"75чилердин иши" боюнча сотто журналисттерге видеого тартууга уруксат берилди

15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин иши" деп аталган соттук отурум ачык өтө баштады. Ага келген айыпталуучу Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берген жок.
Сотту 15-июндан тарта ачык өткөрүү чечими 11-июндагы сот жараянында кабыл алынган. Ага ылайык, журналисттерге сотко кирүүгө уруксат берилди.
Адвокат Акынбек Ногоев журналисттерге сот жараянын видеого тартууга уруксат берүүнү судьядан өтүндү.
Анын өтүнүчүн башка адвокаттар да, айыпталуучулар да колдоду.
Адвокат Икрамидин Айткулов жараянды онлайн режимде көрсөтүүнү суранды.
Ал эми прокурорлор аудио жазууга гана уруксат берип, видеого тартууга каршы экенин айтышты. Буга иште жашыруун күбөлөр бар экени менен негиздешти.
Жыйынтыгында судья журналисттерге видеого тартууга уруксат берди.
Узакбаевдин саламаттыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү
Сотто айыпталуучу Эмилбек Узакбаевге саламаттыгына байланыштуу соттук-медициналык экспертиза дайындоо жана үй камагына чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Муну адвокат Икрамидин Айткулов, айыпталуучулар Курсан Асанов жана Курманкул Зулушевдер айтты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Сотто катышуучулардын, тараптардын тең укуктуулугун сактоо сиздин милдет. Канча процесс болсо, анын жарымы ушул аксакалдын ден соолугуна байланыштуу баш коргоо чарасы жөнүндө сөз болуп жатат. Баарыбыз көрүп турабыз: ооруп жатат. Өткөндө Дыйканбаевге жөлөнүп, сот процессине катышып жатат. Ал сотто өзүн-өзүн коргоо, суроо берүү, ким эмне деп сүйлөп жатат, баа берүүго бул кишинин азыр мүмкүнчүлүгү көрүнбөйт. Бул кабыл алынган чечимге да таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан баарыбыз, менде да сот тез каралып бүтүшүнө кызыкдарбыз. Сотту тез-тез жылдырабыз десек, соттук-медициналык экспертиза дайындап бериңиз. Дарыгерлер карасын. Үй камагына чыгып, дарылансын", - деди Курманкул Зулушев.
Эмилбек Узакбаевге өткөн жумадагы сотто саламаттыгына начарлап, дарыгерлер чакырылган.
Коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон бул кылмыш иши боюнча жалпысынан сегиз мурдагы жогорку кызматтагы аткаминер жана саясатчы айыпталууда. Аларга "бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
Учурда айыпталуучулардын ичинен УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев жана экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу соттун чечими менен эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде эркиндикте жүрүшөт. Ал эми калган беш шектүү үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан бери камакта кармалууда.































