Кыргызстан зергерлери: көйгөйлөр, жеңилдиктер жана экспорттук мүмкүнчүлүктөр

Сүрөттүн булагы, Facebook
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жакында эле кыргызстандык зергерлер сырттан ташыла турган чийки затка төлөнө турган кошумча нарк салыгынан бошотулду. Салык кызматы мындай жеңилдик зергерчиликти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, көмүскөдөгү ишмердикти азайтат деп үмүт артууда.
Мамлекет бул тармакты экономиканын келечектүү багыттарынын бири катары көрсөткөнү менен Кыргызстандын зергерлик ишканалары чет өлкөлүк атаандаштар менен тең тайлашып, продукцияларын ири көлөмдө экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө али жетише элек.
"Жакшы жолго коюлган эмес"
Зергерлердин абалы жана рынок шартындагы күч алган атаандаштык, кыйынчылыктар тууралуу көп жылдардан бери эмгектенип келе жаткан адистердин бири менен маектештик.
Нурбек Касымбеков Кыргызстанда алгачкылардан болуп негизделген зергерчилик ишканалардын биринин жетекчиси.
Он жылдан ашык убакыттан бери бул ишкана алтын жана күмүш сыяктуу баалуу металлдардан зер буюмдарын жасап, ички рынокко сатып келет.
Касымбековдун айтымында, Кыргызстанда зергерлик совет мезгилинде дагы, кийин да жетиштүү деңгээлде жолго коюлбаптыр.
Ал мамлекет тарабынан тармакка жетиштүү көңүл бурулбаганы жана мыйзамдардын ылайык иштелип чыкпаганынан улам ушундай абал түзүлүп калды деп эсептейт.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"2013-2014-жылдары даяр зер буюмдарды импорттоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлүп, Түркия, Дубай, Орусия сыяктуу өлкөлөрдөн көп алтын буюмдары келе баштаган. Атаандаштык күчөп, көптөгөн жергиликтүү ишканалар туруштук бере албай, жабылып калды. Эми гана, соңку эки жылдын ичинде, тармак акырындап буттан туруп келе жатат. Мыйзамдар жолго коюлуп, тиешелүү токтомдор кабыл алына баштады", – деди ал.
Нурбек Касымбеков жетектеген ишкана жылына болжол менен 3 миллион сомдон ашык суммадагы зер буюмдарын өндүрөт.
Айтымында, өндүрүлгөн продукциянын басымдуу бөлүгү ички рынокто сатылып, бир азы гана Казакстанга экспорттолот.
Касымбеков сырттан чийки зат алып келүү чоң чыгымдарды талап кылгандыктан, Кыргызстандагы ишканалардын көбү кайра иштетүү ыкмасын колдонорун белгилейт.
"Эски зер буюмдарды адамдар алып келип тапшырышат. Биз аларды эритип, тазалап, кайрадан жаңы буюмдарды жасайбыз. Бирок бул оңой процесс эмес. Алгач таштарынан ажыратып, сорттоо керек. Андан соң, алар таза алтын же күмүш болбогондуктан, курамындагы башка металлдарды бөлүп алуу үчүн атайын технологиялар менен кайрадан толук эритип, тазалоо зарыл. Бул көп убакытты, эмгекти жана так иштөөнү талап кылган түйшүктүү процесс. Андан тышкары, эритүү жана металлдарды бөлүп алуу үчүн ар кандай атайын кислоталарды сатып алуу керек болот",- дейт Касымбеков.
Кыргызстандын экономикасында баалуу металл, өзгөчө алтын, өндүрүү маанилүү орунду ээлейт.
"Кумтөр" баштаган ири жана чакан ишканалар ондогон жылдардан бери бул багытта иш алып барып келет.
Кезинде президент Садыр Жапаров дагы алтынды ички рынокто жүгүртүү маселесине көңүл буруп, жарандарды куймаларды сатып алууга чакырган.
Улуттук банк дагы 1 граммдан 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алууга шарт түзүлгөнүн маалымдаган.
Мындан улам, өлкөдө алтын казылып жатканына карабастан, зергерлер эмне үчүн жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн жогорку пробадагы алтын жана күмүштү сатып албайт деген суроо жаралат.
Нурбек Касымбековдун айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн таза алтын жана күмүш зергерлерге дүйнөлүк баадан кыйла кымбат сатылат.
"Кыргызстанда кен байлык өндүрүүчүлөрдөн зергерлердин баалуу металл сатып алуу боюнча иштөө механизми жакшы жолго коюлган эмес. Алтын өндүрүүчүлөр негизинен продукцияларын дүңүнөн экспортко чыгарууга кызыкдар, ал эми зергерлерге болсо металл аз көлөмдө гана талап кылынат. Ошондуктан өндүрүүчүлөр бизге граммдап сатууга кызыкдар эмес. Учурда аз көлөмдөгү стандарттык куймалар сатылып жатканы менен алардын баасы дүйнөлүк баадан 5-8 пайызга кымбат. Бул алардын ички эрежелерине ылайык ушундай коюлган экен. Мындай шартта жергиликтүү алтынды колдонуу бизге пайдалуу эмес. Анткени чыгым жогорулап, өндүргөн продукциябыздын атаандаштыкка туруштук бере албай калуу коркунучу бар. Ошол эле учурда, баалуу металлдарды сырттан ташып келүү дагы биз үчүн кымбатка турат. Дүйнөлүк баа менен сатып алып, ага жол кире, бажы төлөмдөрүн кошкондо, анын баасы андан да жогорулап кетет", – деди ал.
Адистердин айтымында, Кыргызстанда зергерлик үчүн негизинен алтын менен күмүш колдонулат.
Мындан тышкары, агат, карал, малахит сыяктуу өтө кымбат эмес таштар да зер буюмдарын жасоодо пайдаланылат.
"Ири көлөмдө эксопртко чыга элек"

Сүрөттүн булагы, Facebook
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда зергерчилик тармагында миңден ашуун субъект иш алып барат.
Алардын ичинде 300гө жакын ломбард, 600дөн ашуун зер буюмдарды саткан дүкөн, 150гө жакын оңдоо устаканасы жана зер буюмдарын даярдоочу 38 ишкана бар.
Зергерлер жана ишкерлер биримдигинин президенти Сталбек Акматовдун айтымында, 2024-жылы болжол менен 150 миллион сомдук зер буюмдар өндүрүлгөн. Бул акыркы жылдардагы эң мыкты көрсөткүч катары бааланган.
Бирок, компаниялардын чет мамлекеттерге экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бойдон калууда.
"Азырынча бир эле компания Орусияга экспорттойт. Анча-мынча Казакстанга чыга калат. 95 пайыз ички рынокко сатылат. Тыштан өнөктөш таап, ири көлөмдөгү буйрутмаларды алууга азырынча жетише элекпиз. Бирок ошого бара жатабыз",- деди ал.
Айтымында, тыштан ташылып келчү чийки заттарга кошумча нарк салыгын алуп салуу талабы ишкерлер чөйрөсү тарабынан бир топ жылдан бери айтылып келген.
"Бул туура чечим болду. Эми ишканалар 2-5 жылдын ичинде өзүнүн жакшы жемишин бере баштайт. Кээде коңшу мамлекеттердин биржаларында алтындын наркы дүйнөлүк баадан да төмөн сатылып калат. Мына ушундай учурларда ишкерлер үчүн сатып алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет. Андан тышкары, иш алып барууну көздөгөн ички жана тышкы инвесторлор үчүн да чоң артыкчылыктар жаралат. Эми алар дагы кызыгып баштайт. Алар биринчи эле "Мен кандай пайда көрөм?",- деп сурайт. Мына ушундай учурда салыктан бошотуу жакшы стимул болуп берет", – деди Акматов.
Айтымында, Кыргызстанда баалуу зер буюмдарды жасоо үчүн чийки зат тыштан дээрлик ташылып келбейт. Кошумча нарк салыгынын алынып салынышы сырьёну сырттан алып келүүгө чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
"Себеби, 12 пайыздык кошумча нарк салыгын төлөгөндө баалар өтө кымбаттап кетет. Бир жылдары кайсы бир компания сырьёну сырттан ташып келип, чыгымдарын актабай, банкрот болгонун уккам. Ошондуктан, буга чейин эч ким чийки зат алып келүүгө батынган эмес. Эми жол ачылды жана сырьё келе баштайт", – деди ал.
Зергерлер жана ишкерлер биримдигинин маалыматына ылайык, учурда бул тармактын 60 пайызы көмүскө экономикада турат.
Мындай салыктык жеңилдиктер тармактын мыйзамдуу ишөөсүнө жакшы шарт түзөт.
"Эркин айланышы керек"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сталбек Акматов бул тармактын ишин жакшырттуу үчүн мамлекет тарабынан аткарыла турган бир топ иштер бар экенин айтат.
Ал зергерлик ишканаларынын алтын сатып алуудагы тынчсыздануусун жүйөлүү деп эсептейт жана Кыргызстанда баалуу металлдар эркин жүгүртүлбөйт дейт:
"Маселен, акча алмаштыруучу жайлардан каалаган валютаны каалаган убакта сатып алабыз. Алтынга дагы ушундай эле шарт түзүлүшү керек. Алыс барбай эле Казакстанды карасак, аларда ар бир акча алмаштыруучу жайда граммдалган алтын куймалары сатылат. Жарандар алмаштыруучу пункттардан баалуу металлды сатып алып, зер буюм жасатуу үчүн устаканаларга алып бара алышат. Кыргызстанда дагы ушундай система болушу зарыл. Биз бул маселени канча жылдан бери көтөрүп келебиз. Зергерчилик тармагына байланыштуу 2025–2028-жылдарга карата иш-чаралардын планы иштелип чыгып жатат, анда эң биринчи ушул маселени көтөрдүк", – деди ал.
Салык кызматы эмне дейт?
Салык кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин жергиликтүү зер буюмдарын өндүрүүчү ишканалар 2027-жылга чейин кошумча нарк салыгы боюнча 80 пайыздык жеңилдик алышкан.
Мындан тышкары, керектүү заманбап жабдыктарды сырттан ташып келүүдө да бул салык түрүнөн бошотулган.
14-февралдан тартып Кыргызстанда зергерлик тармагына колдонуу үчүн импорттолгон металл камтылган рудаларга, концентраттарга, эритмелерге жана аффинаждалган металлдарга кошумча нарк салыгы алынбайт.
"Бул зергерлик тармагын өнүктүрүү үчүн берилген абдан жакшы жеңилдик. Мамлекет алардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүп жатат. Мындай жеңилдиктер өндүрүштүн көлөмүнө, баасына жана экспорттун өсүшүнө оң таасирин тийгизиши керек", – деди Салык кызматынын өкүлү Улан Мусаев Би-Би-Сиге берген маегинде.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда зер буюмдарды өндүргөн 38 ишканадан жыл сайын болжол менен 25 миллион сом салык чогулат.
Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирбеген Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен (КМШ) Кыргызстанга 2023-жылы зер буюмдарын өндүрүү үчүн болгону 85 миң сомдук чийки зат импорттолгон, 2024-жылы такыр келген эмес.
КМШдан тышкаркы мамлекеттерден 2023-жылы 550 миң сомдук чийки зат сатылып алынган болсо, 2024-жылы бул көрсөткүч 2 миллион 300 миң сомго жеткен.
ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдөн 2023-жылы 818 миллион сомдук чийки зат импорттолгон болсо, 2024-жылы бул сумма 716 миллион 500 миң сомду түзгөн.
Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, 2024-жылдын январынан декабрына чейин Орусия, Казакстан жана Британиядан жалпы 28 000 грамм алтын импорттолгон.
Мындан тышкары, Орусия жана Германиядан 2 798 грамм күмүш алып келинген.
































