менен байланыштуу эски иши боюнча мурдагы шарттуу өкүмдү чыныгы абактык жазага алмаштырышты. Андан соң шайлоочулардын кайрымдуулук каражатын алдамчылык менен пайдалануу жана сотту сыйлабагандыгы боюнча жаңы сот өкүмү кошулду. Бул өкүм күчөтүлгөн тартиптеги дагы 9 жыл абактык мөөнөттү анын мойнуна илди. Навальныйга каршы дагы бир козголгон иш (ашынган топторду түзгөн деген доо боюнча иш) жаатында тергөө амалдары жүрүп жатат.
Учурда болсо бул саясатчы күчөтүлгөн тартиптеги абакта кармалууда. Мында ал абактык күрмөнүн топчусу бүчүлөнбөй калган сыяктуу майда-чүйдө шылтоолор менен улам-улам жазалоо бөлмөчөсүнө жаткырылып жазаланып келет.
Ал ден соолугунун начардашына жана өтө оор шартка байланыштуу даттанды: мисалы, Навальныйдын айтымында, ал жаткан бөлмөгө каңырсып сасык жыттанган башка бир абактагы кишини киргизишкен, ал эми коңшу бөлмөдө болсо тынымсыз кыйкыра берчү психикалык оорулуу киши жайгаштырылган.
Любовь Соболь*

Сүрөттүн булагы, MAXIM SHIPENKOV/EPA/TASS/SOBOLLUBOV/INSTAGRAM
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2021-жылы: Навальныйдын камакка алынышына каршы жыйындардан кийин ал тергөөгө алынып жатты.
2023-жылы: бозгундукта жүрөт.
Соболь айым Навальныйдын кеңсесинде укук адиси болуп иштей баштаган. Ал анын тобуна 2011-жылы биринчилерден болуп кошулган. Жапырт нааразылык чаралары менен коштолгон 2019-жылдагы Москва шаардык Думасына шайлоо өнөктүгүнөн бери ал таанымал оппозициялык саясатчыга айланган. Анын шайлоо тизмесине көз карандысыз талапкерлерди киргизүүнү талап кылган ачкачылык чарасы жалпы нааразылык кыймылынын негизги учурларынын бири болуп калды.
Навальный Орусияга кайтып келгенден кийин Соболь "санитардык иш" боюнча доого кабылды: 2021-жылдын январында Навальныйды колдогон нааразылык жыйынына чыгууга чакыргандардын бардыгы тең дал ушул иш боюнча шектүү деп табылышкан жана аларга каршы иш козголгон; демек, каалйыкты жыйынга үндөгөн Соболь жана башкалар, Орусиянын тартип сактоо органдарынын өкүлдөрүнүн айтымында, элди тиешелүү аймактагы "санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузууга үндөшкөн".
Ал айымды бир жарым жылга эркиндигин чектөө тууралуу өкүм чыгарышты. Бул өкүм башка талаптардын ичинде анын өлкөдөн чыгуусуна карата тыюуну да камтыйт. Бирок, өкүм күчүнө кире электе жана өзүнө карата баш коргоо чарасы алынып салынган тапта, Соболь айым эптеп Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Азыркы тапта ал Европада жашайт, "Navalny LIVE" аттуу YouTube каналында иштеп келет. Орусияда Соболь айым издөөгө алынган жана Каржылык мониторинг боюнча федералдык кызмат (Росфинмониторинг) аны ашынгандардын (экстремисттердин) жана террорчулардын тизмесине киргизген.
Мария Алёхина

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL TERESCHENKO/TASS/ROBERTO RICCIUTI/GETTY IM
2021-жылы: Навальныйдын камакка алынышына каршы жыйындардан кийин ал үй камагында болгон.
2023-жылы: бозгундукта.
Pussy Riot тобунун бул катышуучусу да "санитардык иш" боюнча айыпталгандардын арасында болгон: 2021-жылы ал калайыкты Навальныйды колдоо иш-чарасына келүүгө үндөп, анын айынан кишилердин бөөдө жерден коронавирус жуктуруп алышынын коркунучу туулган, деген доого кабылган.
Мария Алёхина 2021-жылдын январынын аягында үй камагына камалып, ал эми сентябрда ага карата бир жылга эркиндигин чектөө тууралуу өкүм чыккан.
Ал эми 2022-жылдын жазында бул жеңил жаза чыныгы абактык мөөнөткө алмаштырыла тургандыгы белгилүү болгондо, Алёхина айым чет өлкөгө качып кеткен. Ал өз үйүнөн Delivery Club фирмасынын азык ташуучусунун кызматтык кийимин кийип алып, аңдыгандарды жазгырып чыгып кетүүгө үлгүрдү: үйдүн кире беришиндеги "сырткы" бакылоочулар аны эч байкабай калышты. Алёхина айым Европага Беларус өлкөсү аркылуу жетип алган. Азыркы маалда ал айым Pussy Riot тобунун курамында дүйнө жүзүн кыдырып, концерттерге катышып келет.
Олег Степанов

Сүрөттүн булагы, MOSGORSUD PRESS SERVICE/STEPANOV PERSONAL ARCHIVE
2021-жылы: Навальныйдын камакка алынышына каршы жыйындардан кийин ал тергөө амалдарына кириптер болду.
2023-жылы: бозгундукта.
Навальныйдын Москвадагы кеңсесинин (бул уюм соттун чечими менен жоюлган, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) жетекчиси О.Степанов Навальный кайтып келгенден кийин дароо эле “санитардык иш” боюнча доого кабылып, бир нече ай үй камагында отурган.
Сот Олег Степановду 2021-жылы январда Алексей Навальныйды колдоо жыйыны учурунда калайыкты санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузууга үндөгөн деген доо боюнча күнөөлүү деп тапты. Ошол эле жылдын күзүндө Степанов бир жылга эркиндигин чектөө тууралуу өкүмгө кабылган. Бирок жарандык коомдун бул жигердүү өкүлү эптеп Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүрдү.
Ушул тапта Орусияда ага издөө жарыяланган жана 2022-жылдын июнь айында Степановдун сыртынан жүргөн сот отурумунда анын эркиндигин чектөө тууралуу өкүм чыныгы абак мөөнөтү менен алмаштырылган.
Лилия Чанышева

Сүрөттүн булагы, DMITRY LOBANOV/RTVI/CHANYSHEVA PERSONAL ARCHIVE
2021-жылы: Навальныйдын Уфа (Өфө) шаарындагы штабынын жетекчиси.
2023-жылы: сотко чейинки убактылуу абакта отурат; ал 18 жылга чейинки мөөнөткө абактык жазага дуушар болушу ыктымал.
2017-жылы Навальный мырза Орусиянын президенттигине талапкерлигин койгондо, Чанышева айым Deloitte аттуу ири консалтингдик компаниядагы өз карьерасын таштап, Навальныйдын штабынын (бул уюм соттун чечими менен жоюлуп, анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) Уфадагы аймактык кеңсесине башчылыкка келген.
2021-жылдын апрелинде Навальныйдын штабы ашынган уюм деп табылган. Навальныйдын жер-жерлердеги түзүмдөрү мурдагы кызматкерлерди курулай айыптоодон коргоо үчүн уюм кеңсеси катары өздөрүнүн жабылганын жарыялашты. Бул аргадан эч майнап чыккан жок: ошол жылы ноябрда Лилия Чанышева мурдагы штабдын жетекчиси катары «ашынган уюм менен кызматташкан» деген доого кабылды. Ал бир жылдан ашык убакыттан бери сотко чейинки убактылуу абакта (СИЗО) сот жүрүмүн күтүп жатат. Эгерде сот аны күнөөлүү деп тапса, анда ал айым 18 жылга чейин абактык жазага кабылышы ыктымал.
Навальныйдын штабынын көптөгөн багыттоочу өкүлдөрү Орусиядан чыгып кетишкен, ал эми өлкөдө калгандардын ичинен ондон ашууну тергөөдө жооп беришүүдө.
Илья Яшин**

Сүрөттүн булагы, STANISLAV KRASILNIKOV/TASS/YURI KOCHETKOV/AFP/GETT
2021-жылы: Москва шаарынын муниципалдык жыйналышынын башчысы.
2023-жылы: 8,5 жылдык абактык мөөнөткө эркинен ажыратылды.
Илья Яшин – нааразылык кыймылына өзүнүн 20 жылдан ашык өмүрүн арнаган оппозициялык саясатчы, Борис Немцовдун досу жана 2017-жылы Москванын Красносельский районунда өткөн шайлоодо жеңген муниципалдык депутат.
Яшин мырза негизинен өлкөдөн чыгып кеткиси келген эмес. Ал түгүл Яшин мырза орусиялык аскерлер Украинага толук деңгээлде басып киргенден кийин дагы өз мекенин таштап кеткен эмес. Ал орун алып жаткан соңку окуялар тууралуу YouTube каналында баяндай берүүсүн уланткан. Яшин мырза Украинадагы Буча шаарында орусиялык баскынчы аскерлер тынч жаткан карапайым калайыкты өлтүргөндүгү тууралуу чагылдырып айтканы үчүн камакка алынып, сегиз жарым жылдык абактык мөөнөткө эркинен ажыратылган.
Евгений Ройзман**

Сүрөттүн булагы, BBCVYACHESLAV PROKOFIEV/DONAT SOROKIN/TASS
2021-жылы: саясатчы, Екатеринбургдун мурдагы мэри.
2023-жылы: ал сот жүрүмүн күтүүдө.
Навальный Шереметьево аба майданында камакка алынганда, Екатеринбургдун калкы үчүн сүймөнчүктүү болуп турган оппозициячыл саясатчы, шаардын мурдагы мэри Евгений Ройзман өзү да нааразылык чарасына чыккан. Украинага каршы ар тараптуу согуш башталгандан кийин деле ал Орусиядан чыгып кетүүдөн баш тартып, өкмөттү сындоосун уланткан. 202-жылы жазында ал "орусиялык аскерлерди жаманатты кылды" деген доо боюнча бир нече жолу каржылык айыпка жыгылган. Бул каржылык жаза беренеси – орусиялыктар согушту сындаганы үчүн жазаланып жаткан стандарттык берене. Андан тышкары Ройзман мырза бийликти сыйлабаганы үчүн дагы каржылык айыпка жыгылды: ал интернеттеги коомдук тармактарда тышкы иштер министри Лавровдун сөздөрүн какшыктаган пикирлерин жарыялап турган.
2022-жылы августтун аягында бул саясатчы аскерлерди жаманатты кылган деген доо боюнча кылмыш беренесине байланыштуу кармалган. Кылмыш-жаза беренеси администрациялык берене боюнча (Орусия Федерациясынын Администрациялык укук бузуулар жөнүндө кодексинин 20.3.3-беренеси) ушул сыяктуу мыйзам бузуулардан кийин гана кошулат, анын негизинде Ройзман мырза март жана апрель айларында 50 миң рубль көлөмүндөгү акчалай айыпка үч жолу жыгылган.
Азыркы тапта Ройзман сот жүрүмүн күтүп жатат: ага интернет колдонууга жана коомдук жайларга барууга тыюу салынган.
Андрей Пивоваров

Сүрөттүн булагы, PIVOVAROV PERSONAL ARCHIVE/NATALIA KAZHAN/TASS
2021-жылы: Орусияда муниципалдык депутаттардын курултайын уюштурган.
2023-жылы: 4 жылга абакка эркинен ажыратылган.
Андрей Пивоваров мырза – Михаил Ходорковский негиздеген «Ачык Орусия» уюмунун аткаруучу директору. Орусиянын Мамлекеттик думасы 2021-жылдын май айында бийликтер үчүн ылайыксыз (зыяндуу) делген уюмдар боюнча мыйзамды катаалдаштыруу үчүн чогулганда, "Ачык Орусия" уюму өзүн-өзү жоюуну чечип, уюмдагы бардык мүчөлөрүн мүчөлүктөн чыгарып салды. Бул соңку кадамы менен бул уюм өз мүчөлөрүн келечектеги кылмыш иштеринин коргоп калдык ко деп үмүттөнгөн.
Бул кыймылды жоюу тууралуу 2022-жылы 27-майда жарыяланып, андан эки күндөн кийин эле Андрей Пивоваров Варшавага багыт алган жаткан учактан чыгарылып алынды. Бийликтер аны ылайыксыз уюмду жетектеген деген доого байланыштуу камакка алышты.
Пивоваров мырза сотко чейинки убактылуу абакта кезинде “Яблоко” партиясынын Краснодардагы тизмеси боюнча Мамлекеттик Думага талапкер катары ат салышкан. Учурда ал төрт жылдык мөөнөтүн абакта өтөп жатат.
Владимир Кара-Мурза**

Сүрөттүн булагы, MIHAIL SIERGIEJEVICZ/SOPA IMAGES/NATALIA KOLESNIKO
2021-жылы: орус оппозициясынын Батышта таанымал болуп калган өкүлү.
2023-жылы: сотко чейинки убактылуу абакта отурат; бийликтер тарабынан ал бир нече берене боюнча, анын ичинде мамлекеттик чыккынчылык доосу боюнча, шектүү деп саналууда.
Кара-Мурза мырза АКШга көп каттап жүрдү. Ал Магнитскийдин тизмесин түзүүгө көмөктөшкөн жана батыш саясатчылары менен байланышып турган айдың. Бул үчүн 2022-жылы Кыргызстандын күч органдары аны куугунтуктай башташкан.
Кагаздагы жазуу түрүндө Кара-Мурза "аскердик фейк" иши боюнча камакка алынган. Тергөөнүн чечиминде 2022-жылдын 15-мартында Аризона штатынын Өкүлдөр палатасында чыгып сүйлөп, Кара-Мурза орусиялык аскерлер Украинадагы турак жайларды, төрөт үйлөрүн, ооруканаларды “саясий жек көрүүчүлүк эпкини менен” бомбалап жатат, деген “атайылап даярдалган жалган маалымат” камтылган сөзүн айтып чыккан деп көрсөтүлөт.
Азырынча ал сотко чейинки убактылуу абакта алгачкы иш боюнча соттук териштирүүнү күтүп жатат. Эми ага каршы улам жаңы кылмыш иштери козголууда. Оболу, ага «ылайыксыз» делген уюмдун ишине катышкандыгы үчүн доо коюлса, эми болсо эң оор доо – чыккынчылык доосу – пайда болду.
Лев Шлосберг

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR GERDO/TASS/ARTYOM AVANESOV/YABLOKO PRESS
2021-жылы: Псков облустук депутаттар жыйынынын депутаты.
2023-жылы: "Яблоко" уюмунун Псков бөлүмүнүн жетекчиси.
Псковдук саясатчы Шлосберг мырза көптөн бери “Яблоко” партиясынын эң жаркын өкүлдөрүнүн бири катары сөзгө алынып келген. Ал «Яблоко» партиясынын Псков бөлүмүнүн төрагасы катары бир нече жолу облустук парламентке депутат болуп шайланган. Азыркы маалда ал – алигиче Орусияда кала берип жаткан жана керт-башы эркин жүргөн өп-чап сандагы оппозициячы саясатчылардын бири. Лев Шлосберг мырза "Яблоко" партиясынын Псков бөлүмүндөгү башка мүчөлөрү менен бирге "ГражданинЪ TV" аттуу YouTube каналында жергиликтүү көйгөйлөр жана дүйнөлүк жаңылыктар, анын ичинде Украинадагы согуш тууралуу баяндап келишет. (TT)
P.S.
* Орусиянын Адилет (Юстиция) министрлиги бул сыяктуу маалымат каражаттарын "чет элдик агент" деп эсептейт.
** Орусиянын Адилет (Юстиция) министрлиги бул сыяктуу инсандарды "чет элдик агент" деп эсептейт.
































